АЛЫКУЛГА КЫЗМАТ КЫЛГАНДАРГА АТА ЖУРТ ДА ЫРААЗЫ

  • 17.03.2026
  • 0

 

АЛЫКУЛГА КЫЗМАТ КЫЛГАНДАРГА АТА ЖУРТ ДА ЫРААЗЫ21-март-залкар акындын туулган күнү

АЛЫКУЛГА КЫЗМАТ КЫЛГАНДАРГА АТА ЖУРТ ДА ЫРААЗЫ

21-март-залкар акын Алыкул Осмоновдун туулган күнү. Бул кут даарыган күнү Алыкул акынга арналып биртоп иш чаралар мерчемделүүдө. Кудай сүйгөн кишинин эки коногу бир келет демекчи, мажар туугандардын Алыкул китебинин котормосунун бетачарын Венгрияда эмес, акындын Ата Журтунда  Ноорузда, Алыкулдун туулган күнүндө өткөрүү үчүн Будапешттен Бишкекке атайын ат арытып келгендерине жана иш чара Улуу Орозо соңунда өткөрүлүп жатканына окурман журту атынан ыраазычылык. Бул эл аралык адабий алаканы уюштурууну колдогон КРдагы Венгрия Республикасынын элчилигине, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага, “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесине, Эл аралык Алыкул Осмонов фондуна мындан ары да эриш-аркак өнөктөштүк каалайбыз.

Ырас, анда бизден кеткен катаны,

Кайра түзөп алды акындын атагы – деп эл акыны Сүйүнбай Эралиев жазгандай көзү тирүүсүндө эле калемдештеринин бир тобу акынды жактаса, айрымдары күтүүсүздөн айдалыга канжар сайгандай абалга калтырганы да болгон. Ошентип, убагында таланты анчалык таанылбай калган Алыкул Осмоновдун чыгармаларын изилдөө, үйрөнүү да акырындап, мезгил өткөн сайын улам ар тараптуу жайыла баштады.

75 жылдыгына чейин бул ишке жалаң мамлекет тарабынан маани берилип, каражаты кошо каралса, эгемендиктен кийин алыкултаануу негизинен жеке авторлор же коомдук уюмдардын колдоосунда калды.

Алыкултаануунун чыйырын салып алгачкы жыйнагын түзүп, жай башындагы эстелигин койдурткан жана илимий эмгек жараткан Шаршенбек Үмөталиев агайдын жолун улагандар арбыганы А. Осмоновдун адабий мурастарынын маанилүү да мазмундуу да экендигине байланышканын мезгил улам даана ырастоодо.

“Алыкул-110” мааракесине карата коомдук негизде түзүлгөн Эл аралык Алыкул Осмонов фонду жыл аралыгында “Мезгил жана Алыкулиана” урааны менен бир кыйла алгылыктуу иштерди жасоого жетишти. Түркиядагы Алыкул күндөрү, Каптал-Арыктагы “Алыкул-фест” ж.б. иш-чараларга “Алыкултаануу илимий борбору” менен чоң салымдарды кошуудан тышкары  акындын чыгармачылыгы менен өмүр баянына байланыштуу “Жеңиш күнгө салтанат”, “Алыкулдун элеси – замандаштарынын аңгемелеринде” жана “Алыкулга – жүрөктөн 110 ыр” аталышындагы басылмалар М. Тентимишевдин түзүүсүндө окурмандарга тартууланган. Жүздөгөн авторлор арасындагы Алыкулдун замандаштары, калемдештери, соңку окурмандары менен күйөрмандары жазган ыр саптарын окуганда алардын дүйнөтаанымындагы учкул ойлордон орошон сезимдер козголуу менен акындын адамдык жана акындык касиеттерин жаңыча, азыркы көз карашта ачкандай болосуң…

Ал эми акындын 50, 60 жылдыктарына карата чыгарылган “Акындын элеси” (1965), “Алыкулга гүлдесте” (1975)  аттуу эскерүү, арноолор убагында жалпы окурман журтун Алыкултаанууга кызыктырган басылмалардан эле.

Алыкул сыйлыгынын лауреаты, “Алыкул” энциклопедиясынын автору, жеке түзүүчүсү Мундузбек Тентимишевдин аракетинде 2026-жылы жарык көргөн “Алыкул элеси – замандаштарынын аңгемелеринде” аттуу жыйнактан акын боюнча эле эмес, ал жашаган замандын адабий-маданий закымдарынан да кызыктуу маалымат алууга болот.

Ушул үч басылманын экөө Эл аралык Алыкул Осмонов фондунун президенти Бек Осмоновдун демөөрчүлүгүндө чыгарылган.

Кыскасы, “Ким Алыкулга кызмат кылса, Ата Журтка милдет өтөгөнү” – деген учкул ойдун орундалып жатканына кубанып, кийинки иштердин да илгерилешине тилектеш, ниеттеш бололу. Төмөндө Мажарстандын коомдук ишмери жана ишкери, басылманын демөөрчүсү Ференц Папчактын Венгр окурмандарына арналган макаласын окурмандарга сунуш кылам.

Памирбек КАЗЫБАЕВ,

Алыкул сыйлыгынын эки жолку лауреаты,

“Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмеси

 

Адамдын жер жүзүндөгү жашоосу өзүнчө бир саякат

Мен өмүрүмдө таңкалаарлык өлкөлөрдө жана өзгөчө жерлерде болдум. Ушул себептен улам өзүмдү бактылуу адам деп санайм. Ар бир сапар алдында өзгөчө толкундануу, даярдык, маалымат чогултуу жана уюштуруу иштери болот. Ал жакка кантип жетебиз деп толкунданабыз.

Өмүрүмдө биринчи жолу алыскы, жомоктогудай Кыргыз жерине 2003-жылы бардым. Мажар саякатчылары мурда келип кеткен бийик тоолордун этегинде жашашкан, кооз Ысык-Көлдүн жээгиндеги өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү Кыргызстандын абалы, коомдук жана мамлекеттик система боюнча пикир алмашкан конференцияга катыштым. Сапар кызыктуу өттү жана ал жердеги адамдар менен жекеме-жеке жолугушуу, алардын ой санаалары, күнүмдүк жашоосу менен таанышуу, алардын дүйнөсүн көрүү таасирдүү тажрыйба болду.

Мен бала кезимди бактылуу кечирдим, анткени атамдын жана мугалимдеримдин аркасында Чыӊгыз Айтматовдун чыгармалары менен тааныштым. Ошондуктан болсо керек Кыргызстанга тааныш өлкөгө барагандай сезимде келдим. Кийинчерээк биринчи кызматымда химия өнөр-жайында иштеген, өз аймагын жакшы тааныган, өз мекени жөнүндө мага көп нерселерди айтып берген Ирандан келген качкын инженер менен таанышып калдым. Ал кишн көӊүлүмдү көптөгөн маалыматка жана инсандарга бурду. Мындай адамдардын бири, өспүрүм кезимде эле саякат жазууларын окуган улуу швед саякатчысы Свен Гедин болду.

Дүйнө жана анын ичинде Борбордук Азия мени ар дайым толкундандырып келген. Кийинчерээк, университетте окуп жүргөндө жана андан аркы ой жүгүртүүмө чоӊ таасир эткен көптөгөн атактуу жана белгилүү мажар саякатчылары жөнүндө окудум. Алар саякаттарында ата журтубузду, тамырларыбызды жана туугандарыбызды издегени мен үчүн үлгү болду. Ошол эле учурда, алар саякаттары жана укмуш эмгектери менен чоӊ натыйжаларга жана эл аралык атак-даӊкка жетишти. Бул жерде Шандор Кёрёши Чоманын, Армин Вамберинин, кыргыз аймагын изилдеген Дьёрдь Алмашинин жана Дьюла Принцтин аттарын атап өтүүгө арзыйт.

Ошондон бери мен бул аймакка аз дегенде он жолу бардым, көп дос күттүм жана тажрыйба топтодум, бир катар маӊыздуу иш чарага катыштым. Досум Давид Шомфаи Каранын «Манас» эпосун кыргыз тилинен мажар тилине которуусуна жардамым тийгенине өзгөчө кубанычтамын.

Биз Давид Шомфаи Кара менен бир нече жолу чогуу саякатка чыктык. Ушундай   сапардын биринде кечки тамак үстүндөгү сүйлөшүү учурунда – мажар акыны Шандор Петөөфинин ырларын биринчи болуп кыргыз тилине которгусу келген улуу кыргыз акыны Алыкул жөнүндө сөз болду. Памирбек Казыбаев аттуу кыргыз адабиятчысы Алыкулдун ырларын мажар тилине котортуу милдетин бизге артты. Ошол милдетибизди аткарып кызыккан окурмандын колуна сунуштап отурабыз. Китеп чыгаруу, жазуучулук аркылуу элдер ортосунда байланыш түзүүдөн өткөн асыл нерсе жок.

Мен биринчи кезекте Давид Шомфаи Карага бул жыйнактын чыкканы үчүн ыраазычылык билдирем жана ХХ кылымдын ортосунда, жаш кезинде каза болгон улуу кыргыз акыны жана котормочусу Алыкул Осмоновдун эмгектери мажар тилине которулганына терең кубанычтамын. Кыргыз адабияты бай жана бул ырлар топтому анын далили.

Кызыгууңуз үчүн тереӊ ыраазычылык билдирем жана керемет руханий сапар каалайм!

Венгр окурмандарына арналган макаланын автору Ференц Папчак

Мажарстандын коомдук ишмери жана ишкери, басылманын демөөрчүсү

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер