90 ЖАШ: «СЕЙТЕК» УЛУТТУК БОРБОРУ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА

  • 09.10.2026

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору жакын арада 90 жылдык мааракесин белгилейт.

90 ЖАШ: "СЕЙТЕК" УЛУТТУК БОРБОРУ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА
Мааракеге даярдык көрүүнүн алкагында имаратты жаңылоо, балдардын билим алуусуна жана чыгармачылыгына ыңгайлуу шарт түзүү, билим берүү багыттарын кеңейтүү жана инфраструктураны өрткүндөтүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү.

90 ЖАШ: "СЕЙТЕК" УЛУТТУК БОРБОРУ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА
Администрациялык жана окуу бөлмөлөрүн калыбына келтирүү
Борбордун администрациялык бөлмөлөрү оңдолуп, кайра пландаштырылды. Алсак, администрация экинчи кабаттан биринчи кабаттагы кошумча имаратка көчүрүлдү. Ал эми бошотулган директордун кабинети комузчулар ансамблинин сабактары үчүн ылайыкташтырылды.
Акыркы 50 жылдан бери пайдаланылбай келген жер төлө (цоколь кабаты) биринчи жолу калыбына келтирилип, ишке берилди. Анда окуу сабактарын өткөрүү үчүн кошумча кабинет жабдылып, Борбордун жалпы окуу аянты кеңейди.
Мындан сырткары, биринчи кабатта шахмат, көркөм сүрөт жана кол өнөрчүлүк боюнча эки жаңы кабинет тарбиялануучуларга эшигин ачты. Экинчи кабатта жаңы санитардык түйүндөр орнотулуп, таэквондо жана дзюдо секциялары үчүн эки атайын зал түзүлдү.
— Окуу аянттарынын кеңейиши жана сабактарды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүнүн жакшырышы менен Борбордо билим алган окуучулардын саны 300гө көбөйдү, — дейт директордун орун басары Айпери Кыдырова.

90 ЖАШ: "СЕЙТЕК" УЛУТТУК БОРБОРУ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА
Жаңы ийримдер жана билим берүү багыттары
Балдардын чыгармачылык жөндөмүн, практикалык көндүмдөрүн жана техникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатында төмөнкү жаңы ийримдер ачылды:
Моделдөө — техникалык ой жүгүртүүнү, конструкциялоо жөндөмүн жана моделдерди жаратууга болгон креативдүү мамилени өстүрөт.
Бычуу жана тигүү — тигүүчүлүктүн негиздерин, кийим конструкциялоону жана түрдүү буюмдарды жасоону үйрөтөт.
Маалыматтык технологиялар (IT) — санариптик көндүмдөрдү калыптандырып, заманбап технологиялар дүйнөсүнө жол ачат.
Бисер өнөрү — колдун майда моторикасын, көркөм табитти жана кол өнөрчүлүк чеберчилигин өнүктүрөт.
Жаңы багыттар балдарга кошумча билим алууга, жеке дареметин ачууга жана пайдалуу практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүүдө.

90 ЖАШ: "СЕЙТЕК" УЛУТТУК БОРБОРУ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА
Концерттик зал жана сырткы инфраструктура
Концерттик залдагы театрдык отургучтар толугу менен алмаштырылып, мааракеге карата жаңы каптамалар тигилди. Залдын сахналык жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн көшөгөлөр жаңыланууда. Грим бөлмөлөрүнүн саны үчтөн бешке көбөйтүлүп, артисттер менен чыгармачыл жамааттардын даярдыгы үчүн дагы да ыңгайлуу шарттар жаралды.
КР Агартуу министрлигинин колдоосу менен Борбордун сырткы көрнөк-жарнагы да өзгөртүлдү. Жаңы орнотулган жарык берүү системасынын жардамы менен мекеменин аталышы караңгыда даана көрүнүп турат.
Сөөккө өткөн муздактан коргоо максатында имараттын биринчи жана экинчи кабаттарындагы витраждык конструкциялар алмаштырылып, жылуулук изоляциясы жакшыртылды.
Учурда имараттын алдына жаан-чачындан коргоочу бастырма куруу, ошондой эле эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө дааратканаларды оңдоо иштери аяктап жатат.

90 ЖАШ: "СЕЙТЕК" УЛУТТУК БОРБОРУ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА
Өсүп келе жаткан муунга салынган инвестиция
«Сейтек» борборун жаңылоо — бул өсүп келе жаткан муундун келечегине кошулган реалдуу салым, улуттук баалуулуктарды сактоо жана заманбап билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Жүргүзүлгөн иштер «Сейтек» борборунун өлкөдөгү алдыңкы кошумча билим берүүчү мекеме катары макамын бекемдеп, анын мындан аркы өнүгүүсүнө бекем пайдубал түптөйт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү