ЖРТ 2025: “АЛТЫН СЕРТИФИКАТТАРДЫН” ЭЭЛЕРИ АНЫКТАЛДЫ
- 23.06.2025
- 0
23-июнда 2025-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болгон 54 окуучунун тизмеси такталып, расмий жарыяланды.
19-июнда Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага 2025-жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон абитуриенттердин тизмеси расмий түрдө тапшырылган эле.
Жыйынтыкты Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева министрге жабык конверт менен тапшырган. Анын ичинде “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси жана облустарда жогорку упайларды топтогон мыкты абитуриенттердин тизмеси болгон.
2025-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болгон 54 окуучунун тизмеси такталып, бүгүн, 23-июлда расмий жарыяланды. Үчүнчү кошумча тест тапшыруунун жыйынтыктары боюнча бул тизме дагы өзгөрүшү мүмкүн.
Өлкө боюнча быйылкы ЖРТга 56 миң 160 адам катышкан.
Быйылкы Жалпы республикалык тесттин орточо упайы 121,8 балл болду. Былтыр быйылкыга салыштырмалуу кыйла жогору болуп, 128,6 баллды түзгөн.
«Быйыл эң жогорку упай 242 болду. Алтын сертификаттын төмөнкү чеги 228 упайды түздү. Былтыр төмөнкү чеги 223 упай болсо, жогорку чеги 234 упай болгон. Быйыл болсо төмөнкү чек бир аз жогорулап, 228 упайга жетти. Жогорку чек 242 упай болуп, 8 баллга көтөрүлдү»,-деди «Кут Билимге” Чынара Батракеева.
Эң жогорку 242 упайга Бишкек шаарындагы № 70 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов ээ болду. Жалал-Абад шаарынын “Лайт-Академия” орто мектебинин бүтүрүүчүсү Медина Мухаммадова 240 баллга татыктуу болуп, экинчи орунду ээледи. Үчүнчү орун 236 упайга татыктуу болгон Бишкек шаарындагы № 48 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Тагай Макешовго ыйгарылды.
Ошентип, быйыл «Алтын сертификатка» 54 абитуриент татыктуу болду.
“Алтын сертификатка” ээ болгондор:
- Эстебесов Атай , № 70 жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 242 балл
- Мухаммадова Медина, “Лайт-Академия” орто мектеби, Жалал-Абад шаары – 240 балл
- Макешов Тагай, № 48 жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 236 балл
- Жакшылыкова Айбийке, № 61 Е.Б. Якир атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 235 балл
- Нурбек кызы Арууна, «Айчүрөк» кыргыз-түрк кыздар окуу-тарбия комплекси, Бишкек шаары – 235 балл
- Исмаилова Алтынай, “Билимкана” жапон мектеби, Кант шаары – 234 балл
- Искакова Айдина, № 70 жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 234 балл
- Богуславский Семён , № 61 Е.Б. Якир атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 234 балл
- Садирбеков Санжар , Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад балдар лицейи, Жалал-Абад шаары – 234 балл
- Доктурбаева Касиет, № 11 жалпы билим берүү орто мектеби, Каракол шаары – 233 балл
- Зикиров Нурислам, Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүүчү лицей, Кара-Балта шаары – 233 балл
- Оразбекова Аиша, “Анадолу” кыргыз-түрк кыздар кесиптик лицейи, Бишкек шаары – 233 балл
- Жусупбекова Ясмин , № 70 жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 233 балл
- Пинских Михаил, № 61 Е.Б. Якир атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 233 балл
- Нажмидинова Хадичахон, № 12 Л.В. Толстунов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 233 балл
- Азаматова Акмарал, Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Нарын облусу – 232 балл
- Джусупбаев Максат, № 13 жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 232 балл
- Жүрсүнов Эмир, № 12 Л.В. Толстунов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 232 балл
- Кенжегулов Акниет, № 61 Е.Б. Якир атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 232 балл
- Керимжанов Атай, № 87 жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 232 балл
- Шаршембиева Саадат, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 232 балл
- Абдрахманова Малика, № 1 Л. Толстой атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Балыкчы шаары – 231 балл
- Наватова Алина , «Купуев академиясы» ЖЧК, Ош шаары – 231 балл
- Ашимов Мансур, Р.Я. Рысакова атындагы № 2 орто мектеп, Талас шаары – 231 балл
- Бейшенбаева Диана , № 8 жалпы билим берүү орто мектеби, Кара-Балта шаары – 231 балл
- Попова Кристина, № 2 жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 231 балл
- Ишанкулова Каринахон, «Газпром Кыргызстан» мектеби, Бишкек шаары – 231 балл
- Карабанова Любовь, № 12 Л.В. Толстунов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 231 балл
- Бусурманкулов Канимет, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад балдар лицейи, Жалал-Абад шаары – 231 балл
- Низовский Матвей, № 61 Е.Б. Якир атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 231 балл
- Надирбеков Абдусамат, “Сема” Ош лицейи, Ош шаары – 230 балл
- Эсенбаев Байзак, № 13 жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 230 балл
- Дербишалиев Барсбек, № 72 А. Сыдыков атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 230 балл
- Ирисова Айдай, № 1 М.Н. Бабкин атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Жалал-Абад шаары – 230 балл
- Глинова Варвара , № 61 Е.Б. Якир атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 230 балл
- Асанкадыров Айдин, № 61 Е.Б. Якир атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 230 балл
- Еременко Артём , Россия мектептери – 229 балл
- Алтыбаев Асылнур, № 61 Е.Б. Якир атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 229 балл
- Чомоев Бектур, № 17 А.С. Пушкин атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 229 балл
- Насеров Намаз, “Анадолу” республикалык кыргыз-түрк лицейи, Бишкек шаары – 229 балл
- Есеналиев Аман, № 61 Е.Б. Якир атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 229 балл
- Абдралиева Айжамал, № 24 А. Токомбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 229 балл
- Омушева Арууке, “Американ Европеан Скул” мектеп-комплекси, Бишкек шаары – 229 балл
- Абдирасулов Аскат, № 37 жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 229 балл
- Азамат Эмир, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, Нарын шаары – 228 балл
- Сариева Камилла , “Үмүт” Токмок жалпы билим берүүчү лицейи, Токмок шаары – 228 балл
- Омуркулов Акбар, № 62 жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 228 балл
- Бакаев Алихан , № 117 Ч. Айтматов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 228 балл
- Капаров Улукбек, “Билимкана-Бишкек” орто мектеби, Бишкек шаары – 228 балл
- Абдилайыпов Умар, № 24 А. Токомбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 228 балл
- Усоналиев Нурбай , № 61 Е.Б. Якир атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 228 балл
- Кыдырова Рахима , «Айчүрөк» кыргыз-түрк кыздар окуу-тарбия комплекси, Бишкек шаары – 228 балл
- Чинтемирова Бермет, № 67 Т. Үмөталиев атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Бишкек шаары – 228 балл
- Сушонло Самира , “Гарвард Интернейшнл Скул” окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясы, Бишкек шаары – 228 балл
ЖРТнын үчүнчү этабынын жыйынтыгына жараша бул тизме толукталышы мүмкүн.
Бул тест сынагы ЖОЖдорго кабыл алууда коррупциянын алдын алуу үчүн өткөрүлүп келүүдө.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер