«АТАМЕНЕН»: БАЛДАРДЫ ЭРТЕ КУРАКТА ӨНҮКТҮРҮҮДӨ АТАНЫН РОЛУ ЧОҢ
- 19.09.2025
- 0
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду балдардын өнүгүүсүнө аталардын катышуусун жогорулатууга багытталган “АтаМЕНен” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыра баштады. “АтаМЕНен” долбоору Ага Хан Фонду менен биргеликте жана Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Долбоордун максаты – балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу жана ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү аркылуу балдардын эрте жаштан өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Долбоордун координатору Азамат Алагөз уулунун айтканына караганда, долбоорду баштоо иш-чарасы 2025-жылдын 16-сентябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында өткөрүлдү. Иш-чарага Ат-Башы райондук акимчилигинин жетектөөчү адиси Үмөталиев Каныбек, Ат-Башы райондук билим берүү борборунун директору Шакеева Асыл, Фонддун аткаруучу директору Кайыкова Роза, Ак-Моюн айыл аймагынын башчысы Молдоев Бердибек, Ага Хан Фондунун өкүлү Икрамова Асель, мектеп жана бала бакчалардын директорлору, мугалимдер, тарбиячылар, активисттер жана ата-энелер катышты.
Иш-чараны ачкан Ак-Моюн айыл аймагынын башчысы Молдоев Бердибек айыл өкмөтү долбоордун багыттуу топ катары тандалганына ыраазычылыгын билдирип, айыл тургундарын демилгелүү болуп, долбоордон пайдалуу маалымат алып, үй-бүлө жана коом үчүн жакшы жыйынтык көрсөтүүгө чакырды.

Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова долбоордун биринчи этабынын жыйынтыктары менен бөлүшүп, алдыдагы пландарга токтолду. Ал долбоор алкагында кичи гранттар каралганын белгилеп, балдардын өнүгүүсүнө түрткү берген жана аталардын бала тарбиялоодогу катышуусун жогорулатууга багытталган демилгелер жергиликтүү коомго чоң пайда алып келет деген үмүтүн билдирди.
Ат-Башы райондук акимчилигинин жетектөөчү адиси Үмөталиев Каныбек: «Учурда тарбия берүүдө негизги жоопкерчиликти энелерге жүктөп коюп жатабыз. Бул долбоор аталардын катышуусун арттырып, балдардын өсүп-өнүгүүсүнө чоң салым кошот», – деп белгиледи.

Ага Хан Фондунун өкүлү Асель Икрамова долбоордун биринчи этабы жакшы жыйынтык көрсөткөндүктөн, аны улантуу чечими кабыл алынганын айтты. Ал айыл тургундарына кайрылып: “Сиздер да көп пайдалуу маалымат алып, аны турмушта колдонуп, жакшы жыйынтыкка келесиздер деген үмүттөмүн”, — деп билдирди.
Долбоордун координатору Азамат Алагөз уулу биринчи этаптагы жыйынтыктар, долбоордун максаттары жана алдыдагы пландар тууралуу катышуучуларга презентация жасады.

Долбоордун алкагында алгачкы тренинг 16-сентябрда балдарды эрте куракта өнүктүрүү адиси Эльмира Узакова тарабынан “Балдарды эртек куракта өнүктүрүүдө атанын ролу” темасында өткөрүлдү. Окутуунун жүрүшүндө Эльмира Узакова азыркы муундун өзгөчөлүгү, ата-энеден бирдей мээрим көргөн бала менен толук мээрим ала албаган балдардын мээсинин түзүлүшү, психико-эмоционалдык абалы, коомдогу калыптануусу, жана келчегине тийгизген таасири тууралуу кенен маалымат берди. Катышуучулар балдары менен болгон мамилесин, үй-бүлөдөгү башынан өткөргөн тажрыйбалары менен бөлүштү. Кээ бир ата-энелер баламдын курсагы ток, кийими бүтүн болгону жетиштүү деп ойлойт элем, бирок балам достору менен тентек кылып, иши Ички иштер бөлүмүнө жеткенде гана сүйлөшүү маанилүү экенин билдим дегендер болду. Группаларга бөлүнүп иштөөдө катышуучулар ата-эне менен бала ортосундагы көйгөйлөр тууралуу айтып, аны чечүү жолун талкуулап, сунушташты.

Кийинки күнү психология боюнча тренингди балдар психологу Асель Суюмбаева өткөрдү, анда үй-бүлө биримдиги, атанын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ролу, балдардын инсан катары калыптанышына, физикалык жана моралдык ден соолугуна тийгизген таасири, үй-бүлөдөгү конфликттер жана аларды зордук-зомбулуксуз чечүү жолдору тууралуу окутуу жана талкуу болду.
— Үй-бүлө дегенде биз адатта ата-энени жана балдарды элестетебиз. Бирок көп учурда аталар өздөрүнүн үй-бүлөдөгү ордун жана таасирин толук аңдап түшүнө беришпейт. Коомдо алар көбүнчө сыртта акча табуучу катары гана кабыл алынат. Бүгүн аталардын ролун талдаганда көпчүлүк ата-энелердин көздөрү жайнап, “ушундай маалымат, билим бизге керек экен, көп нерсени билдик” деп ыраазычылыгын билдиришти, – деди психолог Асель Суюмбаева.

Ак-Моюн айылынын тургуну Кеңешбек Сакыбаев өз пикирин мындайча бөлүштү: «Бул долбоор жана окутуулар бизге абдан керек болду. Билгенибизден билбегенибиз көп экен. Көрсө, биз аталар балдарыбыз менен көп баарлашпайт экенбиз. Алар бизге кызыктуу маалымат айткысы келсе, биз телефонго же башкага алаксып, көңүл бурбай коюп жүрүптүрбүз. Бул ата-эне менен баланын ортосунда чоң ажырым жаратат экен. Ошондуктан бүгүн алган билимдерибизди сөзсүз үйдө колдонобуз», – деди ал.

2025-жылдын август айынан декабрь айына чейин долбоордун экинчи этабы Ат-Башы районунун Ак-Моюн жана Бирлик айыл аймактарында ишке ашырылат. Алкагында айыл аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча пландар иштелип чыгат, ата-энелер үчүн психология, эрте жаштан өнүктүрүү, туура тамактануу жана гендердик теңчилик боюнча окутуулар өткөрүлөт. Ошондой эле мыкты аталар жана үлгүлүү үй-бүлөлөр арасында конкурстар уюштурулуп, жергиликтүү демилгелер үчүн кичи гранттар берилет. Декабрь айында Нарын облусунда атайын аталардын форуму өткөрүлөт.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер