БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРГӨН ЖАЙЛООДОГУ БОРБОР

  • 06.07.2022
  • 0

Алыскы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы “Казыбек-Жеткинчек Жайлоо өнүгүү борбору” жайлоодогу 3 жаштан 15 жашка чейинки балдарга үч сааттык программа менен 2010-жылдан бери кызмат кылып келатат. Эки жыл катары менен пандемияга байланыштуу уюштурулган эмес. Быйыл бул борбор онунчу жолу балдарга эшигин ачты.

БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРГӨН ЖАЙЛООДОГУ БОРБОР

 Бала бакчанын жетекчисинин демилгеси менен ачылган борбор

Казыбек айылындагы “Жеткинчек” бала бакчасынын директору Гүлайым Молдакунованын айтымында, тээ 2010-жылдан тартып Ага-Хан фондусу менен иштешип келатат. Иштеги ийгиликтери үчүн жана жетекчинин демилгесин колдоого алып, аталган фонд 2011-жылы балдар бакчасына 70 баш кыргыз боз үйүн ички-сырткы жасалгалары, окуу китептери, китеп баштыктары, күн батареясы, көчмө дааратканасы менен берген. Ошол жылдары Гүлайым Молдакунова жоопкерчиликти өз мойнуна алып, жеке өзүнүн каржылоосу менен “Жайлоо өнүгүү борборун” айылдан 80-120 км алыстыктагы Арпа, Ак-Сай өрөөндөрүнө көчүрүп барып, кайра алып келип турган. 2017-жылдан тарта “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун тапшырмасы боюнча Жайыт комитети көчүү-конуу жумуштарына колдоо көрсөтө баштаган.

Жергиликтүү бийликтин колдоосу

Быйыл “Жайлоо өнүгүү борбору”  райондун борборунан 120 км,  айылдан 80 км алыскы Арпа өрөөнүнүн “Дөң-Булак” жайлоосуна көчүп барган. Балдар бакчасын көчүрүп барып-келүүдөгү транспорттун акысын Казыбек айылынын Жайыт комитетинин жетекчиси Замирбек Төлөгөнов өз эсебинен каржылады жана жайыт комитетинин боз үйүн берген. Ошондой эле эки тарбиячы өздөрүнүн боз үйү, үй-бүлөсү менен көчүп барышкан. Ал эми эки тарбиячыга эмгек акысын райондук билим берүү бөлүмү төлөп берген. Бала бакчага жайлоодогу малчылардын, эс алып барган коноктордун балдарынан сырткары чукулку чек ара бекетинин балдарын кошкондо жалпысынан 70тен ашык бала абдан кызыгуу менен келип, жаш курагына жараша билимдерин өркүндөтүштү.

Ата-энелердин мастер-классы

БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРГӨН ЖАЙЛООДОГУ БОРБОР

Быйылкы жылы балдар кыргыз, орус, англис тилдеринде сөз жаттап, жаш курагына жараша аңгеме түзүп, сүрөт тартышты. Мындан сырткары ата-энелер менен бирге мастер-класс өткөрүлдү. Маселен, боз үйдүн түзүлүшү, тигилиши, жабдыктары боюнча; кымыз, сары  май, сүзмө, курут жасоо; сабааны ыштоо, кымыз жасаганга даярдоо; ээр токум, ат жабдыктары; жүндөн шуру жасоо; чий куурчак жасоо боюнча топторго бөлүнүп, кызыктуу сабак өтүлгөнүн тарбиячылар баса белгилешти. Ал эми улуттук оюндар: аркан тартмай; топ таш; сармерден; акыйнек (макал, табышмак) айтышуу; упай; козу союу, устукандоо боюнча өтүлгөн мастер-класс балдардын этнопедагогикага кызыгуусун артты. Ошондой эле ата-энелер менен бирге жомок айтуу; гербарий даярдоо; чөп менен сүрөт тартуу; ташка сүрөт тартуу учурларда ата-энелер дагы сабактарга кызыгуу менен катышты. Көпчүлүк малчылар Ак-Сай өрөөнүнө көчө башташканына байланыштуу (Арпа өрөөнүндө июль айына чейин эле болушат) “Жайлоо өнүгүү борбору” 5-июлда айылга көчүп келди.

“Казыбек-Жеткинчек Жайлоо өнүгүү борборуна” жылда 25тен кем эмес бала барат. Уюштурулгандан бери 600дөн ашык бала “Жайлоо өнүгүү борборунан” билимдерин өркүндөтүп, мыкты тарбия алды.

— Балдар бакчасына барган улуурак балдар мектептеги окугандарын кайталап, адабий, жомок китептерди окуп, тарбиячыга жардам берип, өзүнүн кичүү бөбөктөрүнүн тарбияланышына камкордук көрөт. Жайлоодо кыргыз элинин салты, этнопедагогика, жаратылышка мамиле, жалпы эле маданият боюнча сабактар практика жүзүндө өтүлүп, ата-энелер кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнө, уз-чеберчилигине байланыштуу мастер-класстарды өткөрүп турушат, — дейт Г.Молдакунова.

Жайлоо өнүгүү борбору керекпи?

“Жайлоо балдар бакчасы — Жайлоо өнүгүү борбору”  деп аталып, 2015-жылдан бери “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду менен иштешип келет. Фонд ар жылы канцтовардан колдоо көрсөтүп, конкурстарды уюштуруп турат. 2017-жылы балдар бакчасы жеңүүчү болуп, 2018-жылы республикадагы билим берүүнүн алдыңкылары менен Г.Молдакунова Түркияга фонддун каржылоосу менен бир жумалык иш сапарга, тажрыйба алмашууга барып келген.

БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРГӨН ЖАЙЛООДОГУ БОРБОР

2018-жылы “Жайлоо өнүгүү борбору керекпи?” деген темада журналист, ыраматылык Улан Эгизбаев тарабынан “Казыбек Жайлоо балдар бакчасы — Жайлоо өнүгүү борборунда” аттуу даректүү фильм тартып, баш байгени жеңип алган эле.

Ошондой эле Ага-Хан фондусунун демилгеси менен 2018-жылы республикалык деңгээлде семинар уюштурулуп, бала бакчанын ишине жогорку баа берилген. Эки тарбиячы сыйлык иретинде Ага-Хан фонду аркылуу Ошко беш күндүк иш сапарга барып келген.

 Ата-энелер эмне дейт?

Фатима Таштанбекова, чоң эне:

— Жакында биз жайлоого чыгып эс алып келдик. Айтайын дегеним, Арпада “Казыбек-Жеткинчек Жайлоо өнүгүү борбору” уюштурулуптур. Айылдагы, шаардан келген бардык неберелерим барып, сүрөт тартып, китеп окуп, кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты, улуттук оюндар тууралуу жөн эле маалымат албай, практика жүзүндө көрүштү. Ушундай сабактарга биз дагы катышып, жөн отурбай, билгендерибизди айтып, көрсөтүп бердик.

Бала бакчанын тарбиячысы  Гүлмира Кошоевага, анын жардамчыларына ыраазычылык билдиребиз. Жайында балдарды жалаң эле оюнга койбой, билгендерин өркүндөтүп, келечектерине кам көрүп жаткан Роза Отунбаевага рахматыбызды кош колдоп айтабыз.  Мындай борбордун келечек муундар үчүн тарбиялык мааниси зор экен.

Бейшенбек Эсенов, ата:

— Арпа жайлоосунда жайгашкан борборго төрт балам тең барды. Жакшы китептер бар экен. Жылда чыгып турса, жакшы болчудай. Таза абада кымыз ичип, айылдык балдар менен ойноп, кыргыздын мурасын, баалуулуктарын окутканы бизге майдай эле жакты. Болгону саат 10.00-13.00 чейин эле экен. Балдарым азыркыга чейин айтып бүтө алышпай жатат. Балам Бишкек шаарындагы  №67 мектеп-гимназияда окуйт. Жайлоодогу борбордон үйрөнгөнүн шаардык досторуна айтып, кызыктырып жатат.

 Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер