АТ-БАШЫ: ОРУС ТИЛДҮҮ МЕКТЕПТИН СЫРЫ ЖАНА ИЙГИЛИГИ

  • 15.11.2022
  • 0

Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектеби  Нарын облусу боюнча  орус тилдүү эң ири мектеп болуп саналат. Мектеп акыркы он жыл ичинде райондо бардык көрсөткүчтөр боюнча биринчи орунду камсыз кылууда. Райондо мектептер арасында Өтмө кызыл тууну үч жолу жеңип алган. Учурда мектепте 2192 окуучу окуйт. Анда сөз башынан болсун.

АТ-БАШЫ: ОРУС ТИЛДҮҮ МЕКТЕПТИН СЫРЫ ЖАНА ИЙГИЛИГИ

Мектептин тарыхы

Аталган мектепти мен 1978-жылы ийгиликтүү аяктагам. Ошол кезде эле эң күчтүү мугалимдер сабак берээр эле. Өзгөчө орус тили жана адабиятынан Халича Мусаева тилди үйрөтүүдө өзгөчө ыкма менен окутуп келди. Ат-Башы Кытай мамлекети менен чектеш эң алыскы район болгондуктанбы, айтор, билбегендер цивилизациядан алыс калган айыл катары баалашат. Бирок, андай эмес. Самарканддан саман учуптур десе, ал биринчи биздин айылга жетет.  Мейли билим берүүнү, мейли маданиятты, мейли ишкерликти албайлы, заманбап иштөө ыкмалары айылга биринчилерден болуп кирет. Ошондуктанбы, айтор, Кыргызстанда эң белгилүү, дүйнөгө таанымал беш ишкер болсо, алар Ат-Башынын кулундары, болгондо да жогорудагы мектептин бүтүрүүчүлөрү. Маселен, дүйнө жүзүнө белгилүү ишкер, меценат Аскар Салымбеков, ф.и.д,  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев  ж.б.у.с.

Аталган мектеп 1929-жылы негизделип, анын курулушу 1932-жылы бүткөн. Бул мектепте негизинен ошол жылдары орус тилдүү  үй-бүлөлөрдүн, аскер кызматкерлеринин балдары билим алышкан экен. Мектепте адегенде 16 гана окуучу болгон. Улут  аралык мамиленин тили катары орус тилинин ролу  кеңейгендиктен 1960-жылдары окуучулардын саны өскөн. Биринчи мугалимдер дээрлик орус улутундагы адамдар болгон. Алар: Кожухова П.Г., Чернышева К.В., Чурикова Т.И., Киселева Н.Ф. Кийин педагогикалык жамаат Россиядан келген мугалимдер менен толукталган. Бул мугалимдерди биз дагы көрүп, алардан билим алып калдык. Мына ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин Ат-Башы айылындагы орус тилдүү мектепте окугандар таптак расмий тилде сүйлөшөт. Интеллектуалдык потенциалы бийик бүтүрүүчүлөр алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерди багындырып жүрүшөт десек ашыкча болбостур.

Инновациялык мектеп

Акыркы мезгилде Ат-Башы айылынын тургундары мектепке чоң ишеним артып балдарын Карыбек уулу Акматаалы мектебине беришет. Мунун сыры эмнеде? Себеби бул мектептин көрсөткүчтөрү гана жакшы болбостон, 2014-жылы мектеп “Инновациялык мектеп” деген статуска ээ болгон. Ошол себептен Ак-Талаа, Ача-Кайыңды, Ак-Жар, Талды-Суу жана башка айылдардан ата-энелер балдарын ишеним менен беришет.

АТ-БАШЫ: ОРУС ТИЛДҮҮ МЕКТЕПТИН СЫРЫ ЖАНА ИЙГИЛИГИ

— Мектеп жамааты  жаңыча ыкмаларды колдонуу менен сабактарды өтөт. Ушул эле жылдар аралыгында район боюнча спорттон, окуу-тарбия иштеринен, предметтик олимпиададан ийгиликтерди жаратып келатабыз.  Мектепке инвестиция тартуу, интернет, мектепти ички жана тышкы жашылдандыруу, окуучуларга экологияны сактоо, аны көздүн карегиндей сактай билүүгө калыптандыруу үчүн  алгылыктуу иштерди аткарып келе жатканыбызды айтпай коюуга болбойт, — дейт директордун милдетин аткаруучу  Гүлзат Жумамүдүнова.

АТ-БАШЫ: ОРУС ТИЛДҮҮ МЕКТЕПТИН СЫРЫ ЖАНА ИЙГИЛИГИ

Жетишкен ийгиликтер

Алсак, билим уясы 2009-жылы республикалык масштабда өткөрүлгөн “Мыкты айылдык мектеп” конкурсунда 3-орунду ээлесе,  2015-17-жылдары “Жылдын мыкты мектеби” номинациясы боюнча “Кыргыз Туусу” газетасынын тандоосу менен облуста жеңүүчү  болуп табылган. Бардык предметтер боюнча 56 кабинет жабдылган. Төрт интерактивдүү  доска, информатика кабинетинде 19 компьютер бар. Ар бир класс телевизор, DVD менен камсыз болгон. Математика кабинетинде Россия элчилиги  тарабынан  телевизор  рессивери менен белек катары берилген. Ал эми башталгыч класстардын кабинеттеринде  интернетке туташтырылган эки телевизор иштейт.

АТ-БАШЫ: ОРУС ТИЛДҮҮ МЕКТЕПТИН СЫРЫ ЖАНА ИЙГИЛИГИ

— 2020-2021-окуу жылында 114 бүтүрүүчү аяктап,  анын ичинен төрт окуучу “Алтын тамга” сынагынан биринчи орун алып, өзгөчө үлгүдөгү аттестатка ээ болгон.  Ал эми 2021-2022-жылы 118 бүтүрүүчү  мектепти аяктаган. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен район боюнча 54 окуучу жогорку балл алышты. Бардык предметтер боюнча 50 кабинет жабдылган. Жылдан  жылга мектептин материалдык-техникалык базасы жакшырууда.  Акыркы үч  жылда   МЕРСИКО, АРИС программаларынын негизинде ашкананын, жыйындар залдын, фойенин, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарларынын  иш кабинеттери  жабдылган. АРИСтин каражаты менен компьютердик класс, япондук гранттын негизинде интерактивдүү доска  жана андан тышкары үч класска эмерек берилген. Дайыма Тынчтык корпусу, АКСЕЛС, ПИКС, БИОМ жана башка уюмдар тыгыз кызматташтык менен колдоо көрсөтүп турушат. Жыл сайын биздин окуучулар Америкадан билим алып, тажрыйба алмашат.  2018-жылы “Жаш Пифагор” республикалык конкурсунда 8-класстын окуучусу Алымбекова Нурайым 1-орунду камсыздаган. Ал эми 2019-жылы “Билимкана” уюштурган республикалык интеллектуалдык конкурста 9-класстын окуучусу Алымбекова Нурайым 1-орунду алган. Ушундай албан ийгиликти жаратууга себепкер болгон Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги, 2019-жылдын “Мыкты мугалими” төш белгисинин ээси,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ыраазычылык катына” татыктуу болгон математика сабагынын мугалими Г.Койбашева, — дейт мектеп директорунун милдетин аткаруучу Г.Жумамүдүнова.

 

АТ-БАШЫ: ОРУС ТИЛДҮҮ МЕКТЕПТИН СЫРЫ ЖАНА ИЙГИЛИГИ

Мектеп парламенти

Мектепте өзүн-өзү башкаруу уюму 20 жылдан бери ийгиликтүү иш алып барат. Булардын иши жогорку деңгээлде. Мектепте өзүн-өзү башкаруу уюмуна  “Демократияны колдоо боюнча регионалдык борборунун ” директору, (2003-2013), дебат боюнча тренери, орус тили жана адабияты секциясынын башчысы Мусаева Х.И.  жетекчилик кылат. Мектеп парламентинин кабинети заман талабына ылайык жабдылган. Жыл сайын  сентябрь айында мектеп парламентинин спикерин жана парламент курамын шайлашат.

АТ-БАШЫ: ОРУС ТИЛДҮҮ МЕКТЕПТИН СЫРЫ ЖАНА ИЙГИЛИГИ

— Мектеп парламенти – мектеп администрациясынын жана мугалимдердин эң ишенимдүү жардамчылары деп айта алам. Бул парламент мектепте окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу максатында “Акыл ордо” конкурстарын уюштуруп, окуучулардын кызыгуусун жаратат. Мектеп ичинде өтүлө турган “Ак-кара” кечеси, “Кино күнү”, “Карыбекстан күнү”, “Шахматтык турнир”, “Бий” конкурсу, “Алтын үн”, “Парламент кечеси” жана башка оюн-зоокторду кызыктуу өткөрүп турушат. “Карыбек күнү” конкурсунда мектеп парламентинин тармактары боюнча эң жакшы иш алып барган окуучулар тандалып сыйлыктарды алат. Мектеп окуучуларынын күндөлүктөрүн жума сайын текшерип турушат. Ал эми “Манас таануу” ийрими — уюткулуу кыргыз элинин көөнөрбөс баалуу мурасы болгон элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүсү, руханий маданияттын туу чокусу болгон залкар эпосубуз “Манас” эпосун жаш муундарга таанытуу, жайылтуу максатын көздөйт. Муну менен катар кыргыз элинин салттык баалуулуктарын билүүгө, сөз байлыгын өстүрүүгө, өз мекенин коргой билген чыныгы мекенчил атуул болууга тарбиялайт. Элибиздин унутта калып бара жаткан сөздөрүн билүүгө үйрөтөт, тапкычтыкка, терең изденүүчүлүккө багыттайт, — дейт Г. Жумамүдүнова.

 Инсанды өнүктүрүү

Мектепте ар бир баланын инсандык өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлгөн, алардын потенциалдык кайталангыс жөндөмдүүлүгүн сактап, балдардын кызыкчылыгын коргоп, класс жетекчилер мектептин социалдык кызматкери менен кызматташтыкта болуп келишет. Класстын психологиялык климаты боюнча класс ичинде иштер өткөрүлөт, нравалык тарбиянын сапаты жана деңгээли аныкталат. Жашоодогу баалуулуктарга туура мамиле жасоого калыптандырат. Ата-энелер менен анкета жана мониторинг жүргүзүлүп турат.

АТ-БАШЫ: ОРУС ТИЛДҮҮ МЕКТЕПТИН СЫРЫ ЖАНА ИЙГИЛИГИ

Адамгерчилик жана адилеттик – окутуучунун  асыл сапаттары                               

Мугалимдер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Ар бир жаш мугалимге үч жылга чейин насаатчы  бекитилген. Азыркы учурда 12 жаш мугалим бар. Мугалимдерге методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү максатында эки мугалимдер бөлмөсү, телевизор, DVD ар түрдүү таблицалар, жаңы методикалык стенддер менен жабдылган.

АТ-БАШЫ: ОРУС ТИЛДҮҮ МЕКТЕПТИН СЫРЫ ЖАНА ИЙГИЛИГИ

Мектептин башкы фигурасы  – мугалим эмеспи. Андыктан чыгармачылык менен иштеп жаткан эжей-агайларды атабасак болбостур. Алар: Ибраева Г.Н., Курманова Г.М., Өмүралиева А.К., Жусупова В.У., Жамашева Н.К.,  Касымбекова С.Т., Аликеева А.К., Жумалиева А.С., Ɵскөнова А.К., Темирова К.Ш., Жумамүдүнова Г.Ж., Жээналиева Ш.М.,  Жунушбаева Ж.Ө., Карпекова А.Б., Эсенгул к. И., Исмаилова Ж.Б., Жээналиева М.М., Төлөгөн к. М., Ыбышева Н.Ж., Орозмамбетова А.А., Курпө¢ов К.М., Дыйканова Ж.Б.,   Малаева А.А., Ахунбаева Г.Т.

Китепкана

— Китеп окуу жашоого максат коюуга көмөктөшөт. Көп окуган адам жигердүү жашоо образына ээ болот эмеспи. Китеп ааламдагы жакшы нерселерди көргөзөт. Биздин китепканабыз көркөм адабияттарга, окуу китептерине абдан бай. Жыл сайын толукталып турат. Окуу китептери менен окуучулар камсыз болгон. Белгилей кетчү жагдай,  1-4-класс ата-энелер,  демөөрчүлөр жана Россия элчилигинин  колдоосу менен 100% камсыз болгон, — дейт китепканачы Асыл Токторова.

АТ-БАШЫ: ОРУС ТИЛДҮҮ МЕКТЕПТИН СЫРЫ ЖАНА ИЙГИЛИГИ

Бийиктеш үчүн тереңдеш керек. Билимдүү адам талыкпаган эмгек аркылуу гана жеңишке жетет эмеспи.  Өзүн-өзү  таанып иштеген,  ишинин оң-тетирисин, кем-кетигин  көрө билген жетекчи гана ишинин ийгилигине чоң өбөлгө болот.  “Кары келсе ашка, жаш келсе ишке” демекчи, аталган мектепке жаңыдан жетекчинин милдетин аткаруучу  болуп дайындалган Гүлзат Жумамүдүнова  буга чейин ийгиликке чыйыр салып кеткен күчтүү жетекчилердин жолун жолдоп, мектептин  мындан аркы ишмердүүлүгүндө  чоң-чоң ийгиликтерди жаратат деген ишенимдебиз.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер