БАЛДАРДЫ КОРГОО, ТУУРА ЖОЛГО САЛУУ – БИЗДИН МИЛДЕТИБИЗ

  • 05.04.2021
  • 0

Максат Жуманалиев
Бшкек шаарындагы
Ленин районунун улук прокурору

Мамлекеттик органдардын жана жарандардын негизги милдеттери катары балдарды, өзгөчө жетим балдарды, оор турмуштук жагдайда калган балдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо жана коргоо болуп саналат.

Өзүңүздөргө маалым болгондой 2020-жыл Кыргызстанда «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланган.

Дагы бир артыкчылыктуу багыт – балдарды колдоо багыты катары каралган.

Биздин мамлекетибиздин бакубатчылыгы үй-бүлөнүн бакубатчылыгынан түздөн-түз көз каранды. Үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдөөгө ар дайым кылдат көңүл буруу, эне жана баланы социалдык жана укуктук жактан коргоону камсыз кылуу чоң мааниге ээ.

Балдардын ден соолугун коргоо, аларды татыктуу өстүрүү мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдет болуп эсептелет.

Ошондуктан, 2020-жылдын 12-айында Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан, көзөмөл астындагы тийиштүү мамлекеттик органдарда жана мекемелерде Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын аткарылышына карата жалпы 33 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 79 мыйзам бузуучулуктар аныкталып, аларды четтетүү максатында беш каршылык, 14 прокурордук сунуш, 12 талап, үч эскертүү келтирилип, бир тартиптик өндүрүш иш козголгон.

Прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгы менен 21 кызмат адамы ар кандай тартиптик чараларга кириптер болгон жана бир (1) материал КЖБРге катталган.

Түшүндүрүү жана камкордук иштери колго алынууда

Негизинен, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук жана өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар боюнча прокурордук көзөмөлдү эффективдүү жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.

Бул багытта 13 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 33 мыйзам бузуучулуктар аныкталып, аларды четтетүү максатында бир каршылык, сегиз прокурордук сунуш, бир талап, үч эскертүү келтирилип, 16 кызмат адамы ар кандай тартиптик чараларга кириптер болушкан.

Кылмыштуулуктун алдын алуу темасы боюнча, райондук прокуратура тарабынан массалык маалымат каражаттарына бир макала жарыяланган, төрт жолу орто мектептерде лекциялар окулган.

Ал эми, 2020-жылы 2019-жылга карата салыштырганда кылмыштуулук төмөндөгөн. Ленин районунун аймагында, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында жасалган 2019-жылы 145 факты, 2020-жылы
78 факты катталы, 67 фактыга азайган, жаш өспүрүмдөргө карата жасалган 2019-жылы 329 факты, 2020-жылы 230 факты катталып, 99 фактыга төмөндөгөн.

2020-жылдын 12 айына карата Ленин районунун аймагында кылмыштуулуктун абалы боюнча төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот.

Алсак, Ленин районунун аймагында, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында жасалган 78 кылмыш катталган, анын ичинен уурулук – 48, тоноо – 12, каракчылык – бир, бейбаштык – төрт, башка кылмыштар – 13 фактысы катталган.

Ал эми, жаш өспүрүмдөргө карата жасалган 230 кылмыш катталган, анын ичинен уурулук – 60, тоноо – 31, каракчылык – үч, опузалап алып коюу – эки, бейбаш-
тык – 21, башка кылмыштар – 113 фактысы катталган.

Мындан сырткары, райондук прокуратуранын талдоосунун жыйынтыгы менен жаш өспүрүмдөр тарабынан катталган кылмыштардын көпчүлүгү, Ош Базарынын аймагында 25 кылмыш, “Жал” кичи районунун аймагында – 24, жумушчулар шаарчасынын аймагында – беш, “Ак-Өргө” жаңы конушунда – беш, “Азия Мол” соода комплексинин аймагында – үч, филармония имаратынын аймагында эки,
К.Акиев, Турусбеков, Тимирязев
жана Чокморов көчөлөрүндө – алты, “Пишпек” кичи районунда – эки, №96 мектептин аймагында – бир, “Арча-Бешик” жаңы конушунда – үч кылмыш кат-
талган.

Ошондо эле, жаш өспүрүмдөр тарабынан – жети оор кылмыш жасалган учурлары катталган, бир ден соолукка оор зыян келтирүү (138-бер. 2-б. 3-п), бир зордуктоо (161-бер. 4-б.), бир каракчылык (202-бер. 3-б. 3-п), төрт тоноо (201-бер. 3-б.
3-п
).

Талдоо көрсөткөндөй, жашы жете электердин арасында өзүн өзү өлтүрүү учурлары катталган
жок.

Ал эми, жаш өспүрүмдөр арасында катталган жоруктар өскөн, башкача айтканда, майда бейбаштык (119-бер.) 4 учурга жана орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо (90-бер.) 18 учурга көп катталган.

Бул талдоонун жыйынтыгы менен Бишкек ШИИБнын башчысынын наамына прокурордук акты катары сунуш келтирилип, беш кызматкер тартиптик чарага кириптер болушкан.

Ал эми, жетим балдардын укуктарын коргоо багыты боюнча, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн турак-жай жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын сактоо боюнча, Бишкек шаарынын
Ленин районунун аймагында 89 тоголок жетим бала жана 38 жарым жетим бала бар.

Турак жайга муктаж 19 бала катталып кезекте турат. Алардын ичинен 2020-жылы үч жетим балага турак жай берилип, бүгүнкү күндө иш кагаздары даярдалууда.

Мындан ары да, жаш өспүрүмдөрдүн, үй-бүлөнү, эненин, жетим балдардын укугун коргоо, өспүрүмдөр арасында укук бузууларды, жашы жете электерге карата жасалган кылмыштарды алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралары күчөтүлөт жана бул багытта прокурордук көзөмөл эффективдүү жүргүзүлө бермекчи.

Талдоо көрсөткөндөй, келтирилген актылардын төмөндөшү

Жалпылаганда, ишти уюштурууда прокурордук көзөмөлдүн эффективдүүлүгүн, сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, прокуратуранын ыйгарым укуктарын, эмгек ресурстарын жана жумуш убактысын оптималдуу пайдалануу менен уюштурулуп, прокурордук кийлигишүүнүн сапаты тандалып, чыныгы анык мыйзам бузууларды четтетүү менен жарандардын жана юридикалык тараптардын бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ордуна коюу багыттары
көздөлгөн.

Аталган багыттар менен гана чектелип калбастан, граждандык сектор, коомчулук арасында 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы укуктук мейкиндикке киргендигибиздин негизинде, жаңы кабыл алынган мыйзамдардын күчүнө кирген кодекстерди түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, семинарлар, тегерек столдор өткөзүлүп, эл менен жолугушууларда укуктук пропаганда ишмердүүлүгү күчөтүлүп, координациялык кеңешмелер уюштурулуп, массалык маалымат каражаттарында макалалар чыгарылып жана эң негизгиси, сандан сапатка өтүү жана мыйзам бузуулардын реалдуу жоюлуусуна басым жасалды.

Бөлүшүү

Комментарийлер