ҮЧ БУРЧТУК: БАЛАНЫН КЕЛЕЧЕГИ КИМДИН КОЛУНДА?

  • 14.04.2026
  • 0

Бүгүнкү күндө коомдогу агрессия, мектептеги чыр-чатактар жана жаштар арасындагы жоопкерчиликсиздик — бул жөн гана кокустук эмес, бул тарбия системасындагы боштуктун натыйжасы. ЖКнын депутаты, педагогика илимдеринин кандидаты  Токтобүбү АШЫМБАЕВА менен бала тарбиясындагы эң маанилүү «алтын үч бурчтук» — мектеп, үй-бүлө жана коомчулуктун байланышы тууралуу маектештик.

ҮЧ БУРЧТУК: БАЛАНЫН КЕЛЕЧЕГИ КИМДИН КОЛУНДА?

Токтобүбү Авасовна, балдардын туруктуу социалдык көндүмдөрүн калыптандыруу маселеси өзгөчө актуалдуу. Негизи кайсы көндүмдөргө басым жасоо керек? Алар кайсылар?

— Азыркы коомдо билим берүү системасынын негизги милдеттеринин бири – балдардын интеллектуалдык гана эмес, ошондой эле социалдык жактан да толук кандуу өнүгүүсүн камсыз кылуу болуп саналат. Коомдун тез өзгөрүшү, социалдык мамилелердин татаалдашуусу жана маалыматтык технологиялардын кеңири жайылышы балдардын социалдык чөйрөгө ийгиликтүү ыңгайлашуусун талап кылат. Мындай шартта балдардын туруктуу социалдык көндүмдөрүн калыптандыруу билим берүү процессинин маанилүү багыттарынын бири болуп калууда.

Акыркы мезгилде Кыргызстанда балдардын жүрүм-турумуна, тарбиясына жана социалдык көндүмдөрүнүн калыптанышына байланышкан бир катар кооптондуруучу окуялар коомчулукта кеңири талкууга алынууда. Мисалы, айрым мектептерде окуучунун мугалимге кол көтөргөн учурлары катталып, кээ бир учурларда, тескерисинче, мугалимдердин окуучуларга карата күч колдонгон фактылары да коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болгон окуялар да жаштар арасындагы агрессия, жоопкерчиликсиздик жана социалдык жүрүм-турумдагы көйгөйлөрдүн бар экендигин көрсөтүп турат. Бул көрүнүштөр бир жолку же кокустук окуя эмес, тескерисинче, коомдогу тарбия системасында айрым кемчиликтердин бар экенин айгинелейт.

Мындай жагдайлар балдардын туруктуу социалдык көндүмдөрүн калыптандыруу маселеси өзгөчө актуалдуу болуп жатканын көрсөтөт. Социалдык көндүмдөр – бул адамдын коомдо туура баарлашуусу, жоопкерчиликти сезүүсү, башкаларды урматтоосу жана конфликттик кырдаалдарды тынч жол менен чечүүгө жөндөмдүүлүгү. Эгер бул көндүмдөр бала кезинен туура калыптанбаса, анда өспүрүм куракта агрессия, тартип бузуу же коомдук нормаларды кабыл албоо сыяктуу көрүнүштөр пайда болушу мүмкүн. Демек, бул маселе бир гана мектептин эмес, үй-бүлөнүн жана жалпы коомчулуктун да жоопкерчилигин талап кылат.

Балдардын социалдык тарбиясында мектеп, үй-бүлө жана коомчулуктун ортосундагы өнөктөштүк өзгөчө мааниге ээ. Мектеп билим берүү менен катар тарбиялык ишти жүргүзсө, үй-бүлө баланын алгачкы социалдык чөйрөсү болуп эсептелет. Ал эми коомчулук, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана маданий институттар жаш муундун баалуулуктарын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт. Бул үч тараптын биргелешкен, максаттуу иш-аракети гана балдардын жоопкерчиликтүү, адеп-ахлактуу жана коомго пайдалуу инсан болуп калыптанышына шарт түзөт.

Ошондуктан бүгүнкү күндө балдардын туруктуу социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүү маселеси билим берүү системасында гана эмес, жалпы коомдук деңгээлде каралышы керек. Мектеп, үй-бүлө жана коомчулуктун ортосундагы тыгыз кызматташтык күчөгөндө гана жаштар арасындагы агрессия, тартип бузуу жана социалдык жоопкерсиздик сыяктуу көйгөйлөрдү азайтууга болот. Бул болсо келечекте коомдун туруктуу өнүгүшүнө жана жаш муундун туура тарбияланышына негиз түзөт.

Социалдык көндүмдөр – бул инсандын коомдогу башка адамдар менен эффективдүү өз ара аракеттенүүсүнө мүмкүнчүлүк берген жүрүм-турум моделдеринин, баалуулуктардын жана социалдык компетенциялардын жыйындысы. Аларга коммуникациялык жөндөмдөр, кызматташуу маданияты, жоопкерчилик, өз ара урматтоо, конфликттерди жөнгө салуу жана коомдук нормаларды сактоо сыяктуу сапаттар кирет. Балдардын социалдык көндүмдөрү алардын социалдашуу процессинде калыптанып, мектептеги жана мектептен тышкаркы социалдык чөйрөдө өнүгөт.

— “Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат” деген кеп бар эмеспи…

— Ооба, үй-бүлө баланын социалдык тарбиясынын биринчи жана негизги чөйрөсү болуп саналат. Баланын жүрүм-турум маданияты, баалуулуктары жана социалдык мамилелерге болгон көз карашы биринчи кезекте үй-бүлөдө калыптанат. Ата-энелердин балдарга болгон мамилеси, тарбиялоо стили жана үй-бүлөлүк баалуулуктар баланын социалдык өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этет.

Үй-бүлө, формалдык эмес институт катары, баланын окуудагы жетишкендигине ар тараптуу таасир этет. Окуудагы ийгиликтерге таасир этүүчү негизги факторлор – бул окуучулардын жана студенттердин жеке өзгөчөлүктөрү, үй-бүлө, референттик топтор жана билим берүү мекемелеринин өзгөчөлүктөрү. Бардык бул факторлор окуучулардын окуудагы жетишкендиктерине комплекстүү таасир тийгизет. Үй-бүлөлүк факторлор өзгөчө мектеп окуучуларынын окуудагы ийгилигинде маанилүү роль ойнойт, анткени баштапкы социалдык көндүмдөр жана билимдер балага биринчи кезекте үй-бүлөсүндө берилет.

— Мектепчи?

— Ошол эле учурда мектеп балдардын социалдык өнүгүүсүндө маанилүү ролду аткарат. Мектеп – бул балдардын социалдык тажрыйбасы кеңейген, алар жаңы социалдык ролдорду өздөштүргөн жана ар түрдүү адамдар менен өз ара аракеттенүүгө үйрөнгөн социалдык институт болуп саналат. Мектеп чөйрөсүндө окуучулар өз ара кызматташуу, пикир алмашуу, жоопкерчилик жана коллективдик иш сыяктуу социалдык көндүмдөрдү өздөштүрүшөт. Мындан тышкары, коомчулук да балдардын социалдык өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт. Коомдук уюмдар, маданий мекемелер, спорттук клубдар жана жергиликтүү жамааттар балдардын социалдык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө шарт түзөт. Балдарды коомдук иш-чараларга тартуу алардын социалдык жоопкерчилигин жана жарандык позициясын калыптандырууга жардам берет.

Акыркы жылдары билим берүү системасында социалдык өнөктөштүк маселеси өзгөчө актуалдуу болуп калды. Социалдык өнөктөштүк – бул мектеп, үй-бүлө жана коомчулуктун биргелешкен аракетинин негизинде балдардын өнүгүүсүнө шарт түзүүчү өз ара кызматташуу процесси. Бул кызматташуу тарбиялык иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана балдардын социалдык компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Ошондуктан мектеп, үй-бүлө жана коомчулуктун ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү балдардын социалдык көндүмдөрүн калыптандыруунун маанилүү факторлорунун бири болуп саналат. Бул маселени илимий жактан изилдөө билим берүү системасында тарбия ишин өркүндөтүүгө жана социалдык педагогиканын практикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет.

Ал эми коммуникациялык көндүмдөр социалдык көндүмдөрдүн негизги бөлүгү болуп эсептелет. Алар балдардын башка адамдар менен пикир алышуусуна, өз оюн туура жеткирүүсүнө жана башкалардын пикирин түшүнүүсүнө жардам берет. Коммуникациялык жөндөмдөр баланын социалдык чөйрөгө ыңгайлашуусунда жана коллективдик ишке активдүү катышуусунда маанилүү ролду ойнойт. Социалдык көндүмдөрдүн дагы бир маанилүү компоненти – бул кызматташуу жөндөмү. Кызматташуу – бул адамдардын жалпы максатка жетүү үчүн биргелешип иш алып баруусу. Балдардын кызматташуу жөндөмү мектептеги окуу процессинде, оюндарда жана коллективдик иш-аракеттерде калыптанат.

Социалдык көндүмдөрдүн калыптанышында баалуулуктук багыт дагы чоң роль ойнойт. Баалуулуктар – бул инсандын жүрүм-турумун жөнгө салуучу ички нормалар. Балдардын адеп-ахлактык баалуулуктарды өздөштүрүүсү алардын социалдык жүрүм-турумунун калыптанышына түздөн-түз таасир этет. Педагогикалык практикада социалдык көндүмдөрдү калыптандыруу тарбия ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Мектепте уюштурулган тарбиялык иш-чаралар, топтук иштер, социалдык долбоорлор жана коомдук ишмердүүлүк балдардын социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

— Кайсы учурда балдардын адаптациясы ийгиликтүү жүрөт?

— Балдардын социалдашуу процессинде бир нече негизги социалдык институттар маанилүү ролду ойнойт. Алардын катарына үй-бүлө, мектеп жана коомчулук кирет. Бул институттар балдардын социалдык тажрыйбасынын калыптанышына түздөн-түз таасир этет. Үй-бүлө социалдашуу процессинин алгачкы жана эң маанилүү чөйрөсү болуп эсептелет. Баланын алгачкы социалдык тажрыйбасы үй-бүлөдө калыптанат. Ата-энелердин жүрүм-туруму, баалуулуктары жана тарбиялоо ыкмалары баланын социалдык өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизет.

Мектеп социалдашуу процессинин экинчи маанилүү баскычы болуп саналат. Мектеп чөйрөсүндө балдар жаңы социалдык ролдорду өздөштүрүшөт жана ар түрдүү адамдар менен өз ара аракеттенүүгө үйрөнүшөт. Мектеп коллективинде балдар өз ара кызматташуу, жоопкерчилик жана өз ара урматтоо сыяктуу сапаттарды өнүктүрүшөт. Социалдашуу процессинде теңтуштардын да ролу чоң. Балдар теңтуштары менен болгон байланыш аркылуу социалдык тажрыйба алышат, өз ара аракеттенүүнүн ар кандай формаларын үйрөнүшөт жана социалдык ролдорду өздөштүрүшөт. Азыркы учурда маалыматтык технологиялар жана массалык маалымат каражаттары да социалдашуу процессине чоң таасир тийгизүүдө. Интернет, социалдык тармактар жана медиа ресурстар балдардын дүйнө таанымына жана социалдык жүрүм-турумуна таасир эткен маанилүү факторлордун бири болуп калды. Социалдашуу процессинин ийгиликтүү болушу балдардын социалдык көндүмдөрүнүн калыптанышына түздөн-түз байланыштуу. Эгерде бала коомдук нормаларды түшүнүп, башка адамдар менен конструктивдүү мамиле түзө алса, анда анын социалдык адаптациясы ийгиликтүү жүрөт.

— Балдардын толук кандуу инсан болуп калыптанышына кимдер таасир берет?

— Азыркы билим берүү системасында балдардын социалдык өнүгүүсү жана тарбиясы бир гана мектептин милдети болуп эсептелбейт. Баланын толук кандуу инсан катары калыптанышы үчүн ар түрдүү социалдык институттардын – мектептин, үй-бүлөнүн жана коомчулуктун – биргелешкен аракеттери зарыл. Бул институттардын өз ара кызматташуусу балдардын социалдык көндүмдөрүн, баалуулуктарын жана жарандык позициясын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.

Педагогикалык илимде мындай кызматташуу социалдык өнөктөштүк түшүнүгү аркылуу түшүндүрүлөт. Социалдык өнөктөштүк – бул билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын биргелешкен аракетинин негизинде тарбиялык жана билим берүү максаттарына жетүүгө багытталган өз ара кызматташуу формасы болуп саналат.

Балдардын социалдык өнүгүүсү алардын жашап жаткан социалдык чөйрөсү менен тыгыз байланышта. Эгерде мектеп, үй-бүлө жана коомчулук өз ара байланышта иш алып барса, анда баланын социалдык көндүмдөрүнүн калыптанышы бир кыйла натыйжалуу жүрөт. Ошондуктан педагогикалык практикада бул үч институттун кызматташуусун уюштуруу өзгөчө мааниге ээ.

Мындан тышкары, ата-энелерди мектептеги коомдук иш-чараларга тартуу балдардын социалдык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Мисалы, ата-энелердин катышуусу менен өткөрүлгөн маданий иш-чаралар, спорттук мелдештер жана коомдук долбоорлор балдардын социалдык көндүмдөрүнүн өнүгүүсүнө оң таасир тийгизет. Мектеп менен үй-бүлөнүн кызматташуусу тарбия процессинде бирдиктүү талаптарды камсыз кылууга да жардам берет. Эгерде ата-энелер менен мугалимдер баланын тарбиясына бирдей көз карашта болсо, анда баланын жүрүм-турум маданияты жана социалдык көндүмдөрү туруктуу калыптанат.

Балдардын социалдык өнүгүүсүндө коомчулуктун ролу да чоң мааниге ээ. Коомчулук – бул балдардын жашоо чөйрөсүн түзгөн социалдык структуралардын жыйындысы. Аларга жергиликтүү жамааттар, маданий мекемелер, спорттук клубдар, коомдук уюмдар жана башка социалдык институттар кирет. Коомчулук балдардын социалдык тажрыйбасын кеңейтүүгө жана алардын коомдук жашоого активдүү катышуусуна шарт түзөт. Коомдук иш-чараларга катышуу балдардын жоопкерчилигин, лидерлик сапаттарын жана социалдык активдүүлүгүн өнүктүрөт.

Билим берүү мекемелеринде социалдык өнөктөштүктү уюштуруу белгилүү педагогикалык принциптерге негизделет.

— Ал кандай принциптер?

— Бул принциптер мектеп, үй-бүлө жана коомчулуктун кызматташуусунун натыйжалуулугун камсыз кылууга багытталган.

Биринчи принцип – өз ара урматтоо жана ишеним принциби. Социалдык өнөктөштүктүн ийгиликтүү болушу үчүн бардык катышуучулар бири-бирине урмат менен мамиле кылышы жана өз ара ишенимге негизделген байланыш түзүшү керек.

Экинчи принцип – тең укуктуулук принциби. Мектеп, үй-бүлө жана коомчулук тарбия процессинин тең укуктуу катышуучулары болуп саналат. Бул принцип ар бир тараптын пикирин жана сунуштарын эске алууну талап кылат.

Үчүнчү принцип – биргелешкен жоопкерчилик принциби. Балдардын социалдык өнүгүүсү үчүн бардык катышуучулар бирдей жоопкерчилик тартышат. Мектеп билим берүү процессин уюштурса, үй-бүлө баланын тарбиясына түздөн-түз таасир этет, ал эми коомчулук социалдык чөйрөнү камсыз кылат.

Төртүнчү принцип – ачыктык жана кызматташтык принциби. Бул принцип билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнүн ачык болушун жана коомчулук менен активдүү кызматташуу жүргүзүүнү талап кылат.

Келечекте санариптик технологиялар аркылуу мектеп менен ата-эненин байланышын дагы да күчөтүү зарыл. Бирок кандай гана технология келбесин, жандуу баарлашууну, үй-бүлөдөгү жылуулукту жана коомдун колдоосун эч нерсе алмаштыра албайт.»Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» — бул сөз бүгүн болуп көрбөгөндөй актуалдуу.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер