АРМАНЫМ… АЛЫКУЛ!
- 24.11.2026
- 0
Эскерткеним туурадыр, бул жерде “арман” деген сѳз казактын “арман” деген сѳзүнүн маанисине жакын. Ошондо бул “ой менен жетпеген, ошондой бийиктикти кѳксѳгѳн, сѳз менен айтып бере албаган” бир абалды билдирет.
Ойлоном, ойлорду кечиремин,
Жете албай түбүнѳ себептерин –
Жѳтѳлдѳ Алыкул түн кечиргенин,
Ал эми ѳмүрдүн аягында
Күндүз да күртүлдѳп жѳтѳлгѳнүн.
Айткыла себебин, билгендериң.
Ушундай кыргыздан таза адамы,
Ооруну эмнеге жеңе албады?
Эмнеге үй-бүлѳ курулбады?
Коштошуп Кѳл менен кайтканындай,
Калемдеш досуна[*] айтканындай
Ѳмүргѳ, бакытка жарыбады.
Оо Кудай, барбы эле буга айла?
Кылды го пенделик бардык айла.
Бул үчүн керектүү билим кайда?
Айткыла ошондон болсо пайда.
Мен дагы билгенди айтсам деймин,
Бул балким, сабак болор башкаларга.
Алыкулдун оорусун жана анын себептерин эки-үч бѳлүктѳ алып караган туура окшойт.
Биринчиси:
Жылаңайлак, жыртык кийим кийип, эжесинин эчкилерин кайтарып жүргөн азаптуу балалыгы. Ата-энесин билбей калган. Эжеси кээде ага боору ооруп, кээде ачууланчу. Кышында анын бутун үшүк алып кетти. Эжеси үшүктү кар менен жышып жатып:
— Алда байкушум-ай, өмүрүңдө жылыбас болдуң го,— деп боздогон. Анан аны эжеси балдар үйүнө жеткирди. Анча ачуулуу деле, анча таш боор деле аял эмес эле, бирок ошондон кийин балага барып бир жолу да учурашып койгон жок. Кышы бою баланын буту айыкпай бара-бара өпкөсүнө доо кеткен.*
Эми ушул абалды ар бир оорунун психикалык (ойдон болгон) себептери аркылуу карап кѳрѳлү.
Ѳпкѳгѳ дем алуу (абаны тартып алуу жана кайра чыгаруу) жашоону кабылдоону билдирет тура. Ошентип, кыштын ызгаары ага “абаны терең тартсам бүт денеме залал келет, мына бутумду үшүк алды” деген жыйынтыкка алып келди окшоду.
Ойго кошумча, адамдын денесиндеги булчуңдар (Алыкулда болсо, ѳпкѳнүн кеңейишине жана жыйрылышына таасир эткен булчуңдар) ошол стресс абалдагы чыңалуусун (түйүлүүсүн, жыйрылуусун) сактап калат экен. Анан ал ордуна келбесе (чыңалуу жоюлбаса) оору түрүндѳ адамга ачылат тура.
1931-жылдын май айынын аягында жайкы дем алышка тарадык. Алыкул өз айлына, азыркы Панфилов районундагы Каптал-Арыкка, атасы менен бир тууган абасына кетти. Күзүндө баягы бөлмөбүзгө чогулдук. Алыкулдун өңү күнгө тотугуп, арыктап кайтты. «Колхоздо иштеп, кийим-кечек таап алдым» деп кубанып жүрдү. Бирок түнкүсүн, бир жоон уйкуга чейин такылдап кургак жөтөлө турган болуп калыптыр. Күн бүркөктө уйку көралбай жөтөлүп чыкчу. *
Эмне үчүн “күн бүркөктө уйку көралбай жөтөлүп” атат? Анткени күн бүркѳгү андан да оор кышты, анын бутун үшүк алып кеткен, запкы жеген мезгилди эстетип жатат.
Эми кандай жол менен айыгууга болот?
Ал учурдагы эң туурасы, кадимки медициналык жол менен.
Көп узабай Алыкул ооруканага жаткырылды. Азыркы курулуш техникумунун батыш жагында, темир жолдун боюндагы элкин турган эски тамды «диспансер» дешчү. Ошондо жаткырыптыр. Көрсө, бала кезинен сүзөктөп келген дарты учук оорусуна чала баштаган экен. Диспансерде Алыкул бир айдан ашуун жатып калды. Аны чыгарат деген күнү, көп бала чогулуп бардык. Райкандын четине кара баркыт кармаган чоң сары тонун кийгизип, жатаканабызга чыгарып келдик. Жөтөлү басылып, бир аз оңолуп калыптыр. Бат эле балдарга аралашып кетти. Баягы биздин класс жетекчибиз Екатерина Ивановна Сидоркина Акматалиев деген жаңы директорго сүйлөшүп, Алыкулга күнүгө сүт жана май бердирип турду. *
Ошол учурдагы бийликтин, адамдардын бир-бирине камкордугун караңыз.
Экинчиси:
Мен тансам: жаштан танам, ырдан табайм,
Ыры жок ѳмүрүмѳ канаатанбайм.
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албайм.
Ушул саптарда жашоого (тагыраагы, жашоо турмушуна) терс таасир апкеле турган сѳздѳр (ойлор, жыйынтыктар) барбы?
Биринчи эле, кѳзгѳ урунганы: “Кудайга … калп айтсам да” деген сѳзү. Бирок Кудай анын сѳзүн эмес, ички дүйнѳсүн бүт билип турат, а мен билгенимден (тагыраагы, биз билгенден) кыргыздын ички дүйнѳсү эң таза адамдарынын алды Алыкул экен, ошону менен анын “калп айтканы”, баласы бир сооп иш кылып, атасынан аны жашырып, “ата мен ойноп келдим” дегендей эле кеп окшоду.
Бирок жогорку саптарды биргелеп алып келгенде, алар анын жашоо турмушуна кедерги болгон окуяларга туш келтирди бейм.
Ошентип, туура эмес ойду, ишенимди токтотуу үчүн Кудай эскертет экен. Бул эскертүү (же токтотуу, тосуп калуу) жакын адамдардын мамилеси аркылуу да болот тура. Анан Кудай Айдай аркылуу анын Кудайга болгон мамилесин билдирген окшоду. Айдайдын жазганы: «Алыкул, менин тагдырымды эне-атам мурда чечип койгон. Аларды кыя албайм». Ошентип, сен “ырдан танбайм” десең, мен “ата-энемди тана албайм” деген абал. Бул жерде Алыкулга кыз “Кудайдан танбайм” дегенди кыйыр түрдѳ билдирип атат, ошону менен:
«Кайрадан Алыкул Айдай менен эки ача терек түбүндө жолугушту. Алар бийик дөңгөч үстүндө, бак саябанында ай чыкканча отурушту. Мурун шор маңдай, ызалуу кеткен Алыкул кайра муңайым, сабырлуу кайтты», — деп эскерет жаш акындын сүйүүсүнө күбө болгон сырдаш курбусу.
Алыкул кийин досуна минтип айткан: «Айдайдын сөзүнө, акылына ыраазы болдум. Ого бетер сүйүп калдым».
Ага кошумча Зейнеп аркылуу сабак берилди. Зейнептин эскерүүсү: “Ажырашуубуздун себептерин далай ойлонуп, далай баш катырдым. Албетте, Алыкул аялын аз көрсө, аз сырдашса, кандай кишиге жагат бул иш? Аял деген үйдө болуш керек, үй тиричиликти унутпаш керек турбайбы көрсө. Кап, аттиң—ай дейм ушу азыр, Алыкул бар болгону жарым жыл эле чыдап койгондо, ал иштен өзүм кетпейт белем! Кичинекей эле, сөөмѳйлүк эле «дипломатия» жетишпей турду… Чыдашсак наристе төрөлмөк, эне катары иштен бошоп, күйөөгѳ тиричиликке жакшылап көңүл бөлбөйт белем. Ал байкуш мени күчтөп болсо да үйдө отургузгусу келди. А мен, эси жок, — үй-бүлөчүлүктө негизгиси — аял мээримин, үй оокаты, ал түзгөн жылуулук экенин көңүлүмѳ алган эмес экемин. Өзүмдү кандайдыр ишмер эсептеп, Алыкулдун ар бир айткан жемесин таш ыргытып тосуп алчумун. Мен үчүн негизи кызмат дечүмүн”.
Зейнеп: “Мен үчүн негизи кызмат дечүмүн” деп Алыкулдун “мен үчүн негизи ыр” деген Кудайга болгон мамилесин кѳрсѳтүп жаткан тура.
Буга кошумча ойго ала турган жагдай, Кудайдан эмнени артык кѳрсѳң (же эмнеден үмүт артсаң) ошондон ажырайт турбайсыңбы. Бул дүйнѳлүк мыйзам. Бул Муса пайгамбарга (алейхи салам) ташка тамгаланып берилген биринчи осуят тура: «Кудайды, ѳз Раббыңды бүт жүрѳгүң менен, жаның менен, акыл-эсиң менен жакшы кѳр, сүй». Болбосо андан ажыратылат экен.
Баарыбыз кѳңүлгѳ аларлык сабак, эгерде адам 1-осуятты унутса, эгерде ал Кудайга болгон сүйүүсүн кѳкүрѳктѳ сактай албаса (айрыкча татаал же катаал шарттарда), анда адамдык сүйүү ал үчүн коркунучтуу нерсеге айланат. Анткени бул сезим байкоосуз түрдѳ ал адамга жабышкандыкка апкелет, андан энергия сорула баштайт. А адамга жабышкандык (ѳтѳ үмүт арткандык) аны жек кѳргѳндүктѳн коркунучтуураак, себеби бул байкатпай ѳлтүрѳт экен. Ошентип канча (миңдеген) кыргыз баласына (кызына) “мына-мына эми сонун болот” деп үмүт артып туган чакта алардан ажырады (Айдайдын апасындай)…
Акын «Жазуучулук баянында»: “1939-жылдан 1940-жылга чейин аз жаздым. Бирок көп окудум. Негедир ошол мезгилде «Лирика» аттуу китеп камдап бир топ пессимисттик ырлар жаздым. Кийин 1941-жылы анын баарын өрттөп салдым” — деп жазат эмеспи.
Үчүнчүсү:
Негизинен (майда) жѳтѳл, же “тамагын кырынуу” деген, “үнүн жасоо”, “мен ѳз сѳзүмдү айтам” дегенди (ойду, ички сезимди) билдирет экен.
Зейнептин эскерүүсүндѳ: “Жаңы үйлөнгөнүбүздө Алыкул ошол үстөлгө сейрек отуруп иштөөчү. Бактыбызга эрээркеген мен: эмне үчүн көп иштебейсиң, эмне үчүн согуш, тыл жөнүндө жазбай калдың деп кез-кез сурап калчумун. Жооп берчү эмес, тек гана сөздү өзгөртүп, аскер комиссариатында болгонун, согуш жайында айтчу да, үн катпай калчу”. «Жазарын жазам, — дечү Алыкул чечилсе, — бирок башкалардай жазууну каалабайм. Жазуунун убагы келет…»
Ошентип, Алыкулдун жѳтѳлүнүн күрс-күрсүн күчѳткѳн ушул ички сезим негизги эмес, бирок бирге коштой жүргѳн себеби болду окшоду.
Ооруну жеңүү үчүн аракетин эч токтоткон жок. Врачтар эмне дарыны буюрса аны тартынбай колдонду (Түгѳлбай Сыдыкбеков).
Жыйынтыктап келгенде, ошол оорусунан кутулууга болор беле? Ошол учурдагы илим-билим менен алганда, жок, эч ким ал ооруну жеңүү үчүн андан артык аракет кыла алмак эмес экен. А азыр ооруга себеп болгон ойду оңоо менен жеңил эле жетишүүгѳ болот (ѳзү ѳзгѳртѳ албаса, регрессивдүү гипноз менен). Башкача айтканда Куранга, хадистерге тескери келген ойду жоюу керек, антпесе тозоктон сактап калуу үчүн пенде ооруга кептелт.
Калгандары (жакшы жагы):
Ашыра берип, аз алганы (тартынчагы).
— Жаңы үйдө турмушту кайра башынан курам деген элең, Алыкул. Үйлөнүшкө ой барбы?..
«Орундуу сурадымбы, көңүлүн оорутпас бекен?» деп жалтайлап турганыңда, ал айтканыңа капа да болбой, компоюп, мулуңдап күлгөн болуп колунун сырты менен этегин каккылап этият туюндурат:
— …Бизге иштеш керек тура… иштейли…
— Үйдүн ээси — жарың жаныңда жүрсө, жаныңа тынч болор беле деген кеп да…
Ал томсоруп башын чулгуп ойлонуп калат:
— Э-э, дагы кимдин убалын аркалайын… Мении эмки жан жолдошум каламым, ыракатым — тынчтыгым. Ушул тынчтыкта иштеп алалы… иштеп алалы… иштеп алалы. (Түгѳлбай Сыдыкбековдун эскерүүсүнѳн).
«Тууралган эт желип аяктап калган кезде эле Алыкул бошогон табагын, кашыгын алып бөлмөдөн чыгып кетти. Бнр аздаң соң мен артынан ашканага кирсем, атайын үстүндөгү кайнап турган чайнектеги сууну алып кашык, табагын чайкап жатыптыр. Мен чочуп кетип:
— Алыкул, коюңузчу, мен өзүм эле жууйм! — деп шашып калдым.
— Жок, мен өзүм жакшылап жууп койдум. Жаш балдарыңар бар эмеспи, — деп үстөлгө кашык, табакты коюп чыгып кетти (Тенти Адышеванын эскерүүсүнѳн).
Өлкөмө тыйынчалык зыян кылбай
Бир сомго бир күн берип иштеп алдым.
Ошентип, ѳзгѳгѳ да, ѳлкѳгѳ да тыйынчалык зыян кылбады, бүт кыргызды ойдо (мамиледе, жашоодо) бийиктеген мунара тургуза алды.
Эми ар бир кыргыз ѳзүнѳ кармана турган жакшы сыпаты: сооптуу ишти мүдѳѳсүнѳ жеткире бүтүрүү. Бул Алыкулга бала кезинен эле мүнѳздүү экен.
1931-жылы жайында педтехникумдун китепканасы биринчи кабаттан, экинчи кабатка көчүп калды. Анда бизге мугалим болуп калган Зияш Бектенов балдарды жардамдашкыла деп жиберди. Бирок бир аз иштемиш болуп тарап кеттик. Ошондо жалгыз Алыкул калып, чаң баскан китептерди ташышып, акысына кечинде жатаканага бир чоң китеп көтөрүп келиптир. Ал «Орус поэзиясынын антологиясы» экен. Ошол антологияны ал дайыма казып, чийип окучу (Шайык Жамансариевдин эскерүүсүнѳн).
Дагы ар бир кыргыз кармана турган андан да артык сыпаты (ѳз сѳзү менен кайталайлы):
Мен уялам, мына мындан уялам,
Көзгө толор бир чоң эмгек кылбагам.
Колун кесеп, жолуң болгур дегенсийт,
Жер шарынан күлүк учкан заманам.
Дагы ар бир кыргызга үлгү – бийик максат коюусу (муну да ѳз сѳзү менен кайталайлы):
Ал кезде, мен олтурдум үйдө жалгыз,
Ойлордон-ойго батып, түпсүз-сансыз.
Аттиң ай, бир чоң килем соксом ээ дейм,
Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс…
Аягында ар кимибизге кайрылуусу (акындын сѳзү менен):
Кеткен кемтик жакшы ыр менен жетилет,
Андай болсо, көп кечикпей кууп жет.
Доорубузга каухар чачып калалы,
Алдыбызда канча күн бар ким билет?..
Азыркы илим-билимдин, диний эркиндиктин сѳзү менен:
Кеткен кемтик жакшы иш менен ѳтѳлѳт,
Андай болсо, көп кечикпей кууп ѳт.
Сооп иштерди аткаралы абалы,
Дагы канча ѳмүр барын ким билет?..
Парыздарды аткаралы абалы,
Алдыбызда канча күн бар ким билет?..
Мен анын түбөлүк уйкуда жаткан мезгилдеги жылмаюусуна таң калдым. (Николай Удаловдун эскерүүсүнѳн).
Ушундай… Периштелер аны акырети сонун болору менен кубандырды окшоду. Ошентип, жылмайган боюнча бул дүйнѳ менен коштошту. Ѳзү жазгандай болду:
Мен өзүмдү өлгөн кезде карасам,
Күлүмсүрөп керилген бир шер жатат.
Бул акыйкат жазмышына жарашкан
Тагдырына ыраазы бир азамат.
[*] Шайык Жамансариев – Педтехникумда бир бѳлмѳдѳ, кийин квартирада бир нече жыл бирге жашаган курдашы-досу.
* Акын, жазуучу Николай Удаловдун эскерүүсүнѳн.
* Шайык Жамансариевдин эскерүүсүнѳн.
Иманкулов Үмөткул,
билим берүүнүн ардагери
Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү