АМАНТУР АКМАТАЛИЕВДИН КӨӨНӨРГҮС МУРАСЫ
- 12.12.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыз журтчулугунун таанымал педагог-журналист, көркөм өнөр таануучу, элдик этнограф Амантур Акматалиев тирүү болгондо 90 жашка чыкмак. Кол өнөрчүлүк боюнча жыйырмага жакын эмгектин автору, Мамлекеттик өнөр жайынын отличниги. Замандаштарынын эскерүүсүндө Акматалиев Амантур кыргыз элинин көөнөрбөс кол өнөрчүлүгүн даңазалап, элдик салттуу искусствонун этнографиясын, эне тилдин колоритин сактоо менен анын терминдерине астейдил мамиле жасаган коомдук ишмер болгон. Амантур агай менен «Азаттык» радиосунда бирге иштеп, кеп-кеңештерин да угуп калдым эле.
Амантур Сейтаалы уулу Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы (мурдагы Тянь-Шань районундагы) Жерге-Тал өрөөнүндө Бөрүлү кыштоосунда 1934-жылы 12-декабрда туулган. Ата-теги моңолдор уруусунан. Чоң атасы Арпачы Ажибек уулу молдо киши болгон.
-Арпачы үч уулдуу болгон экен: Токтонаалы, Акматаалы жана Сейтаалы. Алардын туну – Токтонаалыдан эки кыз бар экен. Ортончусу Акматаалы Улуу Атамекендик согушка кетип, алааматтуу уруштан кайтпай калган. Кенжеси Сейтаалыдан бир уул (Амантур) жана бир кыз болгон. Демек, Амантурдун өз атасы – Сейтаалы, бирок ал өз уулунун тегатын “Акматалиев” деп согуштан кайтпай калган бир тууганы Акматаалынын ысымына каттатып койгон экен, -дейт тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин.
Амантур агай 1951-жылы Нарын педагогикалык окуу жайын аяктаган.1954-жылы Нарын мугалимдер институтун бүтүргөн. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн артыкчылык диплому менен бүтүргөн саналуу талантттардын сабына кирет.
1954-72-жылдары Лейлек жана Нарын райондорунда мугалим, мектеп директору, “Советтик Кыргызстан” гезитинин адабий кызматкери, Нарын районунун “Коммунисттик эмгек” гезитинин баш редактору жана башка кызматтарда иштеген.
Ал журналист катары “Ата бала кесиби”, “Кроссберд коюунун мекени” сыяктуу көптөгөн публицистикалык жана илимий популярдык очерктердин автору.
1972-жылдан негизинен Бишкекте жашаган жана ар кыл мекемелерде иштеген. Кыргыз ССРинин жергиликтүү эл чарба министрлигинин Көркөм эксперименталдык лабораториясынын инженери, сектор башчысы болгон. Ал азыркы “Кыял” улуттук кол өнөрчүлүк бирикмесин түптөөчүлөрдөн болгон, анда башкы көркөм өнөр таануучу болуп иштеп, өлкө аймагын түрө кыдырып, уз-усталарды иликтеп, Кыргызстандагы мезгилдүү басма сөздө жана телерадио берүүлөрүндө кыргыз кол өнөрчүлүгүнө арналган макалалар жарыялап, берүүлөр уюштурган. Маселен, КТРда (азыркы УТРК) көгүлтүр экранда анын демилгеси менен “Эл чыгармачылыгы”, “Чебер” берүүлөрү обого чыккан, радиодо “Маданий турмуш” берүүсү даярдалган. Республикалык, облустук жана райондук гезиттерде “Эл ичи — өнөр кенчи” рубрикасына ырааттуу салым кошуп, макалаларды жарыялап турган.
Амантур Сейтаалы уулу 1993-жылдан тартып “Манас-1000” Мамлекеттик дирекциясында этнография боюнча адис кызматын аркалаган. Мааракеге карата өз чыгармаларын жогорку көркөмдүктө даярдоого белсенген көптөгөн кыргыз усталары менен уздарына ар дайым көмөк көрсөткөн. Аны менен бул дирекцияда бир катар жылдар чогуу иштешкен Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев агайыбыз Амантур Сейтаалы уулу нечендеген мыкты боз үйлөрдү, көз жоосун алган кол өнөрчүлүк буюмдарын сынакка даярдоодо усталар менен уздарга адис катары баа жеткис кеп-кеңешин бергенин айтып калаар эле.
Амантур агай менен “Азаттык” радиосунун сырт кабарчысы болуп бирге иштеп калдык. Кыргыздын уз-усталары, “Кыргыздын кол өнөрчүлүгү”, “Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү”, “Каада-салт, үрп-адат, адамдык оң-терс сапат”, “Кыргыздын таланттуу кол өнөрчүлөрү”, “Элдик оймочулук”, “Жасалга өнөр чеберлери” , “Усталар жана уздар”, “Баба салты — эне адеби” деген сыяктуу көптөгөн нускалуу китептерди жазып, кыргыз журтчулугунун кол өнөрчүлөрүнө аттын кашкасындай таанымал болгон.
—Кыргыздарда Амантур Акматалиевдей алиге мыкты адис этнограф жок. Ал кишинин айрым эмгектерин учурунда “Ала Тоо” журналына жарыялаган элек. Жакында кыргыз маданиятына байланыштуу бир китепти түзгөнгө катышып, Амантур акенин эмгектери менен кайрадан таанышып чыктым. Амантур аке баскан-турганы жай, сыйкор, нарк сактаган, эч убакта үнүн бийик чыгарбаган, бой көтөрбөгөн, жоош, кыйратып салдым деп мактанбаган, мага сыйлык бергиле деп дооматын артпаган, элди-жерди жөө-жалаңдап чарчабай кыдырып сөз, салт, накылды кагазга түшүргөн чыныгы патриот эле. Ал кыргыздын маданият салтына байланышкан ондон ашык китеп чыгарыптыр. Улуттук салттан алыстап бараткандарга жана рухий маданиятты унуткандарга өтө керектүү эмгектер. Амантур Акматалиев кыргыздар келечекте жашоо-тиричилигине, салтына, пайдалуу, өтө бай мурас калтырды, -деп эскерет Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов.
Акматалиевдин өмүрү, чыгармачылык жолу, катаал тагдырдын сыноосунда өмүр кечирген белгилүү адамдардын мисалынан көрсө болот. Ал кыйын турмуштун азабын көзү тирүү кезинде өз көзу менен көрүп, баштан кечирген армандуу тагдыр жыйынтыгын эскерме катары чыгарам деген ниетине жетпеди.
”Кыял” кол өнөрчүлөр бирикмесинин мурдакы башкы директору, Кыргыз эл сүрөтчүсү Султанбек Макашовдун айтымында, алар учурда дагы Амантур Акматалиев чыгарган китептер менен окуучуларды окутуп келе жатышат.
— Кыргыз эли-жерин кезип, кол өнөрчүлүк, руханий дүйнө, салттуу улуттук буюмдарды изилдеген Амантур Акматалиевдей башка азыр эч ким чыга элек. Адамдын көңүлү, адамдын өмүрү, өнөрү дегенде алдына жан салбаган айкөл, элдик мурас, кол өнөрчүлүк дегенде ичкен ашын жерге койгон иштермен, асыл адам эле. Бирок өмүрүнүн акыры армандуу трагедия менен бүттү,- деди Султанбек Макашов.
“Жакшы адамдын байлыгы болбойт, тагдыры болот” деген эл оозунда сөз бар. Анын сыңарындай Амантур Акматалиевдин көзү өткөн соң далай гезит- журналдарда ал жөнүндөгү эскерүүлөрдө учурунда эмгеги, коомдогу орду, өтөлгөлүү өмүрү бааланбай калганы да айтылып жүрөт.
-Амантур Акматалиевди кыргыз кол өнөрчүлөр арасында тааныбаганы жоктур. Салмактуу сүйлөгөн, маданияты терең, ар бир адамдын эсинде сакталып калар, нарктуу инсан эле. Ал киши болгон үчүн кыргыз журтчулугу улуттук каада- салттарды, улуттук кийим кечени, кыргыз экенин таанып сактап калгандыгында”,- деп эскерет “Кыял” кол өнөрчүлөр бирикмесинин чебери Ишенгүл Аламанова.
Ошентип, кол өнөрчүлүктү ийне-жибине чейин билген чоң адис Амантур Акматалиевди өз мезгилинде илгертен кыргыз чеберлери кармаган буюмдар орду түбү менен жоголуп, кээлери таптакыр унутулуп кеткени өкүндүрүп келген. Мындай айтканда улуттук маданий дөөлөт мурастарын жыйноо түйшүгү анын өмүрүн акырына чейин коштогон эле.
”Акыркы чейрек кылым ичинде Амантур Акматалиев бир адамдын эмес, бүтүндөй институттун, аалымдар тобу аткара турган ишин аткарды” —деп баалаган белгилүү жазуучу Чоюн Өмүралиев.
Келечек муундарга мурас, таберик, керээз, нуска катары калтыруу талабын өзүнүн алдына милдет кылып койгон инсан бүгүн арабызда жок. Өлбөсө балким далай эмгектер жасалат беле. Залкар акын Байдылда Сарногоев Акматалиевдин кайтыш болгону угуп:
“Козголбос жерден козголдуң досум,
Жок болбос жерден жок болдуң, досум!
Кантейин, Кудай кылганы досум,
Мээме тийген ток болдуң, досум!… деген экен.
2002-жылдын 30-август күнү Кочкор районунун Теңдик айылына жакын жерде автокырсыктан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Уулдары: академик, филология илимдеринин доктору Абдылдажан Амантурович Акматалиев (учурда КР Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору) жана Уулбек Амантурович Акматалиев кесиби боюнча тарыхчы, кыздары: Уулкан Акматалиева жана Сүйүмкан Амантур кызы атасынын мурастарын улантууда.
Былтыр 2023-жылы тун уулу, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси жана редакторлугу менен Амантур агайдын 90 жылдыгына карата “Улуттук каада-салт нарк-насил” аттуу китеби жарык көрдү.
Чынында эле кыргыз элинин улуттук каада салтын, үрп-адатын, кол өнөрчүлүгүн талыкпай изилдеп, келечек муун үчүн алардын философиялык, эстетикалык маани маңызын кемибей сакталып калышы үчүн өлчөөсүз салым кошкон өнөр таануучу, этнограф Амантур Акматалиевдин эмгектери бүгүнкү күндө кыргыз тарыхын, этнографиясын, адабиятын изилдөөчүлөр үчүн баа жеткис мурас. Ошондуктан мээнеткеч, элдик этнограф Амантур агайдын бай мурасы, маани-маңызын жоготпогон эмгектери улам муун алмашкан сайын, мезгил өткөн сайын кийинки урпактар тарабынан татыктуу баасын алып, дагы терең изилденип, кылымдар бою жашай берет деген ишенимдемин.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
“Кут Билим”
Комментарийлер