БАЛАНЫН ОРДУ БАКЧАДА

  • 05.04.2021
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлигинин стратегиялык планында мектеп жашына чейинки курактагы бөбөктөрдү  бала бакча менен 80% камсыздоо каралган. Бул максатта жаңы имараттарды куруу, башка максатта пайдаланууга өткөн имараттарды кайтаруу иштерин улантуу, аймактарда кыска мөөнөттүү бала бакчаларын ачуу, балдар борборлорун түзүү сыяктуу иштер колго алынууда.

Бишкекте беш бала бакча курулат

Балдардын саны жылдан-жылга өсүп, бала бакча, мектеп имараттары баштагыдай эле тартыш болуп жаткандыктан, балдарды мектеп жана бала бакчаларга толук камтуу маселеси күн тартибиндеги олуттуу маселе бойдон калууда. Андыктан жаңы имараттарды куруу менен бирге, мурдагы бала бакча имараттарын кайтаруу иштери да жадымдан чыкпашы керек.

БАЛАНЫН ОРДУ БАКЧАДА

Борбор калаада беш мектеп жана беш бала бакча курулушу башталат деген Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулунун маалыматын ата-энелер кубануу менен кабыл алышууда. Вице-мэр шаардык жыйында жаңы имарат курулушунан тышкары, мурда башка мекемелерге ижарага берилген имараттарды муниципалитеттин балансына кайтаруу иштери улантылып жатканын билдирди. Алсак, Бишкек шаарынын 10-кичи районундагы “Кыргызпатентке” берилген “Ласточка” бала бакчасынын имараты эки айдын ичинде мурдагы ээсине кайтарылмакчы. Окуучулардын, бөбөктөрдүн саны өсүп жаткандыктан, кырдаалдан чыгуу максатында мектептерге, бала бакчаларга кошумча имараттарды куруу иштери да караштырылып жатат.

Жаңы имараттарды куруудан башка да пайдалануудагы имараттарды өз учурунда оңдоп-түзөп, кайра калыбына келтирүү иштери байма-бай жүргүзүлүп турууга тийиш. Мектеп директорлорун жана бала бакча башчыларын 2021-жылга социалдык объектилерди өнүктүрүү максатында үлүш гранттарын алуунун автоматтташтыруу тутуму менен тааныштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

БАЛАНЫН ОРДУ БАКЧАДА

Буга эң оболу имараттын чатырын капиталдык ремонттоо жана калыбына келтирүү иштери, жылытуу тутумдарын ремонттоо, ысык жана муздак суу менен камсыздоо, аларды жылуулоо, видео көзөмөл жүргүзүү камераларын орнотуу, имараттардын айланасын көрктөндүрүү-жашылдандыруу жана жарыктоо сыяктуу жумуштарды кошууга болот. Эскерте кетсек, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун стимул (үлүштүк) гранттары – бул шаардын бюджетинен кайтарымсыз алынган каражаттар, ал борбор калааны өнүктүрүүгө арналган.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымованын маалыматы боюнча азыр 1648 бала бакча иштеп жатат. Пандемияга, жаңы стандарттын кабыл алынышына байланыштуу, бакчага барып жаткан балдардын саны 197 миңге жакын, былтыр бул учурда 207 миң бала кабыл алынган, башкача айтканда, 2020-жылы 26% түзсө, акыркы маалымат боюнча быйыл 24,4% бала бакчага барып жатат.

БАЛАНЫН ОРДУ БАКЧАДА

Китепканалардын базасында 50 балдар борбору ачылат

Билим берүү жана илим министрлиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте иштеп чыккан долбоордун алкагында китепканалардын базасында 50 балдар борбору ачылмакчы.

— КР Өкмөтүнүн жүз күндүк тапшырмасынын негизинде жер-жерлердеги китепканалардын базасында дагы 50 балдар борборун 1-майга карата ачуу каралып жатат. Буга чейин 50 балдар борбору ачылган эле. Ага дагы 1500гө жакын бала тартылмакчы. Учурда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 50 китепкананын китепканачыларын эрте курактагы балдар менен иштөө методикасы менен окутууну пландаштырууда. Ал окуулар апрель айы ичинде адегенде, Ош шаарында, андан кийин Бишкек шаарында эки топко бөлүнүп жүргүзүлмөкчү. Китепканачылардын эмгек акысына кошумча акчаларды төлөө жагын маданият министрлиги камсыздайт, ал эми жабдуу иштери тиешелүү органдарга тапшырылган. Эки министрликтин долбоорунун алкагында жыл сайын 50дөн балдарды өнүктүрүү борборлорун ачуу мерчемделүүдө, -дейт Нурзида Касымова.

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар

Бүткүл Дүйнөлүк Банкы каржылаган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу программасы боюнча азыр 300гө жакын айылдан  өтүнмө түштү. Бул тууралуу долбоордун мектепке чейинки билим берүү подкомпонентинин координатору Александра Исаева билдирди.

БАЛАНЫН ОРДУ БАКЧАДА

— 2021-2025-жылдары ишке ашырыла турган чоң долбоордун бири – бул “Келечек үчүн билим берүү” долбоору. Бул кыска мөөнөттүү бакчаларды алыскы жана тоолуу аймактарда, чек ара айылдарында, ошондой эле этникалык азчылык өкүлдөрү жашаган райондордо ачууга басым жасалууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары имарат менен камсыздашат, ал эми долбоор ремонт иштерин жүргүзүп, көргөзмө куралдар, кызыктуу материалдар, ар түрдүү пособиелер менен камсыздайт. Андан тышкары, оюн аянтчаларын куруп, заманбап жылуу ажатканаларды, чайканмаларды, кол жуугучтарды орнотушат. Азыркы учурда жергиликтүү бийликтен өтүнмөлөр кабыл алынып жатат. Эң көп өтүнмөлөр Ош жана Жалал-Абад облустарынан келип түшүүдө. Буга чейин адистер Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облусунун өкүлдөрү менен онлайн жолугушууларды өткөргөн эле. Калган облустарда да жолугушуулар уюштурулуп келатат, — дейт А.Исаева.

Учурда министрлик райондук мамлекеттик администрация жетекчилиги, райондук, шаардык билим бөлүмдөрүнүн башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда атайын кезек-кезеги менен онлайн жыйындарды өткөрүп жатат. Жыйында “Келечек үчүн билим берүү” долбоору тууралуу маалымат берилип, балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, кыска мөөнөттүү бала бакчанын модели жана аны ачуу шарттары тууралуу кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

БАЛАНЫН ОРДУ БАКЧАДА

Балдар мындай бала бакчаларда үч саат гана болушат. Бул убакыт аралыгында балдарга өнүктүрүү, окутуу, тарбия берүү кызматтары көрсөтүлөт, ал эми тамак берүү, уктоо каралган эмес. Мектепке чейинки билим берүүнүн бул форматы экономикалык жактан пайдалуу болгондуктан, аз каражат жумшалат.

Балдарды мектепке даярдоо, мектепке чейинки жана орто мектеп мугалимдеринин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөгөн бул долбоордун алкагында кыска мөөнөттүү бала бакча ачуудан тышкары, 700 тарбиячы окутуудан өткөрүлмөкчү.

Электрондук кезек түзүмүнүн эффективдүүлүгү кандай?

Бөбөктөрдү бала бакчаларга орноштуруунун электрондук кезек түзүмү Бишкек шаарында, Ош шаарында, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Жалал-Абад шаарында, Кызыл-Кыя шаарында, Сүлүктү жана Токмок шаарында киргизилгени маалым. Министрликтин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова, жакынкы аралыкта башка дагы чакан шаарларда ачылуу каралып жатканын билдирди.

— Балдарды бала бакчага кабыл алуунун электрондук кезек түзүмү пилоттук долбоор болгондуктан, азыр анын эффективдүүлүгүн аныктоо боюнча анализ жүргүзүлүп жатат. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында жакшы жактары өнүктүрүп, кемчиликтери оңдолгон соң, өкмөттүк Жоболор кабыл алынса, республика боюнча жайылтылмакчы.

БАЛАНЫН ОРДУ БАКЧАДА

Электрондук кезек түзүмүндө адам фактору аралашпайт. Ата-энелер өз алдынча, үйүнөн эле каалаган бала бакчасына баласын каттай алышат. Электрондук кезеги келгенде, тиешелүү документтерди алып барып, балдарын бакчага киргизгенге укуктуу. Бул долбоор ошол эле учурда баланы бакчага кабыл алууда баарына бирдей шарттарды түзүп, коррупциялык элементтерди жоюу максатын көздөйт. Электрондук кезек боюнча балдар бакчага акысыз кабыл алынат, — деди Нурзида Абабакировна.

Шарт боюнча электрондук кезек түзүмү ачык айкын, аны сайттан көрүүгө болот. Кезекке тураардан мурда, ата-эне баласы кире турган бала бакчанын профилине кирип, канчанчы болуп кезекке туруп жатканын аныктап тактап алышы кажет. Нурзида Абабакировна ата-энелер айлап-жылдап кезекке туруп жетпей жатканынын түйүнү ушул жерде деп түшүндүрдү.

БАЛАНЫН ОРДУ БАКЧАДА

— Албетте, кезекке турса эле маселе чечиле калбасы анык. Бул биринчи кезекте, бала бакчалардын тартыштыгынан улам пайда болуп жатканын баарыңыздар эле билесиздер. Экинчиден, баары эле баланы өзүнүн ыңгайына карап, жакын жайгашкан же борбордогу бала бакчага орноштурууну каалашат. Маселен, Ленин районунда бир бала бакчага миң бала кезекте турат. Ошону көрүп туруп эле ата-эне миң биринчи болуп кезекке турат, анан кантип кезеги келет? Андыктан ата-энелер кезекти күтпөй эле бош орундарды карап, ошол жакка кезекке турса, ошол ыңгайлуу. Болбосо, кезеги жеткиче баланын жаш курагы деле өтүп кетет, — дейт ал.

Ата-энелер үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелүүдө

Пандемия учурунда балдарга эле эмес, алардын ата-энелерине да жардам керек экендиги айкын болду. Айрыкча, үй шартында баланын ден соолугуна, керек болсо, өмүрүнө зыян келбегендей кылып шарт түзүү, окутуу маселеси келип чыкты. Албетте, ар түрдүү кесиптеги ата-энелердин баары эле үйүндө балдарын окута алышпайт. Ушул кырдаалды эске алган мугалимдер атайын программаларды иштеп чыгышып, видео сабактарды даярдашты. Алсак, “Балалык” программасы боюнча 504 видео сабак, “Наристе” программасы боюнча 320дан ашуун видеосабактар тартылып, Баластан телеканалында, ютуб каналында, ББИМдин окуу ресурстарына жүктөлдү. Аларды мугалимдер, тарбиячылар жана каалаган ата-энелер эркин колдоно алышмакчы.

— Бир жылга чукул үй шартында отуруп, бала окутуу, тарбиялоо багытында балдардын ата-энелеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендигине ынандык. Бул максатта ата-энелер үчүн азыр мобилдик тиркеме иштелип жатат. Андан тышкары, мугалимдер, тарбиячылар үчүн окутуучу паспорт, ал эми балдар үчүн окутуучу материалдар иштелүүдө. Алар мобилдик тиркемелерди компьютерден, телефондон эркин колдоно турган шартка ылайыкталып жатат. Буюрса, жылдын аягына чейин даяр болот. Аны кандай кырдаалда болбосун пайдалануу ылайыктуу, айрыкч,а ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга да ыңгайлуу, — дейт Нурзида Касымова.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер