ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун III туру башталды

  • 31.07.2023
  • 0

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун III туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Документтерди кабыл алуу 31-июль саат 08:00дөн, 2-август саат 14:00гө чейин созулат.

Белгилей кетсек, 26-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туруна арыздарды кабыл алуу аяктап, 11 миң 598 арыз катталды. Анын ичинен 3 миң 886сы бюджеттик негизде окууга, 7 миң 598и контракттык негизде окууга.

ЖОЖдорго кабыл алуунун I турунда 26 миң 546 арыз катталып, анын ичинен 12 миң 902 абитурент кабыл алынды.

Биринчи турдун жыйынтыгы менен абитуриенттерди эң көп кабыл алган ЖОЖдор:

  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 2 миң 115
  • Ош мамлекеттик университети – 1 миң 864
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 1 миң 563
  • Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 938
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 891
  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 811
  • И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 635
Бөлүшүү

Комментарийлер