Жол кыймылынын коопсуздугу: Билим берүүнүн милдети чоң
- 02.07.2025
- 0
Бишкекте Кыргызстандагы жол кыймылы коопсуздугунун улуттук стратегиясынын аткарылышы талкууланды. Жолдогу кырсыктарды азайтууда, коопсуздук чараларын күчөтүүдө бүтүндөй билим берүү тармагынын иши абдан маанилүү экени айтылды.
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жыйындар залында өткөн тегерек столдо мамлекеттик органдар менен мекемелердин, өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жол кыймылынын коопсуздугу боюнча пикир алышып, керектүү чараларды белгилешти.
2024-жылы Кыргызстанда жети миңдей жол кырсыгы катталып, 743 адам каза болгон. Мындай кейиштүү кырсыктардын алдын алуу азыркы учурда эң маанилүү маселе болуп саналат.
Зал толтура болду. “Бул жолдогу маселелерди чечүүгө кайдыгер эмес экенибизди көрсөтөт”,-деди “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин башчысы Чынара Касмамбетова.
Жоробеков Жеңишбек, ИИМдин ЖКККББ башчысы Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу стратегиясынынын алкагында аткарылып жаткан иштерге токтолуп, “бирдиктүү аракет, туруктуу жыйынтыктар” зарыл экенин белгиледи.
“Окутууну көбөйтүш керек. Жол маданиятын көтөрөлү. Айыппулду көбөйткөн менен жол кырсыктарын азайта алган жокпуз. Башка метод карап көрүшүбүз керек”,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрзаков Сүйүнбек.
ЖКнын дагы бир активдүү депутаты Дастан Далабаев жол коопсуздугу бардык мамлекеттик органдар бүт көңүлдү бура турган олуттуу маселе деп атады:
“Үй-бүлөдө сабактар болуш керек, ар ким өзүн, бала-чакасын сакташ керек. Биз жоопкерчиликти ГАИге жүктөйбүз. Бул туура эмес. Маданият жолдо аябай начар. Жарандарга дагы ыйгарым укуктарды бериш керек. Кээ бир жолдо болгон мыйзам бузууларды видеорегистраторлорго тартып ГАИге берсе, бир топ эле жардам болот. Эң негизгиси билим берүүдөн, бала бакчадан баштап университеттерге чейин иштешибиз керек”.
Комментарийлер