ЖУМГАЛДА “МАНАС ТААНУУ” БОЮНЧА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕЛДЕШ

  • 01.02.2019
  • 0

Жумгал районундагы мектептер ортосунда «Манас таануу» боюнча  интеллектуалдык  мелдеш болуп өттү.                

Жалпы район ичинде 24 мектептин ичинен 16 мелдешке катышты. Алардын ичинен  Кызарт айылындагы А. Солтонбеков атындагы орто мектебинин  окуучулары биринчи орунга ээ болду. Экинчи орунга Таш-Дөбө орто мектеби чыкты. Байзак айылындагы А. Молдокеев атындагы орто мектеби үчүнчү орунду камсыз кылды.

Мелдешти өткөрүүгө келген меймандар райондо мурунку жылдарга караганда өсүш бар экендигин айтышты.

ЖУМГАЛДА “МАНАС ТААНУУ” БОЮНЧА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕЛДЕШ

ЖУМГАЛДА “МАНАС ТААНУУ” БОЮНЧА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕЛДЕШ

Бөлүшүү

Комментарийлер