ЖОЖДОРДО ИЗИЛДӨӨ ЖАНА ӨНҮГҮҮ БОЮНЧА ПРОРЕКТОРЛОР ИШТЕП БАШТАЙТ

  • 16.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайларында изилдөө жана өнүгүү боюнча проректорлук кызмат ордун түзүүнү ЖОЖ жетекчилери менен болгон жыйында сунуштады.

    • Бардык өнүккөн өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында өнүгүү саясатын жүргүзгөн, илимий долбоорлорду тарткан жана алар менен иштешкен   проректорлору бар. Азыр бизге дагы ийкемдүү, бүгүнкү күндүн шартын түшүнгөн, санариптештирүүнү өздөштүрө алган, долбоорлор менен иштеше алган проректорлор керек. Алар жогорку билим берүү тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча министрлик менен активдүү иштешиши керек, — дейт министр Алмазбек Бейшеналиев.

    Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер