БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУНА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ

  • 15.05.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/департаментинин жетекчилери менен өткөргөн онлайн жыйынында баса белгиледи. Ал эми мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин салтка айланган эл аралык деңгээлдеги иш-чараларын өткөрүүдө коопсуздук маселесин тыкыр сактоо боюнча жоопкерчилик уюштуруучуларга милдеттендирилет. Министрликтин буйругунун негизинде гана пландаштырылган иш-чаралар көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде өтмөкчү.

БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУНА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ

Сузактагы кырсык – чоң сабак

Жакында Сузактагы «Манас айтуу» иш-чарасында болгон кырсыкта жалпысынан 30дан ашык бала жабыркап, 12 бала ооруканага жаткырылган. Абалы оор беш баланын үй-бүлөсүнө Президенттин фондунан 200 миң сомдон берилди. Жабыркаган дагы 30 балага 50 миң сомдон бөлүндү.

БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУНА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТБАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУНА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ

«Урааным Манас» чакырыгы менен өткөрүлгөн иш-чарада тиешелүү жетекчилер, уюштуруучулар тарабынан коопсуздук маселесине көңүл бурулбаганы жалпы коомчулукту таң калтырды. Анткени чоң иш-чаралардын сценарийинде ийне-жибине чейин жазылат эмеспи. Эмне үчүн жайлоодо өткөн иш-чарада унаалардын токтоо жайлары, өрт өчүрүү, тез жардам ж.б.у.с. жагдайлар эске алынган эмес. Анан калса, кыргыз элинин баалуулуктарынын бири  “Манас” эпосун хор менен эмес, касиет даарыган гана адам айтаарын ким билбейт? Баатырларды козгоо туура эмес экенин бул окуя тастыктап койду. Касиетке аяр мамиле кылуу ар бирибиздин парзыбыз.

БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУНА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ

Бул окуядан кийин Билим берүү жана илим министрлиги өлкө аймагында «Манас айтуу» фестивалы токтотулганын билдирген эле.  Ооруканадагы балдардан кабар алганы барган билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева мындан ары коопсуздук маселеси камсыздалмайынча, окуучуларды чоң мааракелерге катыштырууга тыюу салынарын айткан.

БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУНА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТБАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУНА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ

Министрликтин Мектепте жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Салтанат Өмүрканованын айтымында, Сузактагы кырсыктын айынан калган балдардын пландаштырылган иш-чараларга катышуусун таптакыр токтотуп коюу туура эмес.

— Коопсуздук эрежелерин өз убагында сактап, балдарга өзгөчө көңүл бөлүү менен коопсуздуктун талабын, эрежелерин сактоо менен чоң иш-чараларды өткөрүп эле жүрчүбүз, дагы деле өткөрөбүз. “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору уюштуруп келген адаттагы эл аралык сынагы өткөрүлөт. Коопсуздукту сактоо сынакка келүүчү тарапка да, тосчу тарапка да жүктөлгөн, — дейт башкы адис.

“Көчмөндөр — балдар ааламында” 

Балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун  директору Ира Балтабаеванын маалыматы боюнча, мындан ары кандай гана иш-чара өтпөсүн жол коопсуздугунан баштап бардык жагдайлар эске алынат.

— “Кыргызстандын  балдарынан – жер шарынын балдарына”  аттуу  1-июнь — Эл аралык  балдардын күнүнө  концерттик программа тартууланат.  Мектеп жана жатак-мектептин окуучулары катышат. Балдардын  жол  коопсуздугуна  ата-энелер, коштоп келген мугалимдер,  МАИ кызматкерлери  жооптуу болсо, ал эми концерттик программа   өткөн  убакта “Сейтек” борборунун жоопкерчилигинде болот, — дейт жетекчи.

Үстүбүздөгү жылдын 24-30-июнуна  чейин  “Сейтек”  улуттук   борбору   “Көчмөндөр — балдар ааламында”  аттуу  улуттук  оюндар жана анын  алкагында   республикалык  балдардын  чыгармачылыгы  боюнча   фестиваль өткөрүүнү   пландаштырган. Бирок  иш-чараны өткөрүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыга элек.  “Көчмөндөр — балдар ааламында”  улуттук  оюндар, балдардын чыгармачылыгы  боюнча  фестивалы  Ысык-Көлдүн  жээгиндеги  Алтын-Көл пансионатында  өткөрүү каралган.

— Бул фестивалга республикадан  улуттук оюндар  боюнча  келген 70 окуучу  акысыз катышат. Алар Билим берүү  жана илим министрлигинин  “Сейтек”  борборунун сметасында каралган  акчадан  каржыланат.  Ошондой эле Казакстандын  Кордай  акимчилигинен, Татарстандын  Казань шаарындагы  лицейинен  окуучулар катышууга  макулдугун  беришкен. Жалпы 500 катышуучулардын  Бишкекке  келген, кайра кеткен жол киреси ата-энелердин эсебинен төлөнөт. Ошондой эле,  бий, комуз  боюнча  мастер-класска келген окуучулардын  жатаканага, тамак-ашына, жолуна  кеткен чыгымдар дагы ата-энелердин эсебинен каржыланат. Республикадан  келген  окуучуларга жана  “Сейтек” борборунун  окуучуларына   жайкы каникулда ден соолугун чыңдап, башка коллективдер менен достук  мамиле түзүп, сахнага  чыгууга, ыр-бий  дүйнөсүнө  багыт алып, эстетикалык  тарбия  алууга  шарт түзүлөт. Жол коопсуздугун жер-жерлерден келген делегациялардын  жетекчилери, жиберген тарап,  ата-энелер комитети, МАИ кызматкерлери жооптуу экенин ар биринин эсине салабыз, — дейт борбордун директору.

“Ысык-Көл досторун чакырат”

“Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун директору Дария Мусинанын берген маалыматына таянсак, “Ысык-Көл досторун чакырат” XIV эл аралык этно-карнавалы 2024-жылдын 6-июлунан 12-июлуна чейин Ысык-Көлдүн күнгөй жээгинде өтүлмөкчү. Этнокарнавал 14 жылдан бери өтүп келе жаткан, салтка айланган иш-чара.

Быйыл бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын бардык облустарынан жана Россиядан, Белоруссиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан 400гө жакын балдар жана өспүрүмдөр катышат.

— Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жөнүндө” Жарлыгына жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы А.Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун иш-чараларына ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Концепцияны ишке ашыруу алкагында жана балдардын глобалдык компетенцияларын калыптандыруу, жаратылыш мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүүсүн калыптандыруу, Кыргызстандын, КМШ жана чет өлкөлөрдүн элдеринин этномаданияттык баалуулуктарын өздөштүрүү, кайра жаңылантуу жана сактоо, маданият аралык диалогду өнүктүрүү, ар түрдүү өлкөлөрдүн таланттуу балдарынын жана жаштарынын чыгармачыл баарлашуусу максатында аталган этно-карнавал өтөт, — дейт борбордун жетекчиси.

Этно-карнавалды өткөрүү үчүн “Балажан” РЭТОУБдун 2024-жылга каралган чыгымдардын эсебинен бекитилген сметанын негизинде каржылоо каралган. Бул чыгымдар сынактарды уюштурууга, мастер-класстарды  өткөрүүгө, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды алууга жана мазмундуу иш-чараларды өткөрүүгө жумшалат.

Аталган иш-чараны уюштуруу боюнча төмөнкү коопсуздуктар каралган: жол коопсуздугун сактоо максатында Ички иштер министрлигине алдын ала кат менен кайрылуунун негизинде аймактардан катышуучу балдарды Бишкек шаарына чейин жана шаардын ичинде МАИнин патрулдук унаасы коштойт. 6-7-июлда Бишкек шаарындагы мейманканаларда, интернаттарда жана иш-чара өтүлүүчү жайларда балдарды Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери, Свердлов райондук тез жардам кызматынын медицина кызматкерлери нөөмөттө көзөмөлдөшөт. Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл облустарынын МАИ кызматкелери автобустардын колоннасын коштоп, эс алуу жайына чейин алып барышат. Ар бир автобуста “Балажан” борборунун кызматкерлери рациялар менен байланышта болот.

— Этно-карнавалдын башталышынан аягына чейин эс алуу жайдын ичинде жергиликтүү милиция кызматкерлеринен турган кайтаруучулар көзөмөлдөшөт жана медицина кызматкерлери балдардын саламаттыгына дыкаттык менен көз салышат. Көлгө түшүү режими боюнча ар бир команда кезек-кезеги менен 15 мүнөттөн сууга киришет жана балдардын сууга түшүү учурунда эс алуу жайдын жана “Балажан” борборунун кызматкерлери нөөмөт түзүп көзөмөлдөшөт.         Иш- чаранын өтүлүү мезгилинде балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик ар бир мекеменин ички буйругунун негизинде балдарды коштоп келген кызматкерлерге жүктөлөт. Ар бир бала этно-карнавалга жөнөөрдө ата-энелерден кабыл алынат жана кайра келүүдө ата-энелердин өздөрүнө тапшырылат, — дейт Д.Мусина.   – Мындан сырткары, Ысык-Көл балдардын көзү менен” эл аралык слёт жана пленэрдик практика 2024-жылдын 23-июнунан 29-июнуна чейин Ысык-Көлдүн күнгөй жээгинде өткөрүлөт. Эл аралык слет 10 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Быйыл слётко Кыргыз Республикасынын бардык облустарынан жана Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан 402 бала жана өспүрүмдөр катышат. Бул иш-чара балдардын маалыматтык, финансылык жана функционалдык сабаттуулугун жогорулатуу, өз алдынча таанып билүүсүнө, өнүгүүсүнө, өзүн-өзү тарбиялоого багытталган социалдык ишмердик аркылуу алардын ички дараметин кеңири ачуу үчүн шарт түзүү, лидерлик сапатын аныктоо жана ишке ашыруу максатында өткөрүлөт.

Ошентип, эң көп балдарды камтыган иш-чараларды өткөрүүдө тиешелүү мекемелер менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Ал эми республикадагы бардык кошумча билим берүү мекемелери жөнөткөн маалыматка карасак, жайкы мезгилде өткөрүлүүчү бардык иш-чараларда балдардын коопсуздугун сактоо тыкыр каралып, жооптуу адамдарга милдеттендирилген.

Кандай болгон күнү дагы ар бир директордун, делегация жетекчисинин мойнунда чоң жоопкерчилик жана милдет турат. Ал — балдардын өмүрү, ден соолугу. Жайкы иш-чараларда сак бололу!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер