ЖУМГАЛДА БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

  • 11.12.2018
  • 0

Жумгал районунун Байзак айылынын Ортоканды аймагындагы эски маданият үйү бала бакчага ылайыкталып оңдоодон өтүп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева билдирди.

ЖУМГАЛДА БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Анын айтымында, аталган бала бакча 50 орунга ылайыкталып жасалып, дем берүүчү гранттын эсебинен 2,1 млн. сомго толук оңдоодон өттү. Анын 775 миң сому жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары каржыланган.

— Учурда мугалим, тарбиячылардын штаттык бирдиктери каралып жатат. Азыр 3 сааттык гана бала бакча болуп иштеп жатат, — деди ал.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер