“АЛТЫН КАЗЫК”  – АР БИР БАЛАНЫН, МУГАЛИМДИН ЖАНА БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

  • 18.06.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Ысык-Көлдө уюштурулган «Жаңылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык семинар-форум 2025-жылдын 20-июнуна чейин уланат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 800дөн ашуун педагог катышууда. Максаты — Кыргызстанда билим берүү системасын трансформациялоого багытталган «Алтын Казык» программасын илгерилетүү.

“АЛТЫН КАЗЫК”  – АР БИР БАЛАНЫН, МУГАЛИМДИН ЖАНА БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

Мугалим – реформанын өзөгү

Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева форумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө билим берүү тармагындагы ири өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашырууда жалпы түшүнүктүн жана биримдиктин маанилүүлүгүн белгиледи.

“АЛТЫН КАЗЫК”  – АР БИР БАЛАНЫН, МУГАЛИМДИН ЖАНА БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

— Биз силер менен бир сапарда, бир багытта кыргыз элинин келечегин, түбөлүгүн түптөй турган жолдо баратабыз. Жаш муундарды татыктуу тарбиялоого багытталган, билим берүүнүн мазмунун түп-тамыры менен жаңыртып, жаңы стандарттарга, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан «Алтын Казык» программасын ишке ашырып жатабыз. Силер «Жаңылыктын жарчысы» иш-чарасынын жөн гана катышуучулары эмессиңер, силер аны түздөн-түз жүзөгө ашыруучуларсыңар. Силер бул жаңылыкты кантип кабыл алып, кантип түшүнсөңөр, биз ошол багытта алдыга жылып, өзгөрүүнү чогуу ишке ашырабыз, — деди министр.

Форум модулдук форматта уюштурулуп, катышуучуларга жаңы окуу жылына даярдыктын негизги аспекттерин: жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандартын жана предметтик стандарттарды киргизүү, жаңы окуу программаларын жана окуу китептерин колдонуу, окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун жаңы ыкмаларын пайдалануу, ошондой эле мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча жаңыланган курстарды уюштурууну ырааттуу жана терең өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Форумдун алкагында катышуучулар билим берүү системасындагы негизги өзгөрүүлөргө арналган тематикалык секцияларда иш алып барышууда. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө билим берүү реформаларын ишке ашыруу учурунда мектеп администрациялары туш болгон негизги маселелер да талкууланууда. Ар кандай нукта жүрүп жаткан талкуулар да мугалимдерди ойлондурбай койгон жок. Модернизациялоо өлкө үчүн канчалык натыйжалуу болот, мектептер жаңы окуу курал  менен  качан камсыз болот, кабинеттер жетишеби ж.б.у.с. нерселер трансформациялоого тоскоолдук жаратпайбы деп тынчсызданган жетекчилер ойлорун ортого салып, сунуштарын беришүүдө.

Катышуучулар эмне дейт?

Кундузкан ЫБЫШОВА, №3 Токтогул атындагы орто мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, Алай району, Ош облусу:

“АЛТЫН КАЗЫК”  – АР БИР БАЛАНЫН, МУГАЛИМДИН ЖАНА БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

— «Жаңылыктын жарчысы» форуму мугалимдер суусап турган мезгилде, эн керектүү учурда өткөрүлгөнү абдан жакты. Бул форумда жаңы предметтик стандарттар менен тааныштык. Агартуу министри Догдуркүл Шаршеевна баштаган команда КББА, РИПК, Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти абдан катуу иштеп жатыптыр. Жакында тиешелүү предметтер боюнча предметтик стандарт, окуу программасы, календардык тематикалык пландан бери мугалимдер үчүн даяр болуп сайттарга жайгаштырылганы бизди абдан кубандырды. “Санарип кампа” платформага аябай көп предметтерге тиешелүү маалыматтар жүктөлүптүр.

“АЛТЫН КАЗЫК”  – АР БИР БАЛАНЫН, МУГАЛИМДИН ЖАНА БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!“АЛТЫН КАЗЫК”  – АР БИР БАЛАНЫН, МУГАЛИМДИН ЖАНА БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

Лира Самыкбаева командасы менен электрондук күндөлүктү абдан сонун жолго салыптыр. Мугалимдер сабак гана өтө турган шарттар түзүлүп жатыптыр. Бир аз убакыт керек экен. Биз тараптан колдоо жана жакшы иштеп, тапшырмаларды убагында аткарып туруу керек. Бул командадан эч ким иштен кетпей иштеп туруусу учурдун талабы экенин жакындан көрүп келдик. 12 жылдык билим берүү -бул заман талабы экенин эч кимибиз тана албайбыз. «Жабыла көтөргөн жүк жеңил” демекчи, ар бирибиз салым кошууга милдеттүүбүз. Биз эми алган билимдерибизди жайылтып, жаңылануу болуп жаткан 12 жылдык билим берүүгө чоң салым кошконго даярбыз.

«Жаңылыктын жарчысы» аттуу форумга Алай районундагы мектептердин эң алдыңкы 10 окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук каанасынын башчысы келип катышышты. 2 күндүк форумда 12 жылдык билим берүүгө кадам таштоонун эң алгачкы баскычтары боюнча кенири түшүнүк алып, жүрөгүбүздү өйүп келген бир топ суроолорго түздөн түз жоопторду алып канааттандык. Агартуу министирлигинин ар бир кызматкери өз ишин дыкаттык менен аткарып жаткандыгын байкоого болот. Жаны окуу жылына карата окуучулар үчүн жаңы китептери, жумушчу дептерлери ал эми мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор чыгарылып, календардык тематикалык пландар ар бир предмет үчүн түзүлүп, анын негизинде сабактын планы да бирдиктүү болуп сайтка жайгаштырылаарын уктук, бул эң чоң жетишкендик. Дүйнө тынымсыз өнүгүп жаткан мезгилде биздин балдар да дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнун балдары сыяктуу татыктуу билим алып, өлкөбүздүн мындан да гүлдөп өнүгүүсүнө салым кошсун деп Президентибиз колдоп, министрибиз чечкиндүү кадамдарды таштап, командасы менен комплекстүү иштерди жасап жаткан мезгили экенин сездик. Эми өлкөбүздүн ар бир мугалими жаш жеткинчектерге, бул өткөөл мезгилде талыкпай эмгектенип 12 жылдык билим берүүнү женил ишке ашырууга салым кошсок экен деп тилейт элем.

Динара ЖАНЫБАЕВА, Айтматов району.Ч.Айтматов атындагы орто мектеби, Талас облусу:

“АЛТЫН КАЗЫК”  – АР БИР БАЛАНЫН, МУГАЛИМДИН ЖАНА БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

— «Жанылыктын жарчысы» форумунун уюштурулганы эң пайдалуу болду деп ойлоймун. Биздин да калың журтка жарчы болуп, жаңылыкты туура жеткирүүбүзгө чоң жардамын тийгизди. Өзүбүздү да бушайман кылып келе жаткан суроолорго жооп таап, түшүнүк ала алдык. Деги эле форумдун жүрүшү, уюштурулушу да өзгөчө өттү. Алдыдагы өтө турган окуулар, жаңы стандарттардын чыгышы ж.б. даярдалып жаткандыгы жөнүндө да маалыматтарды кошо айтып, мугалимдерге түшүндүрө кетебиз.

Азия ЖАМАНКУЛОВА, Талас  билим берүү усулдук борборунун усулчусу:

— «Жанылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык форумга жалпы Талас облусу боюнча 49 квота берилип, 1-агым менен 16 мугалим катышып келдик.  Форумда 2025-2026-окуу жылында 12 жылдык билим  берүүгө өтүү жөнүндө, ар бир предмет боюнча стандарттарда өзгөрүүлөр боюнча маалыматтар берилди. 2-класстар жана 5-класстарда сабактар интеграцияланып окуу боло турганы айтылды. Форум абдан түшүнүктүү жана кызыктуу болуп, жаңы маалыматтарды ала алдык.

“АЛТЫН КАЗЫК”  – АР БИР БАЛАНЫН, МУГАЛИМДИН ЖАНА БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

Султанбек СМАНАЛИЕВ, Арашан жалпы билим берүү орто мектебинин директордун окуу-тарбия иштеринин орун басары, Талас району:

“АЛТЫН КАЗЫК”  – АР БИР БАЛАНЫН, МУГАЛИМДИН ЖАНА БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

— Ар бир предмет боюнча стандарттарда өзгөрүүлөр бар экен. 5-6-класстарда сабактар интеграцияланып, 7-класста жаңы окуу программа менен окушат. 2024-2025-окуу жылында даярдоодон өткөн балдар 2-класска секирик кылып, 1-класс интеграциялынып окутулат. Форум абдан түшүнүктүү жана кызыктуу болуп, жаңы маалыматтарды ала алдык.

Кайыргул НУСУПОВА, Идирис Орозалиев атындагы Ак-Коргон орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, биология мугалими, Талас району:

“АЛТЫН КАЗЫК”  – АР БИР БАЛАНЫН, МУГАЛИМДИН ЖАНА БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

— Кыргызстандын билим берүү тармагында жүрүп жаткан реформалардын алкагында 12 жылдык окуу системасына өтүү – өлкөбүздүн билим сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам экендиги боюнча форумда дагы бир канча көйгөйлөр аныкталды.  Алсак, материалдык-техникалык базанын, мугалимдердин жетишсиздиги жана даярдыгы, окуу программасынын кыскарышы. Форумда биз сунуштарыбызды дагы бердик. Мисалы, аймактык деңгээлде мугалимдерди үзгүлтүксүз окутуу жана тажрыйба алмашуу курстарын уюштуруу; мектептерди материалдык-техникалык жактан жакшыртуу боюнча атайын мамлекеттик же донордук программаларды ишке ашыруу; ата-энелер менен ачык диалог жүргүзүп, 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүү; окуу программасын балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык жөнөкөйлөтүү жана мазмунун оптималдаштыруу.

Айгерим БОЛОТ кызы, Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басары, Кочкор району:

“АЛТЫН КАЗЫК”  – АР БИР БАЛАНЫН, МУГАЛИМДИН ЖАНА БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

— Форумда эмне үчүн 12 жылдык билим берүү киргизилип жатат деген суроого жооп алдык. Биз бул программага өтүү менен мектептин билим берүү системасын  жаңылатууну, билим берүүнүн деңгээлдеринин туруктулуугун камсыздоону, билим сапатын жакшыртууну жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоону түшүндүк. Быйыл 2018-жылкы балдар 2-класска отуруп,  12 жылдык программа менен окушат, ал эми 11 жылдык менен окуп жаткан 2-класс мурунку программа менен убактылуу окушат. Жаны окуу китептери боюнча  математика, англис тили, мекен таануу, табигый илимдер, орус тили жана  адабияты предметтерине жаңы мазмундагы китептер менен камсыз болобуз.  Жаны кабыл алынган мамлекеттик стандарттар менен тааныштык жана 38 предметтик стандарт түзүлгөнү маалымдалды.  Ошондой эле Кыргыз билим  берүү академиясынын түзүп берген КТП боюнча иш алып барабыз. Бул форумда 12 жылдык программага даярдыкты көрө алдык, 1-2-5-7-класстарга окуу процессинин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн билдик, окуу китептерин колдонуу методдору тууралуу, тиркемелерди, программаларды жана санариптик каражаттарды туура пайдалануу боюнча маалымат ала алдык. Форумга жалпы  республика боюнча жер жерлерден билим берүү тармагында иштеген 200 ашуун мугалимдер адистер келип катышты, форумдун жүрүшүндө көл жээгинде жагымдуу маанай катары иш- чаралар уюштурулду.

“АЛТЫН КАЗЫК”  – АР БИР БАЛАНЫН, МУГАЛИМДИН ЖАНА БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

Бул форумдун маанилүү бөлүктөрүнүн бири – санариптештирүү болду.

Мугалимдер жана окуучулар үчүн онлайн платформалар иштелип жатканы, электрондук күндөлүк жана баалоо системалары тест түрүндө колдонулаары так айтылды. Демек, биз 12 жылдыктын программасында эч кандай кагаз жүзүндө документтерди жана окуучулар үчүн колдонулган журналдардан дагы арылат экенибизди тастыктап айтышты.

“АЛТЫН КАЗЫК”  – АР БИР БАЛАНЫН, МУГАЛИМДИН ЖАНА БҮТКҮЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ!

Ар бир мугалим каникул учурларында чейрек сайын аймактык жер-жерлерде жаңы окуу программасы боюнча окутулуп, кесиптик багытта окуучуларды дайындоо боюнча дагы жаңы кадрларды даярдап, курстан өтүп турушаарын баса белигилешти.

Кенжекан БАЙСЫМАКОВА,  Жунушалы кызы Сайнап атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, Кочкор району:

— Жаңы мамлекеттик стандарт менен окуп, жаңы окуу китептер, жумушчу дептерлер берилет. Математика, табият таануу, англис тили  ж .б. жаңы түзүлгөн предметтик стандарт  менен иш алып барат экенбиз. Июль, август айында  предметтик мугалимдер  дагы окушат. 12 жылдык билим берүү системасы боюнча  окуу программалар, базистик окуу пландар чыгат экен. Ынандыруу жолу менен иш алып барат экенбиз. «Алтын Казык» билим берүүнү трансформациялоо программасын ишке ашыруу, жаңы окуу жылына даярдык көрүү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер