АБИТУРИЕНТ: СЕЗИМГЕ АЛДАНБАЙ, РЫНОКТУ ТАЛДА
- 23.04.2026
- 0
Ысык-Көл районундагы К. Эшенкулов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында, бүгүнкү күндө эң актуалдуу кесиптер — медицина, IT жана юриспруденция. Бүтүрүүчүлөрдүн 96 пайызы мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга тапшырууну пландап жатканы жакшы жышаан.

Учурда Кыргызстандын эмгек рыногунда медицина, IT, инженерия, курулуш, билим берүү (айрыкча мугалимдер) жана техникалык адистиктерге суроо-талап туруктуу бойдон калууда.
Мисалы, бүгүн, 23-апрелде Бишкек мамлекеттик университетинде өтүп жаткан бош орундар жарманкесинде өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы жана телекоммуникация тармактары боюнча беш миңден ашык бош орун сунушталды.
Тилекке каршы, сурамжылоого катышкандардын 84 пайызы кесипти “жөн гана кызыккандыгы үчүн” тандай турганын айтышты. Бул көрсөткүч абитуриенттердин көбү келечектеги кесипти толук изилдеп, бардык жагын терең талдап чыкпай, көбүнчө жеке кызыгуусуна жана өзүнүн каалоосуна таянып чечим кабыл алып жатканын көрсөтөт. Башкача айтканда, тандоо так эсепке жана маалыматка эмес, көбүрөөк сезимге негизделип жатат.
Бул сурамжылоонун жыйынтыгы бир маанилүү тыянакка алып келет: абитуриенттер көбүнчө кесипти кызыгуу же популярдуулукка карап тандап жатышат. Бирок бүгүнкү шартта бул жетишсиз. Тандоо эмгек рыногундагы талапты да эске алуу менен жасалышы керек.
Демек, абитуриент кесип тандаганда үч нерсени бирге карашы керек: жеке кызыгуу, билимдин сапаты жана эмгек рыногундагы реалдуу мүмкүнчүлүктөр. Университеттин аталышы эмес, факультеттин сапаты жана ал берген билим жана көндүмдөр келечекте жумуш табууга түздөн-түз таасир этет.

Окуу наркы кымбат
Бул учурда окуу акысы да маанилүү, анткени Кыргызстандагы университеттерде контракттын баасы факультетке жараша бир топ айырмаланат. Мисалы, Кыргыз улуттук университетинде окуу акысы орточо 35 000ден 80 000 сомго чейин болсо, Кыргыз-Россия Славян университетинде бул көрсөткүч 70 000 сомдон 200 000 сомго чейин жетет.
Гуманитардык багыттагы Бишкек мамлекеттик университетинде контракт 42 000–72 000 сомду түзөт. Ал эми “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде окуу акысы 1400–2200 долларга чейин жетип, англис тилдүү билим берүү менен айырмаланат.
Педагогикалык багыттар боюнча билим берген И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 45 000–85 000 сом аралыгында окуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
Медицина тармагында окуу эң кымбат болуп эсептелет: Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында контракт 150 000ден 300 000 сомго чейин жетет. Ал эми Ош мамлекеттик университети медицина менен катар башка багыттарды башка университеттерге салыштырмалуу жеткиликтүү баада сунуштайт.
Техникалык адистиктерди даярдаган Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде контракт 81 000–180 000 сомду түзсө, Кыргыз-Түрк “Манас” университети акысыз билим берүү системасы менен айырмаланат.
Жалпысынан алганда, Кыргызстанда жогорку билимдин баасы 35 000 сомдон 300 000 сомго чейин жетет. Бул көрсөткүч инфляцияга байланыштуу жыл сайын жаңыланып турарын эске алуу зарыл.
Жыйынтыктап айтканда, туура кесип тандоо — бул жөн гана каалоого таянып кабыл алынган чечим эмес, ал терең анализге жана так маалыматка негизделиши керек. Абитуриенттерге сунуш: кесип тандардан мурда ошол тармактагы эмгек рыногун, суроо-талап деңгээлин, орточо айлык кирешени, өсүү перспективаларын жана атаандаштыктын деңгээлин алдын ала изилдеп чыгуу зарыл. Ушул факторлор эске алынганда гана тандоо негиздүү болуп, келечекте туруктуу жана натыйжалуу жыйынтык берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
“Кут Билим” гезитинин практиканты Аяна Саткынбекова, Айгерим Кенжебекова
Комментарийлер