БАЛДАР ЖАНА ИНТЕРНЕТ: МҮМКҮНЧҮЛҮК МЕНЕН КОРКУНУЧТУН ОРТОСУНДА

  • 21.04.2026
  • 0

Ата-энелердин үчтөн бири, тактап айтканда, 33 пайызы өз балдарын интернетке көз каранды деп эсептейт. И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика жана психология институтунун педагогика кафедрасынын окутуучулары өздөрү жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ушундай тыянакка келишти.

Бүгүнкү күндө интернет адам жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Айрыкча өсүп келе жаткан муун үчүн санариптик мейкиндик — бул билим алуу, байланыш түзүү жана көңүл ачуу үчүн негизги чөйрө болуп калды. Бирок бул ыңгайлуулуктун артында көз жаздымда калтырбоого тийиш болгон олуттуу коркунучтар да бар.

БАЛДАР ЖАНА ИНТЕРНЕТ:  МҮМКҮНЧҮЛҮК МЕНЕН КОРКУНУЧТУН ОРТОСУНДА

Чүй облусунун Сокулук районунун жана Бишкек шаарындагы Октябрь районунун аймактарындагы орто мектептерде жүргүзүлгөн соңку социологиялык изилдөө бул маселеге жаңыча көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк берет. 7 жаштан 18 жашка чейинки балдардын ата-энелеринин арасында өткөрүлгөн сурамжылоого 1235 адам катышкан. Анын жыйынтыгы интернеттин балдардын жашоосуна канчалык деңгээлде терең сиңип кеткенин айкын көрсөттү.

Ата-энелердин үчтөн бири — тактап айтканда 33 пайызы өз балдарын интернетке көз каранды деп эсептейт. Бул жөн гана субъективдүү баа эмес. Себеби сурамжылоого катышкандардын дээрлик жарымы (48%) балдарда көңүл топтоо жөндөмү начарлап жатканын белгилешкен. Бул көрсөткүчтөр интернетти ашыкча колдонуу балдардын когнитивдик өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир берип жатканын көрсөтөт.

Балдардын интернетте өткөргөн убактысы да кооптонууга негиз берет. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, 7–12 жаштагы балдар күнүнө орточо үч саат убакытты онлайн өткөрүшөт. Ал эми 13–18 жаштагы өспүрүмдөрдө бул көрсөткүч беш саатка чейин жетет. Адистер белгилегендей, күнүнө үч сааттан ашык экран алдында болуу баланын психологиялык абалына, окууга болгон кызыгуусуна жана социалдык жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизет.

Айрыкча кыска видеолордун таасири өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. TikTok, YouTube Shorts сыяктуу платформалар бүгүнкү күндө балдардын эң көп убакыт өткөргөн мейкиндигине айланды. Сурамжылоого катышкан ата-энелердин жарымынан көбү балдары мындай видеолорду күн сайын көрөрүн билдиришкен. Бул контенттердин өзгөчөлүгү — алар адамдын көңүлүн тез буруп, кыска убакытта “ырахат” тартуулайт. Натыйжада бала кайра-кайра ошол эле контентке кайрылып, убакытты байкабай коротот.

Адистер бул көрүнүштү дофаминдик стимуляция менен түшүндүрүшөт. Кыска видеолор жана онлайн оюндар мээге тез жана кыска мөөнөттүү ырахат тартуулап, адамды ошол сезимди кайрадан сезүүгө түртөт. Ушундай механизм бара-бара көз карандылыкка алып келиши мүмкүн. Мунун кесепети катары балдар реалдуу дүйнөдөн алыстап, жандуу баарлашууга болгон кызыгуусу азаят, сабакка көңүл топтоо кыйындайт.

Ошол эле учурда интернетти толугу менен зыяндуу деп баалоо туура эмес. Ал — билим алуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан, дүйнө таанымды кеңейткен, өз алдынча өнүгүүгө шарт түзгөн күчтүү курал. Маселе анын өзүндө эмес, аны колдонуу маданиятында.

БАЛДАР ЖАНА ИНТЕРНЕТ:  МҮМКҮНЧҮЛҮК МЕНЕН КОРКУНУЧТУН ОРТОСУНДА

Изилдөө көрсөткөндөй, интернетти туура жана максаттуу пайдаланган учурда анын оң таасири да байкалат. Айрым ата-энелер балдары интернет аркылуу билим алып, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп жатканын белгилешкен. Бирок мындай учурлар, тилекке каршы, жалпы көрсөткүчтө азчылыкты түзөт. Көпчүлүк учурда интернет көңүл ачуу жана убакыт өткөрүү каражаты катары гана колдонулууда.

Бул шартта ата-энелердин ролу өзгөчө мааниге ээ. Сурамжылоонун жыйынтыгында ата-энелердин бир бөлүгү гана техникалык көзөмөл каражаттарын колдонору, ал эми айрымдары таптакыр көзөмөл жүргүзбөй турганы белгилүү болгон. Ошол эле учурда ата-энелердин басымдуу бөлүгү балдары менен интернет колдонуу эрежелерин талкуулап турарын белгилешкен. Бул — жакшы жышаан, бирок жетишсиз.

Адистердин пикиринде, эң натыйжалуу ыкма — тыюу салуу эмес, туура багыт берүү. Балдарга интернетти кантип пайдалуу колдонуу керектигин түшүндүрүү, убакытка чектөө коюу жана эң негизгиси — альтернатива сунуштоо зарыл. Спорт, китеп окуу, чыгармачылык ийримдер жана үй-бүлөлүк активдүүлүк балдардын виртуалдык дүйнөгө ашыкча берилип кетишинин алдын алат.

БАЛДАР ЖАНА ИНТЕРНЕТ:  МҮМКҮНЧҮЛҮК МЕНЕН КОРКУНУЧТУН ОРТОСУНДА

Сокулук районундагы Биримкул атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Света Тагайбекованын айтымында, окуучулар информатика сабагына өзгөчө көңүл бурат.

— Биздин мектепте окуучулардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатында информатика сабагына өзгөчө көңүл бурулат. Ошону менен бирге, окуу процессинин сапатын сактоо жана балдардын ашыкча алаксыбоосу үчүн мектептин ички локалдык актысынын негизинде окуучуларга телефон колдонууга тыюу салынган. Бул чечим ата-энелер коомчулугу менен биргеликте талкууланып, бирдиктүү кабыл алынган.

Балдардын гаджеттерге көз карандылыгын алдын алуу максатында мектеп менен ата-энелер тыгыз кызматташтыкта иш алып барат. Окуучуларды виртуалдык чөйрөдөн реалдуу турмушка багыттоо үчүн ар түрдүү спорттук мелдештер, «Китепти чогуу окуйбуз» өңдүү маданий долбоорлор жана чыгармачылык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Мындан тышкары, мектептеги ийримдер окуучулардын руханий жана физикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошууда. Маселен, улуттук баалуулуктарды жайылтуу багытында «Комуз — көөнөргүс өнөр» ийрими жана ден соолукту чыңдоочу спорттук секциялар активдүү иш алып барат. Ал эми социалдык педагог ар бир окуучунун психологиялык абалын көзөмөлдөп, көйгөйү бар балдар менен жеке тартипте байма-бай иш алып барат – дейт ал.

Мектеп администрациясынын туура багытталган аракеттерине карабастан, бул көйгөй курч бойдон калууда. Демек, маселени чечүү бир гана үй-бүлөнүн же мектептин чеги менен чектелбеши зарыл. Бул багытта коомдук жана мамлекеттик деңгээлдеги системалуу иш-аракеттер талап кылынат. Билим берүү мекемелеринде санариптик сабаттуулукту жогорулатуу, окуучуларга интернет коопсуздугунун негиздерин үйрөтүү жана ата-энелер үчүн маалыматтык-методикалык семинарларды үзгүлтүксүз өткөрүү — мезгилдин кечиктирилгис талабы.

Жыйынтыктап айтканда, интернет — бул эки миздүү курал. Ал баланын өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзүшү мүмкүн, бирок көзөмөлсүз колдонулган шартта олуттуу коркунучка да айланат. Демек, бүгүнкү күндүн эң маанилүү милдети — балдарды интернеттен ажыратуу эмес, аларды санариптик дүйнөдө туура жашоого үйрөтүү.

Миргүл ЭСЕНГУЛОВА,

п.и.к., профессордун м.а., педагогика кафедрасынын башчысы,

Алия МАТКУЛОВА,

магистрант

Бөлүшүү

Комментарийлер