ЖЕКЕ МЕНЧИК БАКЧА АЧУУ ЖЕҢИЛДЕЙТ

  • 04.04.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Ленин районунда патент менен иштеген жеке ишкерлерди бала бакча ачып иштетүүгө даярдоо, окутуу иштери жүргүзүлөт. Ал  өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында үч айдын ичинде 250 ишкер айымды керектүү билимге окутуп, бала бакчалардын санын көбөйтүү максатын көздөйт.

Жеке ишкерлерге жардам

Дүйшөмбүдө өкмөттүк акселераторлордун жумушчу тобу Бишкек шаарынын четиндеги «Дордой-2» жаңы конушуна барып, жеке бала бакча жетекчиси Индира Жакыпбекова менен жеринен таанышты.

Индира айымдын төрт баласы бар. Өзү эки кесиптин ээси. Адегенде медициналык колледжди аяктап, И.Арабаев атындагы КМУда педагогикалык билимге ээ болгон. Балдарын карап үйдө олтурганда, кошуналарынын балдарын да кошо карашып жүрүп, жеке менчик бала бакча идеясы бышып жетилген.

— Балдарды багуу менен алектенип келатканыбызга жети жыл болуп калды. Азырынча документибиз жок, ошол үчүн толук кандуу бала бакча деп атоого болбойт. Жаңы конуш болгондуктан, үйүбүзгө техпаспорт алалбай жүрдүк. Эми техпаспорттуу болгондон бери башка документтерди алуу оңой болор деп ишенип турабыз. Бул бакчага 20 балага чейин батат. Бир гана ачык жарнамалай албайбыз, азырынча тааныш-билиштердин эле балдары келет. Эгерде расмий уруксаат алсак, ай сайын төлөнчү төлөмдөрдү бекитүүгө, окуу программалары менен иштөөгө жакшы болмок, — дейт жаш ишкер айым Индира Жакыпбекова.

Индиранын бакчасына учурда 10-15 бала келет. Иш жаз алды менен жандана баштайт, бул жаңы конуш тургундарына мүнөздүү көрүнүш. Алдыда дагы жашы мектепке жетип калган балдарды мектепке даярдоо боюнча иш жүргүзүүнү пландоодо. Анткени шаардан чет жайгашкан бул жаңы конуш тургундарынын баарында эле балдарын шаар ичине ташып окутууга даярдоо мүмкүнчүлүктөрү боло бербейт.

Старт алган өкмөттүк акселераторлор программасы Индира Жакыпбековага окшогон демилгелүү жаш айымдарды тиешелүү билимге окутуу максатын көздөйт. Өкмөттүк акселераторлор программасы, б.а. стартаптар үчүн интенсивдүү билим берүү программасы боюнча жогоруда айтылган жүз күндүн ичинде төрт миң баланы бала бакчага орноштуруу жана жеке ишкерлик менен алектенген 250 айым атайын билим алат. Алгачкы кадам Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин районунда жеке ишкерлик менен алектенген айымдарды окутуп даярдоо багытында башталмакчы. Экинчи этабында Свердлов жана Октябрь райондору камтылат.

«Өкмөттүн акселераторлор программасы старт алды. Ага ылайык, 100 күндүн ичинде ишкер аялдар бала бакча ачуу, санпин нормаларын жана өрт коопсуздугу эрежелерин сактоо боюнча окуудан өткөрүлөт. Ал жеке ишкерлер пилоттук долбоордун алкагында патент алуу менен бала бакча ача алат. Бала бакча ачкан жеке ишкер аялзаты болсо, анын квалификациясын жогорулатуу же кайра даярдоо багытында бардык шарттарды түзүп беребиз. Эгер бул пилоттук долбоор белгиленген мөөнөттүн ичинде ийгиликтүү ишке ашса, республика боюнча жайылтылып, калган 900 миңдей баланы бала бакчалар менен камсыздаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — дейт, Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки саясат бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда мектеп жашына чейинки балдарды бала бакча менен камсыздоо 24% түзөт. Бул башкаларды айтпаганда эле коңшу мамлекеттерден бир кыйла аз. Алсак, Казакстан балдарды бала бакча менен 97 пайыз, Өзбекстан 64 пайыз камсыздоого жетишкен.

Өлкөдө соңку жылдары жарык дүйнөгө келген наристелердин саны өсүп жатканы байкалууда. Статистикалык маалыматтарга таянсак, жылына 160 миңге чукул бала төрөлөт. Балдардын саны интенсивдүү өсүп жаткандыгы мектеп жашына чейинки балдарды мамлекеттик бала бакчаларга киргизүүдө чоң көйгөйлөрдү жаратып, өң-тааныш же акча негизги ролду ойноп калган. Өкмөт балдарды бала бакчаларга жана мектепке орноштурууда электрондук каттоо киргизип, коррупция көрүнүштөрүн тизгиндегени менен, ал көрүнүштөр стихиялуу түрдө кайталанып келаткандыгын коомчулук тынымсыз коңгуроо кагып келет. Ошондон улам мамлекеттик бала бакчаларда мыйзамсыз акча чогулткандарга акчалай айып салуу жана тартиптик чараларды күчөтүү каралууда.

Бала бакча ачуу эрежелери

Бир топ жыл мурун мамлекет жеке менчик бала бакчаларды көбөйтүш үчүн алардан салыкты алып салган. Бул кайсы бир деңгээлде жеке менчик бала бакчалардын көбөйүшүнө алып келсе да, бала бакча ачууга лицензия алуудагы административдик-бюрократиялык тоскоолдуктардан арылта алган жок. Бала бакча ачуу үчүн 16 документ талап кылынганы эле бул жол өтө узак жана катаал экендигинен кабар берет.

Учурда КР Жогорку Кеңеш депутаттары иштеп чыккан «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы долбоорун коомчулук кызуу талкуулап жаткан кези. Айрыкча андагы бала бакчаларды ачууга лицензияны таптакыр алып салуу, анын ордуна кабарлоо тартибин киргизүү өзгөчө кызыгууну жаратууда.

Билим берүү жана илим министри болуп бир ай мурда дайындалган Каныбек Иманалиев өзү дагы бала бакчалар үчүн лицензиялык талапты алып салып, кабарлоо эрежесин киргизүү сунушун колдоп жатканын билдирген.

Кыргызстанда мектепке жашы жете элек 1 миллион 107 миң бала расмий катталган, алардын төрттөн бир бөлүгү гана бала бакчага барат. Калгандарын бала бакча менен камсыздоо үчүн кеминде 2300 бала бакча куруу зарыл. Мамлекетте мындай мүмкүнчүлүк азырынча жок болгондуктан, жеке ишкерлердин жардамына муктаж болуп жатканы да ошондон. Жеке менчик бала бакча ачууну кантип жеңилдетүүгө болот? Бул биринчи кезекте, түмөн түйшүктүү лицензиянын жок кылып, ордуна кабарлоо жолун киргизүү. Мындай жол менен ачылган бала бакчалар өз кезегинде коопсуздук-санитардык талаптарды аткарып, мамлекеттик билим берүү стандартын сакташы керек. Республикалык өрт өчүрүү башкармалыгынын башчысы, полковник Акылбек Расуловдун айтымында, Кыргызстанда жылына катталган өрт кырсыктарынын 9-12 пайызы тестиер балдардын шалаакылыгынан болот. Андыктан бала бакча ача турган адам биринчи кезекте балдардын коопсуздугун камсыздоого тийиш. Ал тиешелүү өрт өчүрүү шаймандарды сатып алып, короодогу очоккананы өзүнчө бөлүп, мешти жагуунун эрежесин сакташы керек. Өрт кырсыктарынын 7-8 пайызы мештерден, каза болгондордун 80 пайызы из ургандан болот. Ушул жаатында билимди күчөтүү керек. Электр жабдууларын да өтө этият пайдаланууга тийишпиз. Канчалык көп электр кубаттуулугу колдонулса, ошончолук көбүрөөк кооптуу кырдаал жаралат.

Айып пулдун өлчөмү канча?

Бала бакчаларга кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу жүргүзүлсө да, бала бакчаларга кабыл алуу жана башка ичиндеги мыйзамсыз акча чогултуулар токтотулбай жатканы соцтармактардагы пикирлерден ачык байкалат. Дегинкиси эле акча чогултуу бала бакчалар менен билим берүү мекемелеринде көптөн бери келаткан көйгөй экенин жашырууга болбойт. Жаңы дайындалган министр Каныбек Иманалиев мындай көйгөйдү таптакыр чечип сала албаса да, акча чогултууну азайтууга убада берген. Министр убадасынын өтөөсүнө чыгуу үчүн акча чогултууга каршы биринчи жолу мыйзамдык олуттуу чараларды сунуштады.

Атап айтканда, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга, «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Анда мамлекеттик бала бакча менен мектептерде мыйзамсыз акча чогулткан кызмат адамдарына акчалай айып пул салуу жана тартиптик чараларды көрүү каралган.

«Жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилери жана педагогдору тарабынан, анын ичинде коомдук фонддор жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу же алар тарабынан окуп жаткандарга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү, жеке жактарга, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет” – деп жазылат долбоордо. Башкача айтканда, 20 миң сомдон айып пул салынып, аны укук коргоо органдары да көзөмөлдөйт.

Ошондой эле бала бакчага жана мектепке балдарды кабыл алуудан негизсиз баш тартуу үчүн да айып пул салуу чаралары каралууда. Жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынуу сунушталат.

Негизинен мамлекеттик бала бакчалар менен мектептерде акча чогултууга мыйзам тыюу салат, бирок мыйзам бузгандарга жоопкерчилик чаралары так каралган эмес.

Мектептер менен бала бакчалар ошондуктан акчаны ата-энелерден түз чогултпай, ата-энелердин өздөрү түзгөн фонддор аркылуу алып баштаган. Мыйзамдык жагынан алып караганда, ата-энелер өз ыктыяры менен чогултуп жаткан акчага бала бакча башчылары менен мектеп директорлорунун түздөн түз тиешеси жок экени ырас. Анын үстүнө ата-энелер түзгөн коомдук фонддордун ишин мамлекет тыя албайт. Бирок ата-энелер тарабынан түзүлгөн ал коомдук фонддорду өздөрү шайлаган адамдар аркылуу тымызын көзөмөлдөп, чогулган акчаларды кумга сиңген суудай “сиңирип” кеткен шылуун жетекчилер да жок эмес.

Тамак-ашты ата-энелер каржылайт?

Бала бакчалар республикалык бюджеттен, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жана ата-энелер чогулткан акчалардан болуп үч тараптан каржыланат. Республикалык бюджеттен кызматкерлерге эмгек акысы төлөнсө, жергиликтүү бийлик органдары анын чарбалык чыгымдарын каржылайт. Ал эми балдардын ичкен тамагынын жарымына акчаны мамлекет, жарымына ата-энелер берет. Бала бакчаларды жууп-тазалоочу каражаттар, окутуу куралдары сыяктуу канцелярдык товарлар менен камсыздоого каражат бөлүү каралбагандыктан, ал ата-энелердин мойнуна илинген. Ошондон улам көпчүлүк ата-энелер биз ашыкча акча төлөп жатабыз деп нааразы болуп келишет.

Министрлик бала бакчаларды каржылоонун жаңы ченемдик эрежелерин иштеп чыгып, башка министрликтер менен макулдашуудан өткөрүүдө. Жаңы ченемдерге ылайык, ата-энелер балдарынын тамак-ашын бүт өздөрү төлөшү керек.

«Ченемдик каржылоо дегенди өзгөртүп, ким канча акча берет дегенди так ажыратып берели деп жатабыз. Бишкек шаарынан башка региондордо азыркыдай эле Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу эмгек акысын каржылоо ишке ашат. Бишкек шаарында бардык төлөмдөр жергиликтүү бийликтин эсебинен жүргүзүлөт. Бала бакчанын өнүгүшүнө, инфраструктурасын жакшыртууга, ремонт иштерине жумшалуучу чыгымдардын баарын жергиликтүү бийлик органдары өз мойнуна алсын, ал эми балдардын тамагын 100% ата-энелер өздөрү каржыласын деп жатабыз”, — дейт Нурзида Касымова.

Анын айтымында, балдар күнүмдүк колдонгон буюмдарды да ата-энелер өздөрү каржылап берген учурда деле бир жылдын ичинде чогултулган акча 740-750 сомду түзөт. Ошондой эле бала бакчалардагы ар кандай чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен каржылансын деген так ченемди киргизүү сунушталууда. Эгерде бул токтом күчүнө кирсе, ата-эне эмнеге төлөп жатканын айкын биле алмак жана талаш-тартыш маселеси жаралбай калмак.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер