12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КООМЧУЛУК КАНДАЙ КАБЫЛ АЛУУДА?
- 29.10.2024
- 0
12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү коомчулукта кызуу талкууну жаратып жаткан кези. Коомдогу жаңы нерсе сөзсүз талаш-тартышты жаратат эмеспи. Билим берүү тармагындагы масштабдуу трансформациялоо боюнча мугалимдердин, ата-энелердин ой-пикирлерин угуп көрдүк.
Жээнбүбү АЖЫБАЕВА, И. Айдарбеков атындагы №115 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили мугалими, КР Ардак грамотасынын ээси:
— Ар бир коомдун өзүнө таандык мыйзамдары болот. Адам баласы ар бир коомдо билим, илим алуу менен азыркы илимге, маданиятка жеттик. Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: «Эң ириде өзүңдүн киндик каның тамган жериң тууралуу ойлоносуң, анан жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың», — деп айтканы бар. Өлкөнүн билим берүүсү өзгөрүлүп, дүйнөлүк деңгээлден калбаш үчүн былтыркы жылы мектептерди 12 жылдык окутууга өткөрүү боюнча долбоор сунушталган. Бул долбоор эми ишке ашыруу баскычында турат. 12 жылдык окуу реформасы боюнча ар кандай пикирлер айтылып, каршы болгондору жана колдогондору да бар. «Ар бир тарыхый иш, маданий башталыш өзүнөн өзү эле боло калбайт. Анын баштоочулары, демилгечилери, биринчи чыйыр салган адамдары болот», — деген Кусеин Карасаев. Бул жагынан алганда канча жылдан бери айтылып келаткан 12 жылдыкка өтүү вазийпасы азыркы министрге туш болду. 12 жылдык мектептик билим берүүгө 6 жаштан мектеп босогосун аттап, 17 жашында бүтөт. Өзгөчөлүгү — орто мектепти бүткөндө бир кесиптин ээси болуу менен документ алып чыкканы. Көйгөйү — бул педагогикалык кадрларды даярдоо, профилдик билим берүүдө инфраструктураны даярдоо жана материалдык-техникалык жактан жабдуу. Ушунун баары 12 жылдык окуу стандартына жооп бериш керек. Ара жолдо калбаганга, алдыга умтулууга ар бир билим берүү системасынын жана маданият өкүлдөрү, ошондой эле башкалар да аракет кылуу менен баарыбыз бирдикте ишке ашыруу керек.
Гүлүмкан АСАНКАДЫРОВА, Бишкек шаарындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстар мугалими, КРнын Эмгек сиңирген мугалими:
— Кыргызстанда жакынкы аралыкта 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча Билим берүү жаа илим минстрлигинин “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программаны сунуштаган реформанын алкагында коомдо, мугалимдер, ата-энелер арасында көптөгөн ар кандайой пикирлер, карама-каршылыктар, сунуштар, талкуулар болуп келүүдө. 12 жыл мектепте окуса, балдардын жашы чоңоюп кетет, окуу китептери даяр болобу, окуучулардын санына мектептер даярбы, балдар ошончо жыл чыдап окуйбу? — деген ар түрдүү түшүнүктөр пайда болгондуктан, кээ бирлери каршы ой-пикирлерин билдиришкен. Мектептик билим берүү системасын жаңы багытка өзгөртүү — бул негизгиси мазмунду модернизациялоо дегенди билдирет. Министрликтин маалымат каражаттарына толук маалымат берүүлөрүнүн натыйжасында, коомдо туура түшүнүктөр пайда болууда. “Билимдүүгө дүйнө жарык” деп улуу ойчул, акылман Жусуп Баласагын айтып кеткендей, дүйнөлүк билим берүү стандартына теңелүүгө даяр экенибизди далилдер менен билдиришти. 12 жылдык билим берүүдө 6 жаштан 1-класста билим алаарын билишкенде ата-энелер кызыгуу менен туура кабыл алышууда, себеби, мектепке чейинки мекемелерде баласына орун жетишпегендиктен, ар кайсы окуу борборлорунан даярдоо класстарынан окутуп, мектепке даярдап келип жатканын билдиришти. 12 жылдык билим берүүдөгү мектепте окутуунун моделдери менен ата-энелер, коомчулук таанышып, билгенден кийин, ой-пикирлери жакшы нукка бурулду демекчимин. Башталгыч билим берүү 1-6-класстар (6-11жаш), орто жалпы билим берүү 7-9-класстар (12-14 жаш ), негизги жалпы билим берүү 10-12-класстар (15-17 жаш). Бул тандоодо, биринчи кезекте, социалдык көндүмдөрдү, функционалдык сабаттуулукту жана андан ары билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизи катары башталгыч билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, ошондой эле мектепке чейинки ар кандай даярдыгы бар балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө зарылчылыгы менен аныкталган. Мында балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн жаштайынан ар кандай оюн сабактары аркылуу өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Жогорку класстарда кесиптик даярдыктан өтүп, бир кесипке багытоо, балдарды эмгекке тарбия берүүнүн баскычы экендиги аныкталууда. Ошондой эле, Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү аныктоочу негизги себептердин арасында өзгөрүп жаткан дүйнөдө бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү болушун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын структуралык кайра куруунун жана билим берүүнүн мазмунун жаңылоонун зарылдыгы турганын билдик. Ал эми бала бакчалардан 6 жаштагы балдарды мектептерге көчүрүү аркылуу, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоонун жогорку мүмкүнчүлүктөрү ишке ашары белгилүү болду. Мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге билим берүүнүн жаңы системасына ийгиликтүү ыңгайлашууга жардам бере турган маалыматтык ресурстарга кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу каралганы айтылган. Бизде шаар жеринде класстарда балдардын санынын көптүгү, билим сапатын жакшыртууга тоскоолдук жаратууда. 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө билим берүүнүн стандарты, окуу программасы, окутуу методикалары, окуу китептерин жаңылоо эң негизги ресурстар болгондуктан, окуу китептерин тажрыйбалуу мектеп мугалимдери менен биргеликте тандоо каралса деген пикирди айтмакчымын. Биздин мектептин тажрыйбалуу, чыгармачыл, практик мугалимдери мектепке даярдоо тобу (нөлүнчү класстар) үчүн окуу китептерин жазып чыгарышты. Дүйнө жүзүндөгү билим берүү системасы эң мыкты өнүккөн Сингапур, Финляндия, Малайзия ж.б. көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларына таянуу менен 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алдында турабыз. Ошондуктан башталгыч мектептер билим берүүнүн фундаменти болгондуктан, эң биринчиден, окуу китептеринин сапаттуулугуна, окумдуулугуна, класстагы балдардын санына, мугалимдердин квалификациясын жогорулаттууга терең көңүл бурулса демекчимин. Жылда жогорку окуу жайларын миңдеген бүтүрүүчүлөр бүтүп жатканына карабай, мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги өкүндүрбөй койбойт. Бүтүрүүчүлөр шаарды эле тандабай, райондорго барып, келечек муундардын билим алуусуна өз салымдарын кошсо эң жакшы болмок. Акырында айтаарым, буюруса, Президентибиздин колдоосу менен 12 жылдык билим берүү өлкөбүздүн билим берүү системасында, жакшы жаңылануулар менен башталат деген ойдомун.
Биздин тарыхка бай, айтылуу № 5 мектебибиздин 100 жылдык юбилейин тосуу алдында турганда, билим берүү жана министринин орун басары Муратбек Касымалиевдин демилгеси, көп иш-аракетинин, өкмөттүн колдоосунун аркасында, конкурстук тандоонун жеңүүчүсү, директорубуз, кесиптешим Мелискан Асанова чыгармачылык ишинин натыйжасында, мектебибиз капиталдык ремонттон өтүүдө. Бул да болсо, 12 жылдык билим берүүдө окуучуларга шарт түзүүнүн бирден бир мисалы демекчимин.
Гулина МУКАШЕВА, чоң эне, Ат-Башы району:
— Менимче, 12 жылдыкка өтүү реформасын министр айым туура эле баштады. Мен көп мамлекеттерди кыдырып, билим берүү тармагынын өнүгүп жатканын көрүп жүрөм. Малайзияга барганда бир неберемди кошо алып бардым. Ал келгенден кийин “мен чет мамлекетте гана окуумду улантам” деди. Бирок 11 жылдык биздин билим берүүнүн аттестаты менен чет өлкөдөгү жождор кабыл албайт экен. Ошондуктан 12 жылдык сөзсүз керек. Неберем болсо 9-класстан кийин эле Ала-Тоо-Түрк колледжине өткөн. Учурда бир нече тесттен ийгиликтүү өтүп, Германияга IT боюнча төрт ай окуп келгенге жолдомо алды. Биз келечек муундун өнүгүп-өсүшүнө бут тоспой, жасалып жаткан жакшы иштерди колдошубуз керек. Өзгөчө билим министри Д.Кендирбаеванын сүйлөгөн сөздөрү анын өтө билимдүү, чечкиндүү экенинен кабар берет. Мындай акылман кыздарыбыздын иш-аракетин колдоп, өкмөттүн туура багытта баратканын айтпай койбосок болбойт. Карачы, бир жылда эле канча деген мектепти, бала бакчаларды салып коюшту. Мамлекеттик казынага кол салбай, эл үчүн иштесе болот экен да?! Мектептер салынып жатат, окуу китептерин которуп жатышыптыр, болгону мугалимдерди эми даярдоо керек окшойт. Эң башкысы, бүгүн эле 12 жылдыкка өтүп кеткен жок да. Даярдык көрүлүп жатканынан кабарым бар. Жакшы, жаңы нерсени коомчулук абдан оор кабыл алат. Ал мыйзамченемдүү көрүнүш.
Жээнбүбү НАДЫРБЕКОВА, №10 Ж. Мамытбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин химия мугалими Аксы району, Жалал-Абад облусу:
— Туура реформа жүргүзүлүп жатат. Анткени жаш муун чет өлкөлөрдө билим алгылары келет. Ал үчүн 12 жылдыкты мен жактайт элем. Биз эч нерсени жоготпойбуз, тескерисинче, утабыз. Буга чейин нөлөвой класс деп 11-класска чейин окутуп келдик. Азыр эми алты жаштагы балдар түз эле 1-класска барышат. Алдыга кадам таштап, алдыга жылабыз деп ойлойм. Билим берүүнүн дүйнөлүк стандарты менен тең тайлашып, окуучуларыбыз алдыңкы чет өлкөдөгү окуу жайларга тоскоолсуз өтүп кетишине биз каршы болбошубуз керек. Учурда айтылган сунуш, талап кылган иш-аракеттерди колдоп, коомчулукка түшүндүрүп берүү — биздин дагы милдет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер