АЛТЫ ЖАШтагы балдардагы ОЮн — окуу ишмердик
- 24.01.2025
- 0
12 жылдык билим берүү моделинин алкагында баланы алты жаштан мектепке берүү боюнча коомдо талкуу жүрүп, түрдүү пикирлер айтылууда. Бул боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын окутуучулары Э.Тентиева жана Н.Абдраева өз пикирлери менен бөлүштү.
Мектепке даярдоо — көп кырдуу, компоненттүү түшүнүк. Мектеп босогосун аттоо – ар бир баланын жашоосундагы эң маанилүү учур болуп саналат. Баланын буга чейин негизги ишмердүүлүгү оюн болуп келсе, ал окуу процесси менен алмашылат.
Ишмердүүлүктүн негизги түрү өзгөрөт, эркин оюн окуу иш-аракеттерине алмашат. Бала окуучунун жаңы социалдык ролун жана социалдык абалга байланыштуу бардык талаптарды жана милдеттерди өздөштүрө баштайт.
Мектепке даярдануу — бул окуганды же санаганды билүү гана эмес, жаңы билим алууга даярдык, изденүүчүлүк, байкоочулук да болуп эсептелет. Курчап турган дүйнөнү байкоо, оюндар, эмгек, баланын мектепке толук даярдыкта келишине өбөлгө болот.
Өзүнүн табияты боюнча алты жаш курак оюнкараак, ар бир нерсеге кызыккан курак болуп саналат. Ошондуктан алардын күчтүү жактарын окуу процессин оюн ишмердүүлүгү аркылуу аныктап, курагына жараша өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүү кажет. Окуу темалары алты жаштагы бала үчүн маанилүү, практикалык мааниге ээ болушу керек. Көп нерсе тарбиячыдан көз каранды — ал ар бир балага жеке мамиле жасоо менен балдарды окууга кызыктырат жана даярдайт. Балдардын мектеп жашына жеткен курагында анын ар бир аткарып жаткан ишмердүүлүгү кызыктыруучу мүнөзгө ээ болуусу зарыл.
Бала канчалык активдүү ишмердүүлүккө тартылган болсо, ошончолук анын көңүл буруусу калыпка түшөт. Алты жаштагы бала көйгөйдү чечүүдө көп варианттын бирөөнү тандай алат же болбосо башка баладан, чоң кишиден жардам сурай алат.
Баланын өз курдаштары менен пикир алыша билүү жөндөмү, керек болгон учурда тарапташына ийилип, жол берүүсү – жаңы социалдык чөйрөгө аралашуусуна жардам берет. Бул болсо өз кезегинде мектептен билим алууга жагымдуу кырдаал жаратат. Баланын олуттуу билим алууга даяр экендигин кантип түшүнүүгө болот? 6, 7 же 8 жаш туурабы? Балдар психологдору, эрте өнүгүү боюнча адистер баланын мектепке даяр болуусун төрт: физикалык, психологиялык, интеллектуалдык, социалдык-инсандык компонентке бөлүп карашат:
Физикалык даярдык. Баланын ден соолугунун чың болушу мыкты физикалык жана баш-мээсинин, психикалык өнүгүүсү, чыдамкайлуулук, көтөрүмдүүлүк, организмдин ишке жарамдуулугу менен мүнөздөлөт. Дем алуу органдарынын жана тамакты аш кылуучу, жүрөк-кан тамыр системалардын туура иштеши, негизги кыймыл-аракеттерди ийгиликтүү башкара билүүсү, майда моториканын өнүгүүсү, маданий-гигиеналык адаттарды туура колдоно билүүсү жана аларды адатка айлантуу чоң мааниге ээ.
Психологиялык даярдык. Баланын мектепте окууга интеллектуалдык ишмердүүлүгүн камсыз кылуучу негизги психикалык процесстердин өнүгүү деңгээли, калыптанган таанып — билүү активдүүлүгү жана кызыгуусу, акыл ишмердүүлүгүнүн ыкмаларын өздөштүрүүсү, аң-сезимдин, сүйлөө кебинин, жалпы дүйнө таанымынын символдук функциясын өнүктүрүү жана дүйнө картинасын кабыл алуу жөндөмдүүлүгү.
Интеллектуалдык даярдык. Көптөгөн ата-энелер бул даярдыкты башкы маселе деп эсептешет жана анын өзөгүн: жазуу, окуу жана эсептөө көндүмдөрүнө үйрөтүү деп билишет. Бул ишеним балдарды мектепке даярдоодо ата-энелердин кетирген каталарынын себеби болуп саналат. Чындыгында, интеллектуалдык даярдык баланын белгилүү бир калыптанган билимге жана жөндөмгө (мисалы, окуу) ээ болушуна жол бербейт. Баланын мектепте окууга интеллектуалдык даярдыгынын эң маанилүү көрсөткүчтөрү болуп анын ой жүгүртүүсү, сүйлөөсү, көңүл буруусу, эс тутуму саналат.
Социалдык-инсандык даярдык. Баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө туура багыт алууга, адамдар менен баарлашууга жана өз ара аракеттенүүгө, мектепте окуунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын аңдап билүүгө, өз алдынчалыкты жана активдүүлүктү көрсөтүүгө чакырган элементардык социалдык жетилгендикке даярдыгын күбөлөндүрөт. Алты жаштагы баланын оюн окуу ишмердүүлүгүнө өтүү процесси акырындык менен жүрөт. Алар:
- сөөк-булчуң системасынын толук жетиле электиги (баланын отурган абалына, ордуна, партага, отургучка көңүл буруу керек. Тез-тез манжа оюндарын ойнотуп туруу зарыл);
- физикалык чарчап-чаалыгуу (физикалык жана акыл оюндарынын кезегин алмаштырып туруу керек);
- Эмоционалдык толкундануу (балдар менен дисциплинардык талапты талкуулоо, музыканы колдонууну, музыкалык тапшырманын түрлөрүн, ритмопластиканы жана активдүү кыймылдарды алдын ала талкуулоо керек);
- туруксуз көңүл буруу (көңүлдү башкаруу үчүн тышкы сүйлөө стимуляторлорун колдонуу, үн эффекттерин колдонуу зарыл);
- теңтуштар менен баарлашууда өзүн-өзү ишенимдүү болуусу (топтордо иштөө жана жуптук иштерде);
- коркуу (эмоционалдык колдоо керек, тапшырманын жеткиликтүүлүгү, ийгилик жаратуучу абалы);
- оюн иш-аракеттеринде аткарылбаган муктаждык (окутууда оюн ыкмаларын жана оюн өзгөрүүлөрүн көбүрөөк колдонуу);
- баарлашуу көндүмдөрүнө, социалдашууга, баланын класстын жашоосуна катышууга даярдыгына басым жасоо;
- баланын мектепке даярдыгы негизинен анын өзүн-өзү тейлөөнүн негизги көндүмдөрүнүн болушу менен аныкталат. Окуу учурунда балага жагымдуу окуу кырдаалын түзүү жана стресстин төмөн болушу ири мааниге ээ болот.
- Топто иштөө, жаңы нерселерди үйрөнүү жөндөмү жана каалоосу баланын ар тараптан өнүгүүсүнө жол ачат.
Демек, баланы алты же жети жаштан мектепке берүү же бербөө маселеси биз жогоруда келтирген маалыматтардан көз каранды болот.
Айгерим Токтобаева,
«Кут Билим»
Комментарийлер