Айтматовдун «Ысык-Көл форуму» – aдaмзaттын жаңы плaнетaрдык aң-сезиминин өзөгү

  • 04.06.2026
  • 0

2026-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргызстандын эл жазуучусу Арслан Койчиев “Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форумунун” 40 жылдык (1986-2026) мааракесин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик идеологиясынын — “Улуттук дух — дүйнөлүк бийиктиктер” Уңгужолунун негизинде демилгелеген. Бул демилге “өлкөбүздүн жарандарын бириктирүүгө, жаркын келечекке болгон ишенимди жандандырууга, жарандык патриотизмди, улуттук рухту бекемдөөгө, ага жаңы дем берүүгө, жаңы демилгелерге жол ачууга өбөлгө боло турган идея” катары бааланган [1]. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров колдогон, он экинчи жолу өткөрүлө турган Ысык-Көл эл аралык форумунун мааракесин ЮНЕСКОнун патронажы астында өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу 2026-жылдын 26-майында Парижде Кыргыз Республикасынын маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен ЮНЕСКОнун Башкы директору Халед Эль-Энанинин жолугушуусунда тастыкталган. Бул факт Ысык-Көл эл аралык форуму дүйнөлүк диалог үчүн маанилүү аянтча болуп калганын жана эл аралык деңгээлде расмий таанымга ээ болгонун көрсөтүп турат. Дүйнөлүк ойчулдардын жана интеллектуалдардын мааракелик форуму 2026-жылдын 18-21-июнь күндөрү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл жээгинде, Чолпон-Ата шаарында өтөт. Редакция форумдун катышуучуларынын бири, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Кыргызстандын тарыхы жана чет элдик чыгыш кафедрасынын башчысы, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, илим жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, тарых илимдердин кандидаты, профессор Сапаралиев Дөөлөтбектин “Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму: тарыхы жана азыркы учуру” деген темадагы илимий докладын жарыялайт.

Залкар жазуучубуз XXI кылымдын босогосунда адамзаттын дүйнөлүк мерчеминдеги проблемалары боюнча пикир алмашуу менен жаңы кылымды «Планетанын кылымы», «Чыгармачылыктын кылымы» деп жарыялаш үчүн 1986-жылдын 14-17 — октябрь күндөрү Кыргызстандын бермети Ысык-Көл жээгинде дүйнө жүзүндөгү адабият, маданият жана искусстводо атагы чыккан 18 адамды, кыргызча айтканда «шеринеге» (кезектешип мейманда болуу менен өз ара баарлашууга) чакырып уюштурганы белгилүү. Алардын арасында жазуучу, драматург, кинорежиссёр жана актер, Америка киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгынын ээси Питер Устинов (Улуу Британия), окумуштуу-футурологдор Олвин жана Хейди Тоффлер (АКШ), жазуучу-драматург, «PEN-Club»тун президенти Артур Миллер (АКШ) жана Жеймс Болдуин (АКШ), актер Дэвид Болдуин (АКШ), Альфред Нобель сыйлыгынын лауреаты Клод Симон (Франция), Рим клубунун башчысы Александр Кинг (Италия), окумуштуу, педагог Аугусто Форти (Италия), сүрөтчү Афеверк Текле (Эфиопия), жазуучу Яшар Кемаль (Түркия), ырчы, композитор Өмер Зульфу Ливанелли (Түркия), Лисандро Отеро (Куба), окумуштуу Федерико Майор (Испания), музыкант Нарайяна Менон (Индия), окумуштуу Акбар Турсунов (СССР), социолог Рустем Хаиров (СССР) жана Чыңгыз Айтматов (СССР) катышкан эле[2].

Айтматовдун «Ысык-Көл форуму» – aдaмзaттын жаңы плaнетaрдык aң-сезиминин өзөгү

“Ысык-Көл форумунун” ачылышы. Чолпон-Ата, 14-октябрь, 1986-ж.

Баарлашуулардын негизинде үчүнчү миң жылдыкты тынчтыктын, гумандуулуктун жана түзүүчүлүктүн салтанаты катары тосуп алууга бүткүл планетабыздын даярдык көрүүсү керек деген өтө кызыктуу жана терең акылман демилге жаралган. «Эл аралык деңгээлдеги интеллектуал адамдардын алгачкы бейтарап жолугушуусу чыгармачылык аркылуу аман калуу» деген ураандын алдында өткөрүлгөн. Ошол учурда жаңыча баарлашып ой-жүгүртүүнүн негизинде бейкут келечегине жол салууга даанышман адамдын чыгармачыл күч-кубатынын болочок проблемаларын чечүүнүн куралы катары, жалпы адамзаттык баалуулуктар таптык жана башка этникалык, улуттук кызыкчылыктардан өйдө турат деген жалпы планеталык жаңыча ой-жүгүртүүнүн зарылчылыгын жаратты[3]. Албетте, дүйнөлүк интеллектуалдардын мындай жемиштүү жана кайталангыс ой-жүгүртүүлөрү эки карама-каршы – СССР башчылык кылган социалисттик жана АКШ баштаган капиталисттик системалардын «кансыз согуш» деп аталган күрөшү бүтүп бараткан мезгилинде анын тездешине кандайдыр бир түрткү болгонуна шек жок. Чыңгыз Айтматов 2006-жылы журналист Олег Фочкинге берген интервьюсунда: «Ысык-Көл форумун» баштап, аны алып барып жатканыма сыймыктанам жана бул – менин негизги ийгиликтеримдин бири”[3] деп баса белгилеген экен.

Айтматовдун «Ысык-Көл форуму» – aдaмзaттын жаңы плaнетaрдык aң-сезиминин өзөгү

1986-жылдагы «Ысык-Көл форумунун» катышуучулары, солдон оңго: киноактер Давид Болдуин (АКШ), футуролог Олвин Тоффлер (АКШ), Мария Айтматова (СССР), жазуучу Джеймс Болдуин (АКШ), жазуучуАльфред Нобель сыйлыгынын ээси Клод Симон — (Франция), музыкант, коомдук ишмер Нараяна Менон (Индия), композитор Йомер Зульфу Ливанели (Түркия), Аскар Айтматов (СССР), жазуучу Яшар Кемаль (Түркия), сүрөтчү Афеверк Текле (Эфиопия), жазуучу-драматург, “PEN-club”тун президенти Артур Миллер (АКШ), Чыңгыз Айтматов (СССР), социолог Рустем Хаиров (СССР), футуролог Хайди Тоффлер (АКШ), окумуштуу Рим клубунун Президенти Александр Кинг (Англия), окумуштуу Акбар Турсунов  (СССР). Ысык-Көл. (Кыргызстан Мамлекеттик Музейдин фондунан).

Ал эми 1986-жылдагы «Ысык-Көл форуму» жөнүндө алгачкы кабарды алган Ч. Айтматовдун окурманы, самарканддык ысымы белгисиз өзбек айыл аксакалы, чабан: «Жазуучу деген ушундай болсун! Бүтүн дүйнөнүн кыйындары топтолгон тура! Мына сага эки Чыңгыз: Бири кылыч жалаңдатып, дүйнөнү жексен кылмакчы болгон эле. Биздин Чыңгыз болсо аалам кыдырып, тынчтык туусун желбиретип барат. Иши кылып, өмүрү узун болсун…”[4]— деп тамшана алгачкы баасын берген эле. Бул таасын айтылган ой, кийин дүйнөгө тарап, такталып «Ааламга даңкталган эки Чыңгыз»[5] аксиомасына айланып калганы да өзүнчө эле символикалык көрүнүш.

Бул байыркы көк түрктөрдүн жана азыркы кыргыз элинин бешиги болгон Ысык-Көлдүн жээгинде түзүлгөн эл аралык коомдук уюм «Ысык-Көл форуму» деп аталып эл аралык деңгээлдеги интеллектуалдардын баарлашуу аянтчасы катары бир жагынан түрк дүйнөсүн ааламга таанытуу булагы да болуп калганы талашсыз.

«Ысык-Көл форуму» 1987-1997-жылдар аралыгында дүйнөнүн беш мамлекетинде (Швейцария, Испания, Мексика, АКШ, Франция) чакан форматтарда өткөрүлгөн. 1997-жылы 14-18-июлда Кыргызстанда уюштурулган. Мурунку катышуучулардан Ч. Айтматов, 1987-1999-жылдардагы ЮНЕСКОнун баш катчысы Федерико Майор (Испания), Петр Устинов (Улуу Британия), Александр Кинг (Италия), Афеверк Текле (Эфиопия), Нарайана Менон (Индия), Акбар Турсунов (Таджикистан) болсо, жаңы келгендер: жазуучулар Андрей Золотов (Россия), Евгений Евтушенко (Россия), окумуштуу Рустем Хаиров (Россия), окумуштуу Мартин Лис (Франция), композитор-ырчы Палат Булбул оглы (Азербайджан), Мухтар Шаханов (Казакстан), жазуучу Тулепберген Каипбергенов (Өзбекстан), саясатчылардан М. Горбачев (Россия), Сулейман Демирел (Түркия), Аскар Акаев, Апас Жумагулов, Роза Отунбаева (Кыргызстан) жана башкалар келип катышышкан[6].

Форумдун негизги темасы «XXI кылымдагы маданияттын глобалдык жана улуттук жагдайлары» деп аталып, негизги докладды Чыңгыз Айтматов өзү жасаган. Анда улуу жазуучунун оюу боюнча, ошол мезгилде адам цивилизациясынын өнүгүшүндө улуттук маданияттын таасири үстөмдүк мааниге ээ боло баштады, андыктан анын көп кырдуу кубулуштарын тек кана конструктивдүүлүккө багыттоо өтө маанилүү экендигин баса белгилеген[7].

Айтматовдун «Ысык-Көл форуму» – aдaмзaттын жаңы плaнетaрдык aң-сезиминин өзөгү

1997-жылдагы «Ысык-Көл форумунун» катышуучулары, солдон оңго: россиялык жазуучу, академик Андрей Золотов, Чыңгыз Айтматов, эфиопиялык сүрөтчү Афеверк Текле, өзбекстандык жазуучу Тулепберген Каипбергенов. Бишкек

Айтматовдун «Ысык-Көл форуму» – aдaмзaттын жаңы плaнетaрдык aң-сезиминин өзөгү

1997-жылдагы «Ысык-Көл форумунун» катышуучулары, солдон оңго: Михаил Горбачев – СССР дин Президенти, Чыңгыз Айтматов, Федерико Майор – ЮНЕСКОнун 1987-1999 – жж. баш катчысы. Ысык-Көл. (Кыргызстан Борбордук Мамлекеттик Архиви. № 0-50591).

Бул «шериненин» эки жолку катышуучусу, ЮНЕСКОнун мурдагы баш катчысы (1987-1999) Федерико Майор 2011-жылы 14-октябрда «Азаттык» эл аралык радиосуна берген маегинде, «Ысык-Көлдөгү 1986-жылдагы баарлашуу мен үчүн өтө маанилүү баскыч болгон. «Шеринеден» кийин Кыргызстан бизге – катышуучуларга жакын жана сүйүктүү өлкөгө айланды» деп өз кубанычын билдириптир.[8]

2004-жылдын 12-19-июнь аралыгында Кыргызстандын Ысык-Көлүндө ЮНЕСКОнун колдоосу менен «Евразиялык саммит» өткөрүлгөн. Бул Ч. Айтма­товдун пикиринде кандайдыр бир мерчемде «Ысык-Көл форумунун» уландысы болгон (демек, сегизинчи ирет). Мындагы баарлашууга биринчи кезекте көрүнүктүү саясатчылар: Каичиро Мацууро — ЮНЕСКОнун баш катчысы, Сергей Орджоникидзе — БУУнун Европа бөлүмүнүн генералдык директору, Сейид Мохаммед Хатами — Ирандын Президенти, Владимир Путин — Россиянын Президенти, Аскар Акаев — Кыргызстандын Президенти, Эмомали Рахмон — Тажикистандын Президенти, Хусейин Челик – Түркиянын тышкы иштер министри, Чжан Яньян – Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси, Ч. Айтма­тов,  Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү жана башкалар катышып[9], дүйнө­дөгү көйгөйлүү маселелердин ичинде Евразия өлкөлөрүндөгү калктардын кедей­чилигин жана жумушсуздугун кантип жойсо болоору жөнүндө ой бөлүшүшкөн[10].

Демек, 1986-2008 жылдaры Чыңгыз Aйтмaтов уюштургaн жaнa жетекте­ген дүйнөнүн белгилүү чыгaрмaчыл aдaмдaры менен тaaсирдүү сaясaтчылaры биригишкен эл aрaлык «Ысык-Көл форуму» аркылуу, aлaрдын бaaрлaшуу­сунун негизинде кaлыптaнгaн жaңы aдaмзaттын эс-тутуму плaнетaрдык aң-сези­минин өзөгү, тынччылыктын жaнa эркиндиктин мыйзaмдaры менен глобaлдуу цивилизaцияны түзүү экендиги тaaнылып, aaлaмгa тaрaды десек жaңылбaйбыз.

Улуу жазуучу дүйнөдөн кайткандан кийин, Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууга чакырылган Чыңгыз Айтматовдун жакын досу, ЮНЕСКОнун мурдагы башкы катчысы Федерико Майор Сарагоса форумдун уюштуруучуларына төмөнкүдөй таасирдүү кат жолдогон: “Бүгүнкү күнүмдүк турмушубузда Айтматовдун 1986-жылдагы ой-толгоолорунун жана келечекти көрө билүүсүнүн өзөгүн түзгөн принциптер менен баалуулуктарды эскерип, аларды кайрадан жандандыруу азыр өзгөчө актуалдуу жана өз убагында коюлган маселе. Ал “ХХ кылымдын залкар жазуучусу” гана эмес, ошол доордун караңгы агымдарын түп-тамырынан өзгөртүүгө жол ачкан тынчтыктын улуу куруучусу да болчу”, 10-июнь, 2013-ж.»

Ошентип, 2013-жылдын 14-16-ноябрь күндөрү Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында улуу кыргыз элинин жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган «Чыңгыз Айтматов жана анын Ысык-Көл форуму: маданияттардын диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу» аттуу (тогузунчу) Эл аралык форум болуп өттү. Форумду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги (министри — Султан Раев), «Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму» эл аралык коомдук бирикмеси (төрагасы — Аскар Айтматов), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борбору (жетекчиси — Доолотбек Сапаралиев), Кыргызстандык орус тили жана адабияты мугалимдер коому (жетекчиси — Замира Дербишева) уюштурду. Форумга 18 өлкөдөн (Азербайжан, Германия, Иран, Италия, Индия, Египет, АКШ, Кытай, Молдова, Монголия, Сирия, Шри-Ланка, Түркия, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан) 150гө жакын чыгармачыл адамдар, окумуштуулар, саясатчылар жана интеллектуалдык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Форумдун катышуучуларына Европадагы илим демилгесинин президенти Федерико Майор Сарагоса жана СССРдин экс-президенти Михаил Горбачев видеокайрылуу жөнөтүштү.

Форумдун катышуучуларынын арасында биринчи форумдун уюштуруучулары – академик, Эл аралык опера жана поэзия институтунун вице-президенти – Аугусто Форти (Италия), профессор Рустам Хаиров (Россия), экинчи форумдун катышуучулары, Казакстандын Эл жазуучусу – Мухтар Шаханов, академик, Россия көркөм өнөр академиясынын вице-президенти – Андрей Золотов, ошондой эле Түркмөнстандын эл артисти, кинорежиссер Ходжокули Нарлиев, Ататүрк атындагы Маданият, тил жана тарых боюнча Жогорку кеңешинин төрагасы – Дерья Орс, «Жаңы Германия» («Neues Deutschland») гезитинин редактору – Ирмтрауд Гучке, профессорлор Чарлз Карлсон (АКШ), Норзон Долгорсурэн Жамьян (Монголия), Бахрам Амирахмедиан (Иран), Ахмед Сами Элайди (Египет), Хамидулла Балтабаев (Өзбекстан) жана башкалар болду.

Айтматовдун «Ысык-Көл форуму» – aдaмзaттын жаңы плaнетaрдык aң-сезиминин өзөгү

Академик Аугусто Форти (Италия) «Чыңгыз Айтматов жана анын Ысык-Көл форуму: маданияттардын диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу» эл аралык форумунун катышуучуларын куттуктоодо. Бишкек, 2013-жыл.

Форумда төрт глобалдык тема талкууланган: «Чыңгыз Айтматовдун инсандык феномени»; «Ысык-Көл форуму: генезиси, эволюциясы жана келечеги»; «Жалпы адамзаттык баалуулуктар жана цивилизациянын өнүгүү маданий векторлору»; «Кыргызстан, Евразия жана түрк дүйнөсү глобалдык процесстердин контекстинде: ичтен жана сырттан кароо».

Форумдун катышуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасынын призмасы аркылуу адамзаттын жана азыркы цивилизациянын өнүгүүсүнүн социалдык-маданий көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн интеллектуалдык аянтча катары айтматовдук «Ысык-Көл форумун» мезгил-мезгили менен өткөрүү идеясын бир добуштан колдошкон. Ысык-Көл форумунун ишин координациялоо жана мындан аркы стратегиясын аныктоо үчүн көрүнүктүү окумуштуулар жана саясатчылардан турган Эл аралык туруктуу кеңеш түзүлгөн.[11]

Айтматовдун «Ысык-Көл форуму» – aдaмзaттын жаңы плaнетaрдык aң-сезиминин өзөгү

Академик Абдыганы Эркебаев (Кыргызстан) жана академик Андрей Золотов (Орусия) – «Чыңгыз Айтматов жана анын Ысык-Көл форуму: маданияттардын диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу» форумунда  сүйлөп жатат. 2013-жыл 16-ноябрь, Чолпон-Ата.

Айтматовдун «Ысык-Көл форуму» – aдaмзaттын жаңы плaнетaрдык aң-сезиминин өзөгү

«Новая Германия» («Neues Deutschland») газетасынын редактору Ирмтрауд Гучке, профессор Дөөлөтбек Сапаралиев, 16-ноябрь 2013-ж. Чолпон-Ата.

«Айтматовдун «Ысык-Көл форуму» салтка айланып,  улуу жазуучунун 90 жылдык мааракеси жылында уланып, 2018-жылдын 4-7-октябрында ыйык кыргыз көлү Ысык-Көлдө дүйнөлүк интеллектуалдарды «Чыңгыз Айтматов жана азыркы замандын чакырыктары» аталышындагы (онунчу) эл аралык форумда кайрадан тосуп алганы кубандырат.

Форумду Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты жана Кыргызстандын Өкмөтү уюштурду. Ага жогорку деңгээлдеги коноктор – дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген 100гө жакын интеллектуал катышты. Алардын арасында биринчи форумдун катышуучулары – академик Акбар Турсунов (Тажикстан), социолог-профессор Рустем Хаиров (Орусия), экинчи форумдун катышуучулары, Казакстандын эл жазуучусу Мухтар Шаханов, академик, Россия көркөм өнөр академиясынын вице-президенти Андрей Золотов, жазуучу Олжас Сулейменов (Казакстан), профессор Ирмтрауд Гучке (Германия), профессор Рамазан Коркмаз (Түркия) жана башкалар болду. Форумдун алкагында үч секция иштеди – Азыркы дүйнө жана маданий өзгөчөлүк: «Дүйнө бизди өзгөрттү, биз дүйнөнү өзгөрттүк»; Моралдык баалуулуктар жана гуманизм: «Күн сайын адам болуу»; Экологиялык чөйрө жана коопсуздук: «Баарыбыз бир кайыктабыз». Бул ошол учурда өлкөнүн маданий жана саясий турмушунун башкы окуяларынын бири жана биздин улуу жердешибиз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилөөнүн татыктуу салымы болуп калганы калетсиз.

2023-жылдын 13-14-декабрында Бишкекте улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган, «Чыңгыз Айтматов. Биз бир кемедебиз. Орус тилиндеги чыгармачылык» аттуу (он биринчи) эл аралык форум өттү. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги (министри – Алтынбек Максүтов) тарабынан уюштурулган форумга Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн 50дөн ашуун изилдөөчүлөрү, ошондой эле Азербайжан, Армения, Беларусь, Молдова, Грузия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан келген театр жана кино ишмерлери катышты[12][13].

Алардын арасында Россия Федерациясынын президентинин атайын өкүлү, профессор Михаил Швыдкой, Казакстандын Эмгек Баатыры, белгилүү ырчы жана жазуучу Олжас Сулайманов, Россия экологиялык академиясынын академиги, эл аралык Рим клубунун мүчөсү Юрий Саямов, профессорлор Абдылдажан Акматалиев, Замира Дербишева, Бахтияр Койчуев, Гүлжигит Соронкулов, Гүлзина Исаева, Дөөлөтбек Сапаралиев, Мамед Тагаев (Кыргызстан), Хураман Гумматова, Актоты Райимкулова, Фарид Гусейнов (Азербайжан), Артур Ильиных (Беларусь), Феликс Бахчинян (Армения), Ирма Ратиани (Грузия), Алмасбек Мауленов, Жангара Дадабаев, Зинол-Габден Бисенгали (Казакстан), Анастасия Гачева, Роман Оленич, Матвей Шаба (Россия), Екатерина Гельмырадова (Түркмөнстан), Алпаслан Жейлан (Түркия) бар эле.

Форумдун ачылышында «Жазуучу —  өз доорунун күзгүсү» аттуу сүрөт коргөзмөсү ачылган.

Жогоруда айтылгандардан улам, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк интеллектуалдардын диалог аянтчасы катары Ысык-Көл эл аралык форумун түзүү идеясы өз актуалдуулугун жоготпостон, тескерисинче, татыктуу уландысын тапканын жана эл аралык деңгээлде ЮНЕСКО тарабынан расмий таанылганын көрүүгө болот. Бүгүнкү күндө бул форум адамзаттын алдында турган эң курч жана маанилүү заманбап чакырыктарга жооп издөөдө алдыңкы дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракетин бириктирген маанилүү куралга айланууда десек жаңылбайбыз.

Дөөлөтбек Бекиш уулу САПАРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, т.и.к., профессор.

[1] «Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу жөнүндө КР Президентинин Жарлыгы, 18-декабрь 2024-ж. УП № 369//«Эркин-Тоо» 20 -декабрь 2024-ж. 1-б.

[2]Маданият ишмерлеринин Ысык-Көл форуму// Советтик Кыргызстан. 1986. 18 октябрь. 3-б.

[3]Иссык-Кульский форум/Составители Н.Горшков, Е.Марченко. — Фрунзе: Кыргызстан, 1987. С. 9, 48.

[4]Фочкин О. Интервью с Ч. Айтматовым: Мне нечего стыдиться. // http://www.liveinternet.ru/tags/

[5]Айтматов Ч. Шарк юлдузы журналынын кабарчысы менен маек. Ажайып бир адабият жараталы// Айтматов Ч. Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат. 308-б.

[6] Юсупов И. Булбил уясы. Нукус: Билим, 1997. С. 131; Шаханов М. Эки Чынгыз сабагы//DA Dialog Avrasya. Yaz 2009. Sayi. 29. S. 95

[7]Айтматов Ч. Тарыхтын тамырын тартып көрүү үчүн//Кыргыз туусу 1997. 15-17 июль . 3-б.

[8]И будет мир спасен культурой//Слово Кыргызстана.1997.17 июля. С. 1-3.

[9]Айнура Жекше кызы. Федерико Майор: Ысык-Көл оюмдан кетпейт//http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_issyk-kul_federico_mayor/24360226.

[10]“Dialogue among Civilizations”. High-level Conference materials, 2004 Issyk-Kul, June 10-11. Publishedin France, Paris 2006. Supportedby UNESCO.

[11]Яковлева Е. Интервью с Ч.Айтматовым: Спасем мир от раздоров//Российская газета. 2004. 13 май. С. 6-8.

[12 Сапаралиев Д. Б. Иссык-Кульский форум. Посвящается 85 — летию Чингиза Айтматова.//Русское слово в Кыргызстане. Информационно-аналитический журнал. 2013. №4. — С. 6-9; Сапаралиев Д. Б. Океандай терең Айтматов ааламы //Эркин Тоо. 2013. 6-декабрь.- С. 2.; Сапаралиев Д. Б. Айтматов ааламы//Маданият – адабий илимий-популярдык журнал. 2014. № 1. –С. 16-17.

[13] https://ru.archive.kabar.kg/news/v-bishkeke-startoval-mezhdunarodnyi-forum-chingiz-aitmatov-my-v-odnoi-lodke-tvorchestvo-na-russkom-iazyke/

Бөлүшүү

Комментарийлер