АЛТЫ ЖАШТАГЫ БАЛАНЫН АКЫЛ-ЭСИ ТУНУК ЖАНА КЫЗЫГУУСУ КҮЧ
- 22.01.2025
- 0
Редакциядан: Билим берүү жана илим министрлиги мектептик билим берүү системасын 12 жылдыкка өткөрүү алдында турат. Бул жаатта бир топ иштер аткарылууда. Биринчи класска 6 жаштагы балдар 2025/2026-окуу жылынан баштап барат. Мектепке даярдык баланын ден соолугунан, физикалык, психологиялык жана социалдык аспектилеринен көз каранды эмеспи. Алты жаштагы балдардын көпчүлүгү чоңдордун жетекчилиги астында окууга, социалдык өз ара аракеттенүүгө жана өзүнө карата жоопкерчиликке даяр болот. Бирок баланын өнүгүүсү ар түрдүү болушу мүмкүн, ошондуктан балдарга, алардын ата-энелерине педагогдордун, медиктердин жана психологдордун кеңеши маанилүү. Анын үстүнө, мектепке берүү үчүн баланын эмоционалдык абалы, когнитивдик жөндөмдүүлүктөрү жана социалдык өз ара аракеттенүүлөрү да эске алынат. Ушул жаатта Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкерлери алты жаштагы балдар үчүн окуу программасы ылайыкталып жатканы, “мектептик жетилүү” тууралуу өз ойлорун ортого салышты. Анда эмесе, сөз адистерде.
Биринчи класс – адаптация мезгили
Ааламдашуу шарттары билим берүү тутумунан глобалдык да, ата-мекендик да эмгек рынокторунда атаандаштыкка туруктуу, суроо-талапка жооп берүүчү адистерди даярдоону талап кылууда. Буга байланыштуу Кыргызстан улуттук билим берүү системасын масштабдуу модернизациялоо, анын сапатын жогорулатуу, эл аралык стандарттарга жана эмгек рыногунун талаптарына ылайыкташтыруу боюнча 2024-жылы «Алтын казык» программасын жарыялаган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бул программаны этап-этабы менен ишке ашыруу планын бекиткен, ага ылайык концепция, мамлекеттик стандарт жана программа иштелип чыгууда.
Ушул себептүү 12 жылдык мектеп моделине өтүүдөбүз. Ал эми бул процесстин башаты мектепке чейинки уюмдарынан башталат. Жалпыга белгилүү болгондой, 1-класска ар кандай деңгээлдеги даярдыктагы балдар барышат. Мектепке чейинки уюмдарга барган балдар жазуунун алгачкы элементтерин, математикалык алгачкы ой жүгүртүүгө, чоң адамды угуп, ага кайра туура, кыскача жооп бергенди үйрөнүшөт. Бирок, ошол эле учурда бала бакчага барбаган балдар да аз эмес. Алар мектепте даярдыксыз баргандыктарына байланыштуу мугалимге окутуу процессинде бир топ кыйнчылыкты жаратат.
Алты жаштагы балдар үчүн окуу программасы ылайыкталып жатат. Алар үчүн биринчи класс адаптация мезгили болуп, окуу оюн түрүндө өтүп, баланын инсандык сапатты, функционалдык сабаттуулукту жана коммуникацияны өнүктүрүүгө көңүл бурулат. Мындай жумшак өтүү балада мектеп алдында стрессти азайтат деп ойлойбуз.
Мектепке кирүү жашы боюнча негизи психологдор ар кандай көз карашта. Биринчиден, бала эмоционалдык жана физикалык жактан даяр болушу керек. Жок дегенде мектеп сумкасын көтөрүп көрүп, өзүн мектеп окуучусу катары сезип, түшүнүшү жана даярдыгы болушу керек.
Чет өлкөлүк тажрыйба
Дүйнөлүк тажрыйбада бир топ өлкөлөр 6 жаштан баштап мектепке кабыл алышат, мисалы: Дания, Босния жана Герцеговина, Исландия, Италия, Люксембург, Норвегия, Румыния, Словакия, Словения, Англия, Шотландия, Венгрия, Черногория жана Швейцария.
Британдык балдар беш жашында мектепке барышат, бирок бул даярдоо мектеби, анда оюнга жана социалдашууга басым жасалат. Башталгыч мектепте негизги предметтер окуу планына кирет. Бул учурда балдарга дос болууга жардам берүү үчүн долбоор иштерине басым жасалат. Ал эми, жапондор менен кытайлар бала бакчаларды жана даярдоо топторун эсепке албаганда алты жашында билим ала башташат, алардын программалары Европага караганда алда канча интенсивдүү. Көпчүлүк мектептеринде спорт аянтчалары жана заманбап аспаптардын кеңири спектри менен жабдылган музыкалык бөлмөлөр бар. Аргентинада башталгыч билим алуу 6 жаштан милдеттүү түрдө киргизилген. Ушундай эле система Кубада иштейт. Мексикада да балдар биринчи класска 6 жашында киришет.
Мектепке балдардын даярдыгы ар түрдүү
Ата-энелер көпчүлүк учурда баласын алдыңкы мектептердин биринде окуусун каалайт: айрымдары тил багытын тандайт, башкалары математикалык мектепке карайт. Бардык балдар ар түрдүү, мектепке болгон даярдыгы да түрдүүчө, бирок, ар бир бала өзүнүн күчтүү да, алсыз да жактары менен өзгөчө. Анткени ага жаңы жоопкерчиликтер жүктөлүп жатат. Алты жаштагы балдар акыл-эси тунук жана кызыгуусу күч болгондугу менен айырмаланат. Балдар мектепти жаңы укмуштуу окуя катары карашат, анткени ал жакта баары жаңы, өзүн чоңдордой сезүү, көз карандысыз болуу кызыгуусу бар. Ошондой эле мугалимдин көрсөтмөлөрүн аткарууга даяр. Алар башка балдар менен бат эле тил табыша алышат. Бул сапаттар алты жаштагы балдарда калыптанып калат. Бирок окууга даяр болуунун эң маанилүү факторлорунун бири – баланын ден соолугу. Баланын ден соолугуна жакшы көңүл буруп, көбүрөөк окуп берип, анын кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү зарыл.
«Мектептик жетилүү»
«Мектептик жетилүү» түшүнүгү негизи үч аспектини камтыйт: интеллектуалдык, эмоционалдык жана социалдык.
Интеллектуалдык жетилгендик – баланын ой жүгүртүүсү, сүйлөө, көңүл буруусу, эс тутумунун, кабылдоосунун жана майда моторикасынын өнүккөн деңгээли. Баланын бир нерсеге 10-15 мүнөттөн ашык көңүлүн топтой алышы, жазуунун алгачкы элементтерин билиши, санап жана өзүнүн оюн так айталышы, тапшырманы биринчи жолу угуп, түшүнүп жана эстей алышы. Анын сүйлөөсү канчалык деңгээлде өнүккөн. Тыбыштардын айтылышынын тактыгына жана жаш курагына ылайыктуу лексикага, ошондой эле өзү жана курчап турган дүйнө жөнүндө жетиштүү деңгээлде билими.
Эмоционалдык жетилгендик – балада өзүм билемдиктин пайда болушу, атаандаштыкта утулуп калуу сыяктуу терс эмоциялары менен күрөшүүсү.
Социалдык жетилгендик – чоңдор менен мамиле куруу көндүмдөрү, теңтуштары менен баарлашууну каалоосу. Башкача айтканда, мектептин максатын жана анда окуунун эрежелерин түшүнүшү. Мугалимге сый-урмат көрсөтүү жана окуучунун ролун кармануу, мектеп эрежелерин аткара билиши жана теңтуштары менен чыр-чатакты чече билүүсү керек.
Демек, биздин 6 жаштагы балдарды башка өлкөлөрдөгү балдардай дүйнөлүк рынок маселесин ишке ашыра алууга даярдоодо биринчи кезекте, социалдык, эмоционалдык жана интеллектуалдык көндүмдөрдү, функционалдык сабаттуулукту жана андан ары билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизи катары башталгыч билим берүүнүн сапатын олуттуу жакшыртуу, ошондой эле мектепке чейинки ар кандай даярдыгы бар балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө зарылчылыгы бар.
“Наристе” программасында баланы өнүктүрүү максатында (САН ПиН дин талаптарына жооп берген) балдарга ылайыкталган, жабдылган, биргелешкен ишмердүүлүктү тиешелүү класста ишке ашыруу эске алынат. Анда балдарды инсандык сапаттарын калыптандырууга, таанып билүүгө жана өнүтүрүүгө багытталган.
Жогорудагы айтылгандарды эске алуу менен 480 сааттык “Наристе” программасы 6 жаштагы балдарды мектепке тартууга негиз болору, аны кеңейтүү, балдардын билимин, ой жүгүртүүсүн теңдөө максатка ылайык, учурда 1-класста окутулуучу предметтер жана алардын мазмуну аныкталууда.
Айдай БЕКБОЕВА, Чынар АТТОКУРОВА, Кыргыз билим берүү академиясынын Мектепке чейин жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкерлери
Комментарийлер