ЖОЖДОРДО БИЗНЕС ИНКУБАТОРЛОР АЧЫЛАТ

  • 23.08.2022
  • 0

Жаңы окуу жылында  31 жогорку окуу жайда бизнес инкубаторлор ачылат. Ал жакта студенттер өздөрүнүн бизнес идеяларын ишке ашырат. Ага Дүйнөлүк банк тарабынан төрт миллион долларлык кредит даярдалган.

ЖОЖДОРДО БИЗНЕС ИНКУБАТОРЛОР АЧЫЛАТ

  • Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун демилгеси менен студенттердин жакшы идеяларына мамлекеттик кредитти берип баштайбыз. Студенттер студент кезинен өздөрүнүн фирмаларын калыптандырып, бизнеске салым кошуп башташат. Биз келечекте Кыргызстанда ушул университеттердин интеграциясынан жана синергиясынан жаралган Кремний өрөөнү сыяктуу атайын өндүрүштүн өрөөнүн түзөбүз деген чоң үмүтүбүз бар, — деди министр Алмазбек Бейшеналиев бүгүн билим берүү кызматкерлеринин август конференциясында сүйлөгөн сөзүндө.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер