АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ИШТЕШЕ БИЛЕЛИ

  • 27.04.2026
  • 0

Тажрыйбадан

Педагогдун иши жакшы жүрүп, кадыр-баркы сакталышы үчүн ата-энелер менен кызматташуу зарыл.

Бакчага жаңыдан тарбиячы болуп жумушка кирдим. Сентябрь айында ар бир ата-эне чогулушка сөзсүз катышып, таанышып кетүүсү керек деген талап койдук. Баары катышып, бакчанын тартибине макул болушту.

Ошентип, арадан эки айга жакын убакыт өттү. 35 баланын ар биринин мүнөзү менен таанышып, алардын тилин табууга аракет кыла баштадык. Арасында бакчага көнө албай, “кой” деген сөздү түшүнбөгөн, эшикти тепкилеп, көчөгө чейин качып чыгып, бакырып ыйлап, ашыкча эркелеп ызы-чуу салган балдар да болду.

Балдарынын ызылдаганы аз келгенсип, кээ бир ата-энелерден “мугалим баламды тарбиялап же өзгөртүп жибериши керек” деген талаптуу көз караштарды байкай баштадым.

35 баланын ата-энелеринин мүнөзү да ар кандай. Мындай учурда мугалимдерге да оңой болбойт. Кээ бирлеринин талаптуу мамилесин көргөндөн кийин, тарбиячылык милдетимди аткаруу үчүн мен да талап коюшум керек экенин түшүндүм.

Себеби, талап жок жерде жоопкерчилик да болбойт. Ата-энелер өз милдеттерин мугалимге жүктөй башташат.

Балдардын аң-сезими өнүгүп, дүйнө таанымы кеңейиши үчүн аларга биргеликте моралдык колдоо көрсөтүү максатында ата-энелерге сөзсүз семинар өтүү керек деген чечимге келдим.

Себеби 35 баланын артында 60–70 ата-эне турат. Эгер алардын ар бири ар кандай өнөрүн көрсөтө берсе, анда мугалимдин иши натыйжалуу болбойт.

Семинар өткөрүү сунушумду директор колдоп, ата-энелер менен чай үстүндө баарлашууга жакшы шарт түзүп, чыгымдарын да көтөрүп беришти. Жардамчы кыз экөөбүз бул жүктү жалгыз көтөрө албасыбызды түшүнүп, алгач ата-энелердин жоопкерчилигин ойготуу зарыл экенин аңдадык. Кээде мугалим өз ордун көрсөтпөсө, ата-энелер анын укугун оңой эле басып кетишет.

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ИШТЕШЕ БИЛЕЛИ

Кыска убакыт ичинде “Мен киммин?” деген теманы даярдап, ата-энелер менен семинар өткөрдүк. Башка көйгөйлөрдү козгобой, эч биринин баласын артыкчылык, кемчилигин айтпай, фокустун баарын ата-энелерге бурдум. Ар бир ата-эне өзүн эркин алып отурушун кааладым. Анткени адам өзүн эркин сезген жерде ачылып сүйлөп, пикирин билдире алат.

Сабакта ачык суроолорду берип, мисалдар аркылуу теманы мүмкүн болушунча терең ачып бердим. Андан соң ар бирине, өз дүйнөсүн анализдөө үчүн баракчалар тараттым. Алар өз алдынча жооп берип, жан дүйнөсүнүн учурдагы абалына көңүл бурушту.

Кээ бирлери кубанды, кээ бирлеринин көзүнө жаш келди. Айрымдары өз дүйнөсүнө көңүл бурбай жүргөнүн моюнга алышты. Кээ бири ыраазычылыгын билдирип, кубаттады. Айрымдары семинардан кийин жекече сүйлөшүп кетишти, ал эми кээ бирлери “кийинки семинар качан болот?” деп кызыгуу менен сурашты.

Мени баарынан да ата-энелер бала үчүн жоопкерчиликтин чоң бөлүгү өздөрүнө таандык экенин сезишкенине кубандым.

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ИШТЕШЕ БИЛЕЛИ

Бул семинар ата-энелер менен болгон мамилебизди бекемдеди. Андан кийин балдар менен биргеликте иштөө жеңилдеди. Ата-энелер да өздөрүнө талап коюп, балдардын үй тапшырмаларына олуттуу мамиле кылып, жардам бере башташты. Албетте, кемчиликтер да болду, бирок аларды ата-энелер менен биргеликте жоюп турдук.

Мугалимдер эч нерсени сезбеген роботтор эмес. Алар да ката кетириши мүмкүн. Бирок ошондой учурларда балдарды ортого салбай, чоң адамдар өз ара түшүнүшүп, ата-энелер мугалимдерге колдоо көрсөтсө, мугалим кайрадан жанданып, катасын оңдоп, өз кесибин сүйүү менен аткарат.

Мугалимди колдоо — бул терс көрүнүштөргө көз жумуу эмес. Бул — маселени тынчтык жолу менен чечип, балдарга терс таасирин тийгизбестен, аларды ортого аралаштырбай, социалдык тармактарга чыгарып жаманатты кылууга шашпай, балдарды кайрадан билимди сүйүүгө багыттоо.

Анткени биз балдарыбызга, өзгөлөргө кандай мамиле жасоону үйрөтсөк, алар эң оболу ошол мамилени ата-энесине жасайт.

Биздин ата-энелерге бүгүнкү күнгө чейин ыраазы болуп келем. Анткени балдарыбыздын келечеги үчүн бири-бирибизди угуп, кээде жөн гана эже-сиңдидей мамиледе болуп, жылдын акырына чейин бир максатта күч жумшадык. «Жалгыз өзүм баарын аткардым» дегенден такыр алысмын.

Ата-энелерге мугалимдер, мугалимдерге ата-энелер колдоо көрсөтүү керек. Ансыз балдарыбызды социалдаштыра албайбыз.

Зарема Игамбердиева, психолог

Бөлүшүү

Комментарийлер