АК-ӨРГӨДӨГҮ АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН БИР КҮНҮ
- 26.11.2020
- 0
Өлкө мектептери онлайн окутууга өткөнүнө жарым жылдан ашты. Агартуучулар бул жаатта ийгиликтер менен катар көйгөйлөр да бардыгын айтып келишүүдө. Оңтою келип биз маселеге жеринде назар салдык.
Бишкек шаарындагы №77 орто мектебинин директору Аида Дооталиева ар убак биздин гезит менен байланышып, билим берүү ишиндеги түйүндүү маселелер боюнча өз оюн айтып, пикирин ачык билдирип турат.
Бул сапар да ошондой болду.
Демилгечи директор онлайн сабактарга катышып кетүүнү өтүндү.
— Бизде мугалимдер сабактарды мектептеги онлайн окуу бөлмөлөрүндө өтүшөт. Улуу курактагы эжейлерге үйдөн өткөнгө уруксат бергенбиз. Алардын да сабактарын көрө аласыздар, — деди Аида Арипбековна телефон чалып.
Эртеси кесиптешим Нурзат экөөбүз мектеп жетекчисинин иш бөлмөсүндө отурдук.
— Ачыгын айтканда, биздин мектептин материалдык-техникалык базасы азыркы убактын талабына жооп бербейт. Ошентсе да кол куушуруп отуруп калган жокпуз. Мугалимдердин дээрлик баары «Бай түшүм» банкынан насыяга ноутбук алышкан. Акнет, Телеком менен келишим түзүп, ар бир онлайн окуу бөлмөсүнө Wi-Fi орнотуп бергенбиз, — дейт директор.
Бизди мугалимдердин онлайн окутууга даярдыгы кызыктырды.
— Мектептеги 84 педагогдун 30 чактысын улуу курактагы мугалимдер түзөт. Ошон үчүн «Бүчүр» окуу борбору менен биргеликте бир жылдык окуу ишин баштадык. Ар кандай платформалар аркылуу онлайн окууну шыр жүргүзүүнү каалагандар кары-жашына карабай ушул долбоордун алкагында акысыз билим алышууда, — деди мектеп жетекчиси.
Ак-Өргө конушунда 1995-жылы ишке берилген бул билим берүү мекемеси 2014-жылы жана 2019- жылы мэрия уюштурган сынактарда мыкты мектептердин сабында болгонун белгилей кетсек. Окуучулардын спорт, билим жаатындагы жетишкендиктери да мактоого татырлык экен.
— Окуучулардын ЖРТдагы быйылкы көрсөткүчтөрүнө кубанып жатабыз. Бир бүтүрүүчү окуучу 205 балл алса, башкасы математикадан 104, дагы бирөөсү химиядан 98 баллга татыктуу болду. Спортчу кыздарыбыздын арасында таяк тартыш боюнча дүйнөнүн чемпиону бар. Мэрия уюштурган таймашта волейбол, баскетбол, футбол, тогуз коргоол боюнча командабыз шаарда, райондо алдыңкы орундарды багынтып келүүдө, — дейт Аида Арипбековна биринчи кабаттын кире беришинде жайнаган кубок, диплом, сертификаттарды көрсөтүп.
Ошентип бул күнкү онлайн сабактар жүгүртмө боюнча убагында башталды. Эсенбек кызы Кенжегүлдүн 9-«а» классында класстагы 28 окуучудан 22 окуучу, Абдыкайырова Венеранын 11-«б» классында математика сабагына 26 окуучудан 17 окуучу аралыктан катышып жатканына күбө болдук.
Мугалимдер Google Meet, inShort, Zoom платформасын колдонуп сабак өтүштү. Математика мугалимдери Жумагазиев Мухаммед жана Молдокеримова Ажаркүл телесабактардан тышкары ар бир өтүлүүчү темага карата слайд түзүп жатышканын айтышты.
— Ар бир сабакка слайд түзүп математика мугалимдери менен Ватсаптан бөлүшүп турабыз, — дейт Мухаммед Жумагазиев.
Андан кийин информатика онлайн бөлмөсүнө баш бактык. Информатика мугалимдери Алтымышева Аида менен магистратураны аяктаган Өмүракунова Гүлбарчын «Документтерди форматтоо» деген темада классты теңме-тең бөлүп, Google Meet аркылуу сабак өтүштү.
Класс бөлмөсүндө турган мектептин макети тууралуу суроо узаттык.
— Өткөн окуу жылында шаар мектептеринин арасында «Жарык — жашоо булагы» аттуу сынак жарыяланган. Бөлмөдөгү жарыктын таралышын тогуз жерден текшерип чыктык. Бөлмө ичи өтө жарык же өтө караңгы болсо да, окуучунун кынтыксыз билим алуусуна тоскоол болорун аныктадык. Мисалы бөлмө караңгы болсо, балада коркуу сезими өөрчүп, акыр-аягы психикалык ооруга алып келерин, тескеринче өтө жарык бөлмөдө бала тез чарчап, билим алуусу басаңдайт деген жыйынтыкка келдик, — дейт Гүлбарчын Карыпбековна.
Баса мектептеги окуу бөлмөлөрүндө жарык бергич чырактар окуучулардын жогорудагы изилдөө ишине таянып, кайрадан кылдат жасалып чыккан.
Мугалимдер мында жарык нуру баланын төбөсүнөн, капталынан бирдей түшүүсү эске алынганын айтышты.
Акөргөлүк балдар спортко жакын экени Эшим уулу Тилектин 8-«в» класстагы дене тарбия сабагынан көрүнүп турат. Онлайн сабакка класстагы 37 окуучудан 33 окуучу катышты.
Онлайн окутуу мектептеги мугалимдердин предметтик бирикмелеринин ишине да жаңылыктарды алып келген. Мисалы кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин усулдук бирикмесинде 9 мугалим бар жана алардын баары колдогу платформа аркылуу сабак өтүүгө үйрөнүшкөн. Баарынын таянычы — предметтик бөлмөдөгү интерактивдүү доска. Класстардын деңгээлине жараша бир минуталык тесттик суроолорду, мультисабактарды түзүп, интерактивдүү доскага жүктөшөт.
Кыргыз тилчи мугалимдер мурда «Кеп маданияты» бир эле чейректе өтүлсө, азыр ар бир чейректе өтсө болорун белгилешти.
— Сулайман Рысбаев менен чогуу 5-11-класстар үчүн кыргыз тилинин календардык-тематикалык программасын түзүп жатабыз, — дейт бирикменин башчысы Дүйшембиева Элиза.
Жер-жерлерде мугалимдер онлайн окутууда мугалимдин колу-бутун байлаган кагаз иштери көп болуп жатканын айтышса, Ленин районуна караштуу бул мектепте кагаз иштерине нааразы болгондор жокко эсе.
— Жума сайын ар бир мугалим өткөн сабактарын скриншот кылып, методбирикме башчысына жөнөтөт. Биз аны көбөйтүп, файлга салабыз. Келерки жылы мугалим план жазып отурбай, ушул файлдагыны колдонсо болот, — дейт орус тили бирикмесинин башчысы Аида Жаныбековна.
Жогорку окуу жайды быйыл аяктаган жаш педагог Жумабекова Нуризаттын англис тили сабагында жарым группадагы 16 окуучудан 14 окуучу аралыктан катышты. Окуучулардын сабакка активдүү катышуусун Гүлазим Жолдошбаеванын Адам жана коом предмети боюнча 5-класстагы сабагынан да көрө алдык.
Мектептин химия мугалими Камалова Нуржан үчүн өткөн окуу жыл өтө жемиштүү болгонун кабарлай кетели. Саяпкер мугалимдин жети окуучусу дарыгерлик кесипти тандап, медакадемияга, медколледжге тапшырган.
Ийгиликтин башаты дал ушул химия кабинетинен башталганына күмөн жок. Анткени мында толук кандуу окуу иши үчүн бардык зарыл шарттар бар. Ар бир тема боюнча мультисабактар түзүлгөн. Мугалим лабораториялык ишти жүргүзүүгө химиялык реактивдер жетиштүү экенин айтат.
Бул күнү тарбиялык сааттар да өтүлдү.
Алдыңкы педагог Аида Оморова 10-«б» класска «Жашоонун сергек мүнөзү», Осмонбаева Жылдыз 11-«а»класста «Тартип бузууну алдын алуу» деген темада аралыктан тарбия саат өтүштү.
— Бизде тарбия саатты Ватсап аркылуу өтүүгө уруксат берилбейт. Сабактын планын текшергенде, сабактын максаттарынын туура коюлганына өзгөчө маани берем. Мындан тышкары психолог, соцпедагог менен биргелешип, сабакты калтырган балдар менен иш алып барам, — дейт тарбия иштери боюнча директордун орун басары Анара Шаршенова.
Кожакунова Назгүл мектепте соцпедагог болуп иштейт. Ал мектепте жети дубандын балдары билим алганын айтат.
— Бизде жети дубандын балдары окушат. Арасында мигранттардын, жалгыз бой энелердин, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары бар. Аралыктан окуу башталганда, үч үй-бүлөгө мектептен телевизор колдонууга берилди. Аялуу үй-бүлөлөрдөн ар дайым кабар алып турам, — дейт соцпедагог.
Түштөн кийин биз башталгыч класстардагы бир топ онлайн сабактарга катыштык. Чомотоева Надира 4-«а» классында Адабий окуу предметинен эмне себептен баланын ысымы узун болуп калганы тууралуу кызыктуу сабак өттү. Ушул эле предметтен Мелисбек кызы Көйкөл 2-«д» классында жандуу сабак өтүп, сабакка 37 окуучунун баары катышып жатканына күбө болдук.
Андан соң Осмонова Мыскал эжейдин 1-«в» классына кирдик. Мугалим балдарга Алиппе сабагынан Сс тыбышын үйрөтүп жатыптыр. Класстагы 43 окуучунун баары бар экен.
— Азырынча 20 тамганы билип калышты. Ата-энелерим абдан жардам берүүдө. Бир гана окуучунун колунда өздүк телефону бар. Калганы ата-энелеринин телефонун колдонушат. Көбү жумушка кеткендиктен, балдар тапшырмаларын түн ортосуна чейин жөнөтө беришет. Ар биринин аткарган ишин карап чыгууга туура келет, — дейт Мыскал эжей.
Бул көйгөй башталгыч класстардын дээрлик баарында учурайт. Мисалы Исакова Чынаргүлдүн классында да балдар ата-энелеринин телефонун колдонушат. Анткен менен балдар-кыздардын билим алуу далалаты зор экенин айта кетели. Сабакта 43 окуучудан 42 окуучу катышып отурду.
Биринчи класстарда мугалимдер баа коюшпайт, бирок окуу техникасын текшерүү таблицасына кайсы окуучу тамгалап, муундап, сөз жана сүйлөм менен окуп жатканын баалап турушат экен.
Жаш педагог Убайдуллаева Сырга 4-«в» классында «Амалдарды аткаруу» деген теманы интерактивдүү досканы колдонуп өткөнү бизге жакты.
Андан ары биз 4-«д» классындагы Салтанат Исембаеванын адабий окуу, 4-«г» класстагы Чекеева Жыпаргүлдүн кыргыз тил, тажрыйбалуу педагог Жылдыз Башкармаеванын орус тил сабагынан кабар алдык. Үч сабак тең жандуу, башкысы балдар үчүн пайдалуу болду.
Башталгыч класстардагы иштин кынтыксыз жүрүшү көп жагынан жетекчиликке байланыштуу экени белгилүү.
— Башталгыч класстарда 20 мугалим сабак берет. Жаз айынан баштап күн-түн дебей иштеп келебиз. Жогорку класстарга караганда башталгыч класстарда сабактар көрсөтмөлүү болушу керек. Ошон үчүн мугалимдер көпчүлүк убактысын сабакка даярдануу менен өткөрүшөт, — дейт башталгыч класстар боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы Жыпаргүл Жумагулова.
Апрель айында карантин жарыяланып, окуу иши аралыктан башталганда мектептин бир канча мугалими республика мугалимдерине жардам берип, өз предмети боюнча телесабак өтүшкөнү жаңы конуштагы бул жөнөкөй мектептин зор жетишкендиги, зор баатырдыгы десек болот.
Телесабак долбооруна катышкан Махмутова Саида, Ашымова Мадина, Тоялиева Чолпонай, Калназарова Элмира, Разыкова Гүлнара, Токоева Ырысгүл, Акматова Жылдыз азыр дагы өздөрү өткөн телесабактарды кубануу менен эстешет.
— Сабакка даярданууда, өзгөчө техникалык каражаттарды колдонууда бир топ кыйналдык. Бара-бара үйрөнүп кеттик. Телесабак башталары менен республиканын туш-тушунан телефон чалуулар болуп жатты. Ата-энелерибиз, окуткан окуучуларыбыз сыймыктануу менен бизди колдоп турушту, — дейт эмгеги бааланып Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасына татыктуу болгон Саида Махмутова.
Телесабак долбооруна активдүү катышкан тарых мугалими Акматова Жылдызга да министрликтин Ардак грамотасы ыйгарылган.
Бүгүнкү сабактардын соңунда биз музыка ийримине баш бактык.
Вокал өнөрүн сүйүүчүлөр үчүн кошумча сабакты музыка мугалими Рыскул Абдираимов өтүп жатыптыр. Ырга шыктуу балдар агайы менен биргеликте Ибрагим Жунусовдун «Туулган айылым» аттуу ырын туура ырдоону үйрөнүштү.
Дегеле Ак-Өргөдөгү №77 орто мектепти таланттардын ордосу деп атаса болот. Анткени бул мектептен Самат Эркинбеков, Кубаныч Курманбеков, Рүстөм Аскенов, Эрмек Талайбеков, Эмил Эсеналиев сыяктуу айтылуу «Ак-Өргө city» командасынын оюнчулары, мыкты тамашоучулар өсүп чыккан.
А. Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер