БАЛА ДҮЙНӨСҮН БАЙЫТКАН БАСЫЛМА

  • 03.02.2022
  • 0

Же “Байчечекейден” улам чыккан сөз

Мындан 45 жыл мурун Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин токтомунун негизинде “Байчечекей” журналы уюштурулуп, ага ал кездеги жаш акын, журналист Токтосун Самудинов башкы редактор болуп дайындалып, алгачкы саны чыгып баштайт. Совет мезгилинде аталган журнал мектепке чейинки кенже балдар үчүн арналып, 75 миң нуска менен чыгып турган.

БАЛА ДҮЙНӨСҮН БАЙЫТКАН БАСЫЛМА

Байчечекей өжөр гүлдөрдүн катарына кирет. Ошондуктан ал кыш ала-телек болуп кете албай жатканына карабай, жаз алды гүлдөрдөн биринчи болуп сабак күтүп, бүр ачып гүлдөйт. Байчечекей ошондуктан жаздын жарчысы делет. Биз сөз кыла турган “Байчечекей” журналы да атына заты жарашкан өжөр журнал болуп чыга келди. Дегеним, Совет убагында мамлекеттин камкордугу менен жарык көрүп келген бир топ басылмалар кийин жоюлуп кетсе, эгемендүүлүктүн шартында бул басылма жоголуп кетпей, өзүн сактап кала алды. Анын жок болуп кетпешине көп жылдардан бери “Байчечекейди” “багып” келе жаткан Кыргыз эл акыны Токтосун Самудинов агайыбыздын, анда иштеген үркөрдөй чыгармачыл жамааттын эмгеги зор дээр элек.

Агайды журнал жаңы уюштурулуп жатканда, ал кездеги Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы чакырып алып, бул журналга редактор боло турганын кабарласа, Токтосун агабыз балдар акыны эмес экендигин, чоңдор үчүн жазарын, ошондуктан жаштардын “Ленинчил жаш” журналында иштээрин айтып, жүрөксүптүр. Анда Турдакун агабыз: “Балдар үчүн жаза албасаң, эми жазасың, редактор боло албасаң бара-бара такшаласың”,- деп буйрукка кол коюп, батасын берген экен. Ошондон ушул күнгө чейин “Байчечекей” баатыр гүл болуп, балдардын жан дүйнөсүн байытууда талбай эмгек өтөп келе жатат.

БАЛА ДҮЙНӨСҮН БАЙЫТКАН БАСЫЛМА

Президентибиз С.Жапаров да журналдын 45 жылдыгына карата жылуу куттуктоосун арнап, анда журналдын жаш муундарды тарбиялоодогу ролун баса көрсөтүптүр. Бул бекеринен эмес. Азыркы учурда башталгыч класстагы бала тургай, эки жаштагы бала Интернетке көз салып, кол телефонду тырмалаңдап кармаганды үйрөнүп баштаган заманда “Байчечекейдин” баасы өсүүгө тийиш. Себеби, балдарды улуттук нарктарыбызды, баалуулуктарыбызды кичинесинен канына сиңирүүгө аракет кылышыбыз парз. Бул иште “Байчечекейдин” берер жардамы чоң.

Бүгүнкү күндө кенже балдарга арналган китептердин таңсыктыгы күч алып турганда “Байчечекейдин” орду өзгөчө дээр элек. Бул боштукту бир эле кичинекей журнал толтура алат дегендик эмес. Кенже балдардын жан дүйнөсүн, дүйнө таануусун байытуу иши өзүнчө бир идеологияны талап кылаарын баса белгилегибиз келет. Себеби, бизге анча байкалбаганы менен азыр көпчүлүк бала бакчадагы кичинекей кенжелер башка тилдеги ырларды жатка айтып, тили кичинесинен бөтөн тилге кайрылып, башка маданият менен сугарылып, таасир алып жатканы акылдуу адамды түйшөлтпөй койбойт. Экинчи жагынан, бөбөктөрүбүздүн көпчүлүк ата-энелери балдарына жада калса жомок айтып бергенди билбейт. Бешик ырын аларга эч ким үйрөткөн эмес. Баласы тынчы кетип ыйласа, колуна сотканы карматып, Ютубдан мультфильмдерди коюп берип, жаны тынчыганына кубанат. Баласы тургай, өзүнүн да соткадан башы чыкпайт. Ушундай шартта “Байчечекей” сыяктуу журналдар, китептер жардамга келээр беле дейсиң. Китеп окубаган муундун китеп карабаган балдары кандай болуп чоңоет болду
экен?..

БАЛА ДҮЙНӨСҮН БАЙЫТКАН БАСЫЛМА

Илгери аксакалдар акыр замандын балдары деп бизди урушчу эле. Биз эми өз неберелерибизди ошентип урушчу болдук. Акыр заман деген өзү эмне, ал качан келет деп, аны бир алыс жакта, миң кылымдан кийин келчү нерсе катары карачу элек. Көрсө, акыр заман алдыбызда эле, астанабызда туруптур. Ар бир замандын өзүнүн “акыр заман” деген коркунучу, ооруусу болот тура. Аны билбептирбиз. Эми биз ошол “акыр заман” оорусунан тилибизди, рухубузду, улуттук өзгөчөлүгүбүздү кичинебизден кан-жаныбызга сиңиргенде гана айыгарыбызды сездик бекен же дүйнөлөшүүнүн “топон суусуна” эртерээк секирип кирип кеткенибиз оңбу?!. Анда эле жоголдук…

Эгерде бала бакчалар кыргызча сүйлөбөсө, “Байчечекейдей” журналдардын жасаган мээнети, баа-баркы канчалык?.. Алардын аракети кумга сиңген суудай болуп калбайбы деп түйшөлөсүң.

БАЛА ДҮЙНӨСҮН БАЙЫТКАН БАСЫЛМА

Эми ошол совет мезгилиндеги коммунисттерге да ыракмат, “Байчечекейдей” журналды чыгарып, идеологияны кумда ойногон балага чейин жүргүзгөндөрүнө. Биз балдарыбызды бакчага тапшырып, жумушту көздөй качабыз, а бала бакчада бала кайсы тилде сайрап жатканы менен ишибиз жок. Бакчадагылар майрамдарда ата-энелеринен акча чогултканды жакшы билишет да, кичинекейлердин жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, эне тилинде сонун жомокторду саймедиреп айтканды биле беришпейт. Ушундайда “Байчечекейдей” баатыр гүлдөрдү окушса жардам берер беле деп ойлойсуң. Бирок окушпайт, аттиң.

Кыргыз рухун кичинесинен мээсине сиңирген идеология болсо кана! Балдарыбыз орусча ырды чала моңол жатка айтып берсе, ошого сүйүнүп жүрө бергенибиз жалганбы? Эмне үчүн биз кенже балдарга арнап заманбап китептерди күргүштөтө чыгарбайбыз. Анткени андай багыттагы улуттук адабиятыбыз, маданиятыбыз өксүктө турат. Чыгып жатса да ал жетишсиз. Мааниси туурабы, кенже балдарга ылайыктуубу деп караган киши аз. Демек, бул өксүктү тиешелүү тармактар эске алууга тийиш деп эсептейм. Анткени, “бала деген баладай, башы көзү чарадай” деген кечээги мамилени унутканыбыз жөн. Себеби бүгүнкү кичинекей бала такыр башкача. Байкап баксаң баамчыл, сезимтал, бир нерсени эрте үйрөнөт. Демек, ага болгон мамилени да өзгөртүшүбүз парз.

Эми “Байчечекей” журналы жөнүндө дагы бир жолу эки ооз сөз кыла кетели. Кичинекейлердин журналы азыркы учурда ай сайын беш миң нуска менен республикабыздын аймактарына тарап турат. Балдардын дүйнөсүндөй жылдыздуу журнал кээде колубузга тие калганда кыздын кулагындагы алтын сөйкөдөй көзүбүзгө жарк деп көрүнүп, алыста калган алтын балалыгыбызды эстетет. Түркүн түскө боёлгон бөбөктөрдүн журналы чейрек кылымга жакын балдарыбызга таалим-тарбия берүүдө чоң эмгек сиңирди. Анын жолу али узак, түбөлүктүү болот деген ишенимдебиз. Көөнөргүс бала чагыбыздын байрагы болуп, улам кийинки муундун таасирдүү тарбиячысы, нускоочусу, жомокчусу боло бер, бал тилдүү “Байчечекей” журналы!-демекчибиз.

Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер