БҮГҮНКҮ КЫРГЫЗ АДЕП МАДАНИЯТЫ

  • 11.06.2025
  • 0

Бүгүнкү жаш студент- эртеңки кесип ээси беш жыл билим алуу менен катар элибиздин эзелтеден бери келе жаткан адепахлактык тарбиясын, нарк-насилин, маданиятын жана сүйлөө маданиятын, улууну сыйлоону, кичүүнү урматтоону, элибиздин нарктык жана салттык жөрөлгөлөрүн кошо үйрөнүп чыгышы керек.Турмуш биз окуткан студенттерден эртең толук кандуу, билимдүү, чыныгы адамкерчиликтүү, тарбиялуу адистерди күтөт. Студентти мындай даражага жеткириш бүгүнкү окутуучу-педогогдордун мойнундагы абдан жооптуу милдет. Анткени биз жашаган ХХI кылым- жогорку технологиянын, санариптин жана интернеттин, кибертехниканын, коммуникациянын кылымы. Ушундай шартта келечектеги адистин руханий жактан мекенчилдиги, дүйнө таанымы, келечекке болгон көз карашы биринчи орунда турушу шарт.Ошондуктан бул макалада аудиторияда отурган студенттин 60 мүнөттүк сабактан башталган ой чабыты ага келечек турмушта дайыма колдонуучу бекем жана ишенчиликтүү пайдубал болушу керек экендиги эске алынып, элибиздин кагазга жазылбаган мыйзамдарынан баштап, макал-ылакаптар жана элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүнөн мисалдар келтирилди.

БҮГҮНКҮ КЫРГЫЗ АДЕП МАДАНИЯТЫАдеп -бул адамдын жүрүм- туруму, адамдын өзүн- өзү алып жүрүүсү, улуулардын эл алдындагы тартип, нарк сактоо парызы, жаштардын улуулар алдындагы аткара турган милдети болуп саналат.Кыргыз эли эзелтеден бери өзүнүн эч жерде жазылбаган мыйзамдары менен жашап, муундан-муунга адеп, нарк, тарбия жөнүндөгү өзүнүн айныксыз мыйзамдарын калтырып келген.

Илимий жактан алып караганда , адептүүлүк- адамдын жүрүш- туруш нормасын аныктоочу моралдык эреже жөнүндөгү этикалык түшүнүк.Сылыктык, сыпайкерчилик, кичи пейилдик,уяттуулук деген түшүнүктөр адептүүлүктүн  негизин түзөт. Адептүүлүк маданияттуу жүрүш- туруштун сырткы көрүнүшү катары коомдук жана жекече турмуштагы жүрүм- турумдун эрежелерин, өз ара мамилелерин сактоого багытталат. “Акылдуу жетээр муратка, акылсыз калаар уятка” деген элибиздин макалы бар. Адептүүлүктү сактоодо акыл жана тарбия башкы орунда турат. Улуу-кичүүнү урматтоо жана сыйлоо башка элдердей эле кыргыздарда да калыптанган тарбиялык үлгү болуп эсептелет.

Азыркы замандын талабына ылайык адеп маданияты, же болбосо маданияттуу жүрүм-турум ар бир кыргыз жаранынан коомчулук тарабынан талап кылынуучу мыйзамдык касиет болуп саналат.

Адептүүлүккө тарбиялоо-бул коомдогу адамдардын аң-сезиминин максатка жараша калыптанышы, аң-сезимдин ызааттуулук жактан өнүгүшү, башкача айтканда адам өзүнүн алдына кандай максат койсо ошону аткарыш үчүн бардык аракетин жасайт. Ошол жолдо коомдук адептүүлүктун, адеп маданиятынын сакталышы парыз.

БҮГҮНКҮ КЫРГЫЗ АДЕП МАДАНИЯТЫАдамдын жүрүм- туруму, анын мүнөзүндөгү көнүмүштөрдүн пайда болушу- биринчиден, анын кичинесинен-учкан уясынан алган тарбиясынан, экинчиден, анын айлана-чөйрөсүнөн,адамга түзүлгөн шарттан жана коомдогу мыйзамдуулукту сактай билүүдөн болот.  Канча адам айлана-чөйрөдөгү шарттан, көрүнүштөрдөн, күткөн чөйрөсүнөн  улам  ар кандай турмуштук шарттарга кабылышы мүмкүн. Бул жерде улуулардын нускасы, мектептен алган тарбия, жашап жаткан коомдогу мыйзамдуулуктун сакталышы чоң мааниге ээ.

Ошондой эле өз элинин эзелтен келе жаткан үрп-адаттарынын жакшы жактарын сактоо,адамдын өзүн- өзү байытуусу, окуп билим алуусу, ошол эле убакта башка элдердин да үрп-адаттарын, тилин, маданиятын, улуу жактарын сыйлай да, үйрөнө да билүү бүгүнкү жаштардын алдында турган милдет. Мисалы, бир же бир нече тил билген адам эч жерде кор болбойт, ал ошол сапаты менен коомго, адамдарга кызмат кылат. Өз элинин жана башка элдердин маданиятын, салт-санаасын үйрөнүү жана аны керектүү жерде колдоно билүү адамдын күндөлүк турмуштагы адеп маданиятынын өсүшүнө жана калыптанышына алып келет.

БҮГҮНКҮ КЫРГЫЗ АДЕП МАДАНИЯТЫ Бирок, сен ошол көп тилдүүлүктү үйрөнүү менен катар, мейли азыркы заманга ылайык IT технологияны үйрөнүү менен катар өз элиңдин маданиятын, нарк-насилин, ата-салтыңды толук үйрөндүң болду бекен? Мына сен Улуттук университеттен 5 жыл окуп, канат байлап келечекке аттанганы турасың. Келечекте сени ары татаал, ары жооптуу жолдор күтүп турат. Түркүн мүнөз адамдарга кездешесиң. Ошол чоң турмушка сени даярдоодо эң оболу сенин уяң-ата-энең жана биз сени окуткан агай-эжелериң сага татыктуу нарк-насил, тарбия бере алдык болду бекен?

Мейли сен жогорку профессионалдуу IT боюнча адис болдуң дейли. Бирок ошол сен иштеген чөйрөдө, эмгек жамаатында сенден да артык билимдүү, дүйнө таанымы кенен, ар тараптуу билимдүү адамдарга жолуксаң элиңдин басып өткөн тарыхын,  санжырасын, адеп-ахлагын билбесең, дүйнөлүк маданияттан, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды, аалымдарды жана ойчулдарды билбесең сүйлөшө келгенде кепке кемтик болуп жүрбө?

Башканы коюп, өзүңдун залкар жердешиң, бүтүндөй ааламга таанымал Чыңгыз Айтматов атаңдын чыгармаларын окуй алдың болду бекен? Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычын” , Түгөлбай Сыдыкбековдун “Көк Асабасын” окудуң беле? Алыкулдун ырларынан бир нече сап жатка айта аласынбы? Адамкерчилик, жүрүм-турум жагынан акыркы бир жылда ким бирөөгө жакындан жардам кылдыңбы? Мына ушуларды ойлонуп көрчү?!

Эми кайрадан кеп төркүнүнө кайрылалы.

Адамды бардык учурда чынчылдык жана адептүүлүк, адилеттикти сактоо жана ал үчүн күрөш коштоп жүрүшү керек. Ар ким өзүнүн жүрүш-турушун сын көз менен кароого милдеттүү. Ошондо гана адамда жогорку деңгээлдеги адеп маданияты сакталат.

БҮГҮНКҮ КЫРГЫЗ АДЕП МАДАНИЯТЫБайыркы Римдин атактуу мамлекеттик жана саясий ишмери, оратордук искусствонун атасы Марк Туллий Цицерон (биздин заманга чейинки 106-43 -жылдар) “Жашоо-бул баарыдан мурун  туура ой жүгүртүү” деген.

Атактуу Сократ “ Эч ким сага дос эмес, эч ким сага душман да эмес, бирок ар бир адам сага мугалим” деген. Демек, адам башкалардын кемчиликтерине да адилеттүү баа берүүгө үйрөнүшү зарыл. Бул жашап жаткан коомдо адам эч убакта жалгыз эмес. Анын айланасында ар дайым ал иштеген же окуган жамаат турат. Адамдардын ортосунда бирдиктүү тарбия болушу абзел жана керек. Адамдын эрки коомдун талаптары менен шайкеш келиш керек, анткени адам коомдон, элден сырткары эч жалгыз жашай албайт.

Адамга ар дайым адам керек, тегерегиндеги адамдардын жакшы сөзү, колдоосу керек, жерде көмөгү, жардамы керек. Адам адамга ар дайым  кол сунууга милдеттүү- бул элибиздин салтындагы айныксыз , жазылбаган мыйзамдардын эң башкыларынын бири. “Жетимге кордук көрсөтпө” деген кыргыз.

Кадимки Курманбек баатыр калмактын каны Дөлөн хан тарабынан найза жеп жарадар болгондо досу, Кашкардын ханы Аккан келип,  жарадар болгон Курманбекти ор ичинен араң таанып жараатын таңып, дары сүйкөп, “Эми жүр үйүңө алып кетейин “ дегенде оор жарадар болгон Курманбек жараатынан улам атка жүрө албастыгын билдирип, өлүм алдында жатып  Аккан досуна керээзин айтып, алты жашар баласын   досуна тапшырат.

Кара күрмө шайыңды,

Кийе турган далым жок.

Кара памил чайыңды,

Иче турган шайым жок.

 

Кызыл күрмө шайыңды,

Кийе турган далым жок.

Кызыл памил чайыңды,

Иче турган шайым жок.

 

Жолдо коргон көрүнсө,

Тийип өткүн четинен.

Жолдо ыйлаган жалгыздын,

Сүйүп өткүн бетинен.

 

Адырда коргон көрүнсө,

Тийип өткүн четинен.

Алты жашар жалгыздын,

Сүйүп өткүн бетинен.

 

Эл-журтума мен жактан,

Айтып өткүн саламды.

Ардактап жакшы багып ал,

Артымда калган баламды,- деп  аманатын Аккан досуна тапшырат.

Демек, эзелтеден бери эле боорукердик, гумандуулук, мээрмандык эл канына сиңип келген улуу касиеттерден.

БҮГҮНКҮ КЫРГЫЗ АДЕП МАДАНИЯТЫЭлибизде “Жардынын жүгүн көчүрбө, жаккан отун өчүрбө” деген накыл бар. Анын сыңарындай,бүгүнкү рыноктун, базар экономикасынын шартында колунда жокторго кол сунуу, алсызга жардам берүү -бүгүнкү мецанаттардын, байлардын парызы болуп саналат. Бардык эле адам өкмөттү карап отура бергенде болбойт. Демек, адептүүлүк адамдын эрки менен анын духовный, руханий байлыктарынын шайкеш келиши болуп эсептелет.

БҮГҮНКҮ КЫРГЫЗ АДЕП МАДАНИЯТЫАдам өмүр бою тарбияланып, такшалат, бирок ошентсе да, тарбиянын башаты, калыптануусу, жүрүш- туруштун тигил же бул эрежелерин үйрөнүүсү негизинен балалык, өспүрүм  кезинен башталат. Бул жерде эң биринчи ата-эненин ролу зор. Андан кийин анан азыркынын шарты боюнча бала бакча, анан мектеп, анан жогорку окуу жай же адам кездешкен чоң турмуш… Адептүүлүк маданияты кайсы коом, кандай шартта болбосун адамды коштоп жүрүүчү улуу эреже. Кыргызда улууну сыйла, улуунун алдынан кыя өтпө, улуудан мурун сөз талашпа, улуулар айткан акылды сезимиңе түйө бил, ар дайым тазалыкты жана тартипти сакта, бирөөгө жардам керек болсо колуңдан келген жардамыңды аяба, чынчыл жана калыс бол, ак ниетиң менен эмгек кылсаң- үзүрүн көрөсүң, арзан жана бекер оокатка алданба, бирөөнүн мүлкүнө же байлыгына көз артпа, улууну сыйласаң кичүүдөн урмат көрөсүң, өзүң эмгек кылып тапкан наның таттуу болот, адамдын сага кылган жакшылыгын эч качан унутпа, бирөөгө жаманчылык кылсаң өз башыңа келет деген асыл накылдар, кымбат баалуу тарбиянын түрлөрү бар.

БҮГҮНКҮ КЫРГЫЗ АДЕП МАДАНИЯТЫМына ушул тарбиянын баарысын бүгүнкү өзүбүз жашап жаткан коомго ылайыктап пайдалануубуз керек. Адеп маданияты- тарбиялуулуктун белгиси.

Сөз акырында айтаарым, “Адеп” сабагын окутуу билим берүүнүн мамлекеттик программасына кадыресе кирип, ага атайын сааттык ченемдер берилиши керек. Ансыз, ал ар бир мугалим менен окутуучунун негизги предметинин кириш сөзүндө коштоп айтылган көнүмүш осуятка арналат. Биз “адеп”сабагы аркылуу гана окуучуну жана студентти руханий жактан келечектеги Адамга айландырабыз.

 Сардагүл Мамбетова,   

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин ага окутуучусу,  КРнын билим берүүнүн мыктысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер