АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДИН АВТОРДУК ДОЛБООРЛОРУ

  • 20.01.2022
  • 0

Башкы сөз ордуна…

Айтор, жыйырма сегиз жылдык педагогикалык эмгек жолумда аздыр-көптүр тажрыйба топтодум. Эми ошону жаш мугалимдерге үйрөтүүнү туура көрдүм.

АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДИН АВТОРДУК ДОЛБООРЛОРУ

«Бир окуучу — бир сүйлөм» долбоору

Адабий окуу, кыргыз адабияты сабактарында бул ыкманы колдонсоңуздар болот. Кара сөз түрүндөгү тексттин ар бир сүйлөмүн окуучулар ирети менен айтып чыгышат. Окуянын, сюжеттин өнүгүшү баштан аяк камтылат. Сунушталган долбоорду тез үйрөнүү үчүн 5-класстын адабият окуу китебиндеги «Акылдуу дыйкан» жомогун тандап алыңыздар.

75 С°долбоору

Окуучулардын кол жазмасын калыбына келтирүү, сулуу жазууга көнүктүрүү максатында 75С° долбоорун тандаңыздар. Окуучулар тамгаларды жантайыңкы абалда, солдо оңго карай 75С° (градус) кыйгачтатып жазышса, сулуу жазууга көнүгүшөт.
Мектеп окуучулары тема боюнча боюнча өз түшүнүгүн айткан мезгилде теманын алкагында жетимиш беш пайыз ой жүгүртө алышса, эң чоң жетишкендик болот. Ии, баса, мугалим жаңы теманы окуучуга 75 % жеткире билсе, сабак өз максатына жетет.

«20+1» долбоору

Бул ыкма адабият сабагында колдонулат.Эгерде окуучу текст боюнча өз түшүнүгүн оозеки айткан кезде 20 (жыйырма) сүйлөмдү түзүүгө жетишсе, кеп маданияты өркүндөйт. Жыйырма жана андан ашык сүйлөмдү шыдыр айткан окуучуга «беш» деген бааны коёлу.
Эскертүү иретинде: Бул долбоорду ишке ашыруу учурунда бир окуучуну байкоочу, же катчы деп шайлаңыздар. Ал окуучу теманы айтып жаткан классташынын сүйлөмдөрүн санап олтурат.

«С+М» долбоору

Мен бул долбоордун аталышын тамашага салып, «Султанмурат + Мырзагүл» деп айтам. Ооба, ошентип айтсам, окуучулар дуу күлүп жиберишет. Чындыгында, менин бул табылгам «Синтаксис + Морфология» деген маанини түшүндүрөт.
Синтаксис менен морфологияны терең өздөштүргөн окуучу сабаттуу болот. Тил илиминин өзөгүн грамматика түзөөрүн сабактардын жүрүшүндө окуучулардын эсине салабыз.

АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДИН АВТОРДУК ДОЛБООРЛОРУ

«Куйма кулак» долбоору

Окуучуларга чечендик өнөрдү, риторикалык оюндарды, санжыралуу сөз берметтерин, макал-лакаптарды үйрөтүү жараянында ушул усулду пайдалансак, бир топ утушка ээ болобуз.

«Алты бир тууган» долбоору

Кыргыз тилиндеги атооч, илик, барыш, табыш, жатыш жана чыгыш жөндөмөлөрүн ушинтип жөнөкөй ыкмада үйрөтсөк, окуучулар үчүн эсте каларлык болот.

«Талаалап кетпе!» долбоору

Окуучуларга сабактын темасын түшүндүрүү жараянында өзөк окуянын негизинде сөз сүйлөөнү, белгилүү бир максатты туу тутунган логикалык ой жүгүртүүнү үйрөтөлү.
Мугалим да, окуучулар да капкараңгы чытырман токойго кирип кетип, адашып калышпасын!

«Сөз мончок»долбоору

Кандайдыр бир тамыры терең сөздү, кыргыз элинин төл сөзүн окуучуларга жеткирели.
Мисалдарды келтиребиз: Жамбы — уютулган алтын.
Жылаажын — куштун бутуна тагылган кичинекей коңгуроо. Алабуга — форель балыгы.

«Көчмө ачык сабактар» долбоору

Өзүбүздүн эң мыкты сабактарыбыздын бир үлгүсүн коңшулаш класстык бөлмөдөгү, же коңшулаш мектептеги мугалимдин уруксатын алып, анын окуучуларына деле өтүп берели.
Мына ошондо өз ара тажрыйба алмашуу тез өнүгөт.

Адабият альбому

Ооба, кыргыз адабияты сабагы үчүн да сүрөт альбомдорун уюштуралы.
Окуучулар өтүлгөн теманын тегерегинде сүрөт тартышсын. Маселен, улуу акын Аалы Токомбаевдин «Ай нурунда кышкы түн» деген ырынын негизинде 5-класстын окуучулары пейзаждык эмгекти аткарышса болот.

«Ак терек, көк терек» сөз оюну

Бул оюнду үйрөнүү оңой. Мугалим тигил, же бул макалдын биринчи сүйлөмүн айтса, окуучулар экинчи жарымын айтышат.
Мугалим: Акыл айга жеткирет.
Окуучулар: Өнөр көккө жеткирет.

АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДИН АВТОРДУК ДОЛБООРЛОРУ

«Жакшылык күндөлүгү» долбоору

Бул табылганы тарбиялык сааттарда колдонолу. Казак элинин көрүнүктүү акыны Мухтар Шаханов тээ өспүрүм курагында өз досу менен башкаларга жакшылык кылуу боюнча жарышып турчу экен. Анын сыңарындай, биз окуучуларды улууга урмат, кичүүгө ызаат кылууга үндөшүбүз керек. Биздин окуучулар «Жакшылык күндөлүгү» деген дептерди ачышып, кары-картаңдарга, коңшу-колоңдорго, ата-энелерге, досторуна көрсөтүшкөн көмөк, жардамдарын жазып жүрүшсүн. Окуучулар бири-бири менен өз ара жакшылык жасоо боюнча мелдеш уюштурушсун.

Тайир АШИРБАЙ,
Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер