«БАРДЫК ИШЕНИМДИН ТҮПКҮ МАКСАТЫ – АДАМ БАЛАСЫН КУЛЧУЛУКТАН КУТУЛТУУ!»

  • 10.04.2023
  • 0

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов:

 «БАРДЫК ИШЕНИМДИН ТҮПКҮ МАКСАТЫ – АДАМ БАЛАСЫН КУЛЧУЛУКТАН КУТУЛТУУ!»

 «БАРДЫК ИШЕНИМДИН ТҮПКҮ МАКСАТЫ – АДАМ БАЛАСЫН КУЛЧУЛУКТАН КУТУЛТУУ!»

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” Жарлыгын чыгарган. Эми аны ишке ашыруу чараларынын программасы иштелип чыгууда. Ырас, жаштарга диндердин тарых-таржымалын окутуу демилгеси буга чейин деле айтылып келген, бирок колго алынып, жолго салынган эмес. Эми минтип маселенин кабыргадан коюлуп жатышы өлкөнүн диний чөйрөсүндөгү абалдын анчалык деле алымсындырарлык эмес экенин каңкуулап турат. Эмне кылуу керек? Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов мектеп программасына “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын киргизүүнүн зарылдыгы, салттуу диндердин коомубузда ээлеген орду тууралуу өз пикирин билдирди.

Адегенде эле айта кетейин, мага Кыргызстандагы диний конфессиялардын, анын ичинде ислам дининин абалы жөнүндө суроо-сопкуттарды көп беришет. Ачыгын айтсам, көп учурда аларга дароо жооп берүүдөн тартынам. Анткени ар адамдын ички туюму, түпкү табияты, туткан ишеними, карманган ынанымы – өтө аялуу нерсе, байкабай доо кетирип аламбы деп дайыма чочулайм. Бирок элдин каада-салты менен салттуу диний ишеним бири-бирин жерибей, өз ара эриш-аркак кете алса, алар бири-бирин толуктап, андан ары жашап кете ала турганына терең ишенем.

Маселен, бир пендеге багышталып куран окулган соң: “Оо, Жараткан, билип-билбей жасаган күнөөмдү кечире көр, бала-чаканы бөөдө кырсыктан сакта, тилегибизди кабыл кыл”, — деген сындуу кыпкыргызча каалоо-тилектин арапча окулган куранга кошо жалганып, анан бата кылынышы өтө кубандырат. Молдокелерибиздин мындай сөзү жөн эле жүрөгүңдү жибитип, жүлүнүңө жетет. Тимеле кыргыздын салт-санаасы менен тыптыгыз жуурулушуп турбайбы. Албетте, биз исламдын мына ушундай салттуу багытын колдойбуз. Мен муну башынан эле айтып жүрөм.

Дегеле, ишенимсиз эл болбойт. Ар адамдын жеке ишенимин да сыйлоо керек. Баарыдан мурда, өз башатыбыз менен өз ынанымыбызды да урматтоого тийишпиз.

Бир эсе кызматыма байланыштуу, бир эсе Кыргызстан көп улуттуу, көп конфессиялуу өлкө болгондуктан, диний уюмдардын жетекчилери, дин кызматкерлери менен тез-тез жолугушуп, өз ара пикир алышып турам. Жүрүм-турум маселелери, медреселерде окуган балдар менен жоолукка муунта түйүлгөн наристе кыздардын абалы, дамбал кийип, бутуна тапичке сүйрөгөн молдокелер жаатында көптөгөн талаш-тартыштар болду, далай жолу жеме уктум. Качкан дагы кудай дейт, кууган дагы кудай дейт эмеспи, акыры бири-бирибизди түшүнүштүк окшойт, жедеп такымын жеп бүткөн баягы талаш-тартыш маселелердин көбү акырындык менен чечиле баштады.

Билим берүү мекемелерине дүйнөлүк диндердин пайда болуу, калыптануу жана өнүгүү тарых-таржымалын окутуу боюнча атайын сабак киргизүү маселесин да көптөн бери козгоп келем. Конфессиялар аралык тирешүүлөр баш көтөрө баштаган, дүйнөдө диний экстремизм жосундары күчөп, терроризм менен радикализм тобокелчиликтери чектен ашкан азыркы шартта диндин жаралуу тарыхын, анын түпкү маанисин калкка туура түшүндүрүүнүн мааниси зор. Анткени өз ишениминин таржымалын жетик билген адам башка бирөөнүн жетегинде калбайт, экстремисттик жана террордук топторго кошулбайт.

Азыркы ааламдашуу доору бир да мамлекет ар кандай ички жана тышкы коркунучтарга каршы жалгыз-жарым күрөшө албай турганын көрсөттү. Ал эриш-аркак биргелешкен күч-аракетти талап кылат. Мында, албетте, унутта калып бараткан улуттук каада-салттарды жандандыруу, ата-бабадан келаткан нарк-насилди сактоо, жалпы адамзаттын руханий баалуулуктарын калкыбыздын калың катмарына жеткирүү чаралары да четте калбоого тийиш. Диндердин тарыхын таанып-билүүнүн түпкү таалим-тарбиялык мааниси да дал ушунда турат.

Конституция ар бир жаранга дин тутуу эркиндигин кепилдейт, кайсы бир диндин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышына тыюу салат, динди жана бардык диний ырасымдарды мамлекеттен ажыратууну камсыз кылат, диний бирикмелердин, дин кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө жол бербейт. Мындай жобо дин тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн тышкары жашайт дегенди түшүндүрбөйт, көзөмөл болот, ошон үчүн мамлекет да.

Совет доорунда динге ишенгендердин көпчүлүгү негизинен эки конфессияга – ислам дининин ханафий мазхабындагы суннит багытына жана христиан дининин православ багытына таандык болгон. Кантсе да, биздин жарандарыбыз башынан карманып келген бул эки багыт этностордун көп катмардык жана ишенимдердин көп түрдүүлүк шартында өз ара сабырдуулукка, бири-бирин урматтай билүүгө, мамлекет менен өнөктөш болууга жөндөмдүү экендигин тарыхый жактан далилдей алды.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгону, өлкө аймагында дагы башка көптөгөн диний агымдардын өкүлдөрү баш көтөрө баштады. Мисалы, мектептерге караганда мечиттер көп салынат экен. Совет мезгилинде 39 мечит, 3 чиркөө болсо, акыркы 30 жыл аралыгында 1895 мечит курулган, 3348 диний уюм каттоодон өткөн. Ошондой эле 65 медресе, 10 ислам багытындагы окуу жайы иш алып барат. Ал эми каттоодон өтпөй, экстремисттик багытты бекем туткан, конституциялык түзүлүштү өзгөртүп, теократиялык системага алмаштыруу максатында, көшөгө артында көмүскө иш жүргүзгөн уюмдар канча. Албетте, алардын мамлекеттин көзөмөлүнөн сырткары калышы кооптондурбай койбойт.

Бизде “Качкан дагы кудай дейт, кууган дагы кудай дейт” деген таасын кеп бар, кимиси чын да, кимиси жалган экенин бир Жараткан өзү ылгап алар. Дегеле, ислам дининде 73 агым бар экен, бирок, алардын негизги багыттарын суннит, шеит багыттары түзөт. Айрым билермандар ал экөөнө Мухаммад пайгамдардын жээн жагынан тараган исмаилит багытын да кошуп жүрүшөт. Анын суннит агымы ханафий, шафинт, маликит, ханбалит сындуу 4 топтон турат. Кыргызстандагы мусулмандар анын ичинде ханафий мазхабын карманат. Андан тышкары, Кыргызстанда мыйзам аркылуу 21 диний, экстремисттик, террордук уюмдарга тыюу салынган.

Дегеле, ишенимсиз эл болбойт. Ар адамдын жеке ишенимин да сыйлоо керек. Баарыдан мурда, өз башатыбыз менен өз ынанымыбызды да урматтоого тийишпиз. Ишеним жалпы жашоо турмушубуз менен жалгашып кете алса, караламан калктын калың катмарына сиңип, өз жашоосун андан ары улантат. Ошентип кайсы бир кезде жолу кайчы түшкөн диндердин айрым бир белгилерин каада катары карманып калдык. Кыскасы, баары аралаш. Ал жалпы белгилери боюнча диний ишенимге караганда, каада-салтка жакындашып кетет.

Бизге ислам дининин кечеңирээк келгени кыргыз тилинин сөз корунун катышынан деле байкалып турат. Анткени тил ар кандай тарыхый таасирлерден четте калбайт. Кыргыз тилинде 2177 арап тектүү сөз камтылган, башкача айтканда, жалпы лексикабыздын 5,5 пайызын түзөт. Алардын көбүнүн айтылышы өзгөрүп кеткен же баштапкы маанисинен ажыраган. Ал эми ислам динине эртерээк аралашкан өзбек тилинде бул катыш 17 пайыздын тегерегинде болсо керек эле.

Менимче, адам баласы эч качан эч кимге кул болбоого тийиш.

 «БАРДЫК ИШЕНИМДИН ТҮПКҮ МАКСАТЫ – АДАМ БАЛАСЫН КУЛЧУЛУКТАН КУТУЛТУУ!»

Албетте, аларды жалаң ислам дини аркылуу кирген сөздөр катары кароого болбойт. Алардын басымдуу бөлүгү жунгар жапырыгынан улам казактар кайың саап, кыргыздар Анжиян менен Көлөпкө чейин сүрүлүп, ислам динине мурда кирген парсы тектүү элдер менен аралашуусу, Улуу Жибек жолундагы өз ара ички-тышкы карым-катнаштар, анын ичинде соода-сатык мамилелери аркылуу кирген сөздөр экени байкалып турат. Ислам дини кандайдыр бир деңгээлде таңууланган учурлар да болгон. Ага кайсы бир кыргызбайдын: «Эшегин эптеп токуймун го, намазын кантип окуймун, кокуй!» деген канкакшаган жоругу жакшы мисал болуп берет.

Алдына жайнамазын жая салабы же тарсача такыба чокунабы, буркурап бутка сыйынабы же көкө теңирине алдастап алакан жаябы, айтор, ал ар кимдин өз эрки. Бирок жеке ишенимин башка бирөөгө таңуулоого эч кимдин акысы жок, антүүгө болбойт. Сырттан күч менен таңууланган нерсе жан дүйнөңө жуурулушуп кетиши күмөн. Тоңдоосун макул деп коюшуң мүмкүн, бирок, түпкүлүгүндө өз дилинде өнгөн нерсе тынч жаткырбайт да. Анткени кайсы бир дин укумдан-тукумга генологиялык же биологиялык жол менен бериле турган шыпаа эмес, ал аң-сезим аркылуу сырттан кабылдап, ичтен ынана турган ишеним.

Эгерде динди салттуу маданияттын бир бөлүгү катары карасак, анын мазмуну менен мааниси эле эмес, ар бир сөзүнө чейин так, таасын, түшүнүктүү болууга тийиш. Ансыз ишеним шарты бузулат. Мен өз оозуман чыккан сөзүмдүн маанисин так билишим керек. Ар адамдын жеке ынанымы дал ошого негизделген. Ал үчүн адегенде ар кандай догмалардан арылышыбыз керек. Анткени дин жаралгандан бери нечен кылым өттү, доорлор алмашты, заман өзгөрдү, илим-билим өнүктү, кибер-технология шартында жашап жатабыз, ата-бабадан калган асыл табериктерибизге таяныч болгон жаңы баалуулуктар жаралды. Алтургай, адамдын өзү дагы кыйла өзгөрдү.

Мисалы, исламдын мындай бир урааны бар: «Аллах – жалгыз. Кудайдын кулу, Мухаммаддын үмөтүмүн!». Андай маанидеги түшүнүк башка динерде деле айтылат. Аны «Ислам маданияты» гезити минтип чала-моңол чечмелеп берип жатпайбы: «Суроо-жооп: Каерден келдиң, каерге барасың? Аллахтан келдим, Аллахка барам! Эмне үчүн келдиң? Аллахка кулчулук кылуу үчүн келдим!» («Мусулман балдарга диний суроолор»).

Ушундай! Эмне, эгемен Кыргызстандын эркин өскөн балдарын кулчулукка тарбиялап жатабызбы? Кайсы бирин айталы, эми мындай жармач жазмакерлердин жазатайма түшүнүктөрү арбын эле.

Бардык ишенимдин түпкү мааниси адам баласын кулчулук психологиядан кутултуу, жамаатташ адамдар менен ынтымак менен ырашкерликте жармакташ жашоого үндөө, жамандыкты жеңе билүүгө, жакшылыкка жалгаша билүүгө үйрөтүү экендиги айтпаса деле түшүнүктүү чыгар. Мындай түшүнүк акыры келип Башмыйзам жоболоруна да, эл аралык адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо таламдарына да кайчы келери бышык.

Менимче, адам баласы эч качан эч кимге кул болбоого тийиш. Кайсы элде, кайсы тилде кандай гана аталбасын, Жараткан кул ээси же кул кармоочу жан эмес, ал – адам баласынын колдоочусу, ишеним эгеси. Ошон үчүн Жараткан да! Мына ушундай ынанымды карманганда, кыргыз элинин келечек мууну өз жан дүйнөсүнө жалгашат, азыркынын тили менен айтканда, кулчулук психологиядан биротоло арылат. Бирөөлөрдүн айтканын жасардан мурун, адегенде азыноолок акыл калчасак кантет. Кулчулук доору эбак өткөн, бүт дүйнөдө кулчулукка тыюу салынган.

Андан тышкары, диндердин тарыхын окутууда мамлекеттик тилдин ички мыйзамдары дагы сөзсүз эске алынууга тийиш. Ар бир тилдин, анын ичинде кыргыз тилинин да өз мыйзамы бар. Ансыз деле келегей сүйлөп калдык. Эреже бузулса – тил бузулат, тил бузулса – дил бузулат, дил бузулса – пейил тарыйт, анан пейил чечпеген журт бириндеп туш-тушка чардай чачырайт.

Лингвистика илиминде «өздөштүрүлгөн сөздөр» деген бир түшүнүк бар. Сөздү ар бир өз тил мыйзамынын талаптарына жараша өздөштүрөт. Кыргыз тилинин чет тилден кирген сөздөрдү өздөштүрүү эрежесине ылайык, чет тилден кирген бөтөн сөздөр төл сөзгө айланат. Маселен: самовар – самоор, кровать – керебет, мешок – мүшөк, бутылка – бөтөлкө, картошка – картөшкө, берданка – бардаңке ж.б.у.с.лар. Эми, мындай мисалдар арбын. Биз, молдокелерибиз баш болуп, байыркы парсы элинин зороастризм ишениминен кирген «худа-а» сөзүн «кудай» деген түшүнүк катары ооздон түшүрбөй айтып келебиз. Андан Алланын абырою кемип калган жок да, туурабы?

Мына ошентип, ислам динине байланыштуу көптөгөн сөздөр эбак эле өздөштүрүлгөн болчу. Мисалы, Аллах – Алла, халал – адал, Иисус – Иса, Моисей – Муса, Давид – Дөөтү, Якоб – Жакып, Библия – Ыйык Китеп («Жаңы осуят», «Эски осуят»), Рамазан, Курбан байрам – Орозо айт, Курман айт, сура – сүрө, фатва – чечим, харам – арам, араб – арап
ж.б.у.с.лар А, эмне үчүн «араб» эмес, «арап»? Эрежеге ылайык, кыргыз тилиндеги төл сөздөр б тыбышы менен аяктабайт, й, р, ң, л тыбыштарынан башталбайт. Андан тышкары, кыргыз тилинде каткалаң жана жумшак, жоон жана ичке үндүү тыбыштардын «үндөштүк» мыйзамы да бар.

Кара күчкө салып, арап сөздөрүн арапча айтылышы боюнча жаз, Куран сөзүн куран тилинде, Алланын тилинде сүйлө дегенибиз, бери дегенде таптакыр туура эмес, ары дегенде бөтөнзордук болуп калат. Ошол эле семит жана түрк элдери, ушул эле арап жана кыргыз тилдери ислам динине чейин эле калыптанган элдер менен тилдердин катарына кирет. Ар бир адам өз тилинин табигый мыйзамдарына ылайык сүйлөөгө укуктуу жана милдеттүү. Жараткан бардык жанды улутка же уруу-урууга бөлбөйт, баарын бирдей көрөт, бардык тилди түшүнөт, ар бирибиздин баскан-турганыбызды байкап турат. Ошон үчүн Жараткан да!

Эми, Президенттин жарлыгын ишке ашыруу алкагында бир катар программалар иштелип чыгат. Аларды жүзөгө ашыруу жүрүшүндө бир катар жагдайлар эске алынууга тийиш. Ушул кезге чейин мамлекеттик окуу жайлардагы билим берүү жүрүмүндө теологиялык жана дин таануучулук мамилелер чаташтырылып келет. Адегенде андай маанилүү түшүнүктөрдүн айырмасын так аныктап беришибиз керек.

Диний окуу жайларга коюлган мамлекеттик билим берүү стандарттары өркүндөтүлүүгө тийиш жана алардын талаптагыдай сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Атайын адистер менен окутуучулардын жетишсиздиги байкалып турат. Кыргыз жарандарынын чет өлкөлөрдө диний билим алуусуна ырааттуу мониторинг жүргүзүлбөйт, жалпы тенденцияларды болжолдоо усулу жок. Мындай чараларды тезинен колго алыш керек. Ансыз кыйналып калабыз.

Албетте, диний окуу мекемелеринде стандарттуу билим берүү сапаты жөнүндө узун сабак кеп кылса болот. Баарыдан мурда, бизди чет өлкөлөрдө диний билим алып жаткан балдардын келечек тагдыры кабатыр кылбай койбойт. Арасында эрезеге жете элек, ар нерсени өз алдынча аңдай албаган жаштар арбын. Коом ичин радикалдаштырууну көздөгөн күчтөрдүн айрыкча жаш балдар менен аялдарга тап коюп жатканы дагы бекеринен эмес.

Баарыдан мурда, бизди чет өлкөлөрдө диний билим алып жаткан балдардын келечек тагдыры кабатыр кылбай койбойт.

Азыр ааламдашуу доору. Көп ичинде кыргыз журтунун эл аралык тажрыйбадан үйрөнө турган, дүйнөлүк руханий дөөлөттөрдөн ала турган нерселери арбын. Андан качпаш керек, бирок ар кандай жазатайымдардан да сак болууга тийишпиз. Дегеле, ар адамда ар дайым ынаным жана тандоо мүмкүнчүлүгү болууга тийиш. Ансыз сырттан таңуулоо жосунунан эгерим арыла албайбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер