ЖОЖДОР ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТӨ БАШТАДЫ

  • 17.03.2020
  • 0

Коронавируска байланыштуу каникулга тараган жогорку окуу жайлардын айрымдары он-лайн режиминде билим берүүгө өтүп жатат.

ЖОЖДОР ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТӨ БАШТАДЫ

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 14-мартындагы өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу боюнча чечимине ылайык, 16-марттан баштап Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен  бардык билим берүү уюмдары мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгарылган. Буйрукта жогорку окуу жайлардын ректорлору каникул мезгилинде күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө билим алган студенттер үчүн окуу процессин дистанттык окутуу технологияларын колдонуп жүргүзүү жагын караштырууга милдеттендирилген. Буйрукта көрсөтүлгөн ушул жана башка  милдеттемелерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык жогорку  окуу жайларында атайын штабдар түзүлүп, алар үзгүлтүксүз иштеп башташты.

ЖОЖДОР ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТӨ БАШТАДЫ

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде түзүлгөн штаб он-лайн билим берүүнү уюштуруу үчүн семинар, тренингдерди өткөрүп, окуу кааналарда, жатаканаларда, коомдук жайларда санитардык тазалоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

— Окуу иштери боюнча проректор профессордук-окутуучулук курамга аралыктан окууну уюштуруу боюнча семинарларды өткөрүп жатат. Бул семинар боюнча он-лайн окуу порталы  да түзүлдү. Азыр ар бир окутуучу АVN аркылуу күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө билим алган студенттер менен  байланышып, окуу процессин жүргүзө башташты, — дейт университеттин маалымат катчысы Айнура Чойтонбаева.

Бөлүшүү

Комментарийлер