ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН II ТУРУ БАШТАЛДЫ

  • 08.01.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына КР жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун экинчи туруна каттоо башталгандыгын маалымдайт.

ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН II ТУРУ БАШТАЛДЫ

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 8-январда башталып, 10-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 11-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат. Абитуриент окууга болгон каалоосун 13-январь саат 16:00го чейин тастыктоосу керек.

Белгилей кетсек, I турда жалпысынан 237 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 219 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Жыйынтыгында 182 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.

I турда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 68, Ош мамлекеттик университети – 52, Борбордук Азиядагы Америка университети – 27, КР Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы – 25, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 12, Эл аралык медициналык университети – 12   талон түштү. 

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер