КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ: КАРЖЫЛОО ЧЕЧИЛДИ

  • 15.04.2026
  • 0

Жогорку Кеңеш “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун колдоп, жалпы суммасы 6,36 млн АКШ долларлык каржылоонун эл аралык механизмдерин бекитти. Бул чечим билим берүү системасын, айрыкча мектепке чейинки деңгээлди реформалоого багытталган конкреттүү кадам катары бааланууда.

КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ: КАРЖЫЛОО ЧЕЧИЛДИ

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралган мыйзам долбоорлорунун ичинен дал ушул демилге социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыты катары өзгөчөлөндү. Долбоор Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы ортосундагы макулдашуунун негизинде ишке ашырылып, жалпы суммасы 6,36 миллион АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 4,36 миллиону жеңилдетилген насыя, ал эми 2 миллиону гранттык каражат болуп саналат. 50 жылдык мөөнөт, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил жана 0 пайыздык үстөк — бул каржылоонун социалдык долбоорлор үчүн өтө ыңгайлуу шарттарда берилгенин көрсөтөт.

Агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев белгилегендей, долбоор мектепке чейинки билим берүү системасын чыңдоого багытталган. Бул — жөн гана инфраструктураны жакшыртуу эмес, балдарды эрте курактан тартып билим менен камтууну кеңейтүү, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн жаңы моделдерин киргизүү дегенди билдирет.

Талкуу учурунда депутаттар каржылоонун натыйжалуулугуна басым жасап, реконструкциялануучу объекттерди тандоонун ачыктыгы боюнча суроолорду көтөрүштү. Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова белгилегендей, тандоонун негизги критерийлери — бала бакчага болгон реалдуу муктаждык жана ылайыктуу имараттын болушу. Бул жерде аймактар аралык тең салмактуулукту сактоо да маанилүү фактор катары каралууда.

Долбоордун алкагында кайтарылган же пайдаланылбай турган социалдык объекттердин базасында бала бакчалар ачылып, алар толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат. Мындан тышкары, 128 кошумча топ үчүн шарт түзүлүп, 10 сааттык режимдеги бала бакчаларда уктоочу бөлмөлөр жаңыланат. Бул чаралар инфраструктуралык жетишсиздикти кыскартууга багытталган.

Бирок бул долбоордун мааниси инфраструктура менен гана чектелбейт. Эксперттик баалоолор көрсөткөндөй, мектепке чейинки билим берүү — адам капиталын өнүктүрүүнүн эң натыйжалуу баскычы. Эрте жаштагы билим сапаты баланын кийинки окуудагы жетишкендиктерине, социалдык адаптациясына жана келечектеги эмгек өндүрүмдүүлүгүнө түз таасир этет.

Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү маселеси да күн тартибинде турат. Азыркы учурда жеңилдетилген кредиттөө жана ваучердик системаларды изилдөө жүрүп, бул тармакта жаңы саясаттык инструменттер иштелип чыгышы күтүлүүдө. Бул — мамлекет жалгыз өзү жетишпеген ресурстарды жеке сектор аркылуу толуктоого аракет кылып жатканын көрсөтөт.

КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ: КАРЖЫЛОО ЧЕЧИЛДИ

Бул багыттагы саясатты өлкө жетекчилиги да колдоодо. Жакында Садыр Жапаров түштүк аймагына болгон иш сапарынын жүрүшүндө бала бакча тартыштыгы — системалуу көйгөй экенин ачык белгиледи. Анын айтымында, мамлекет бардык муктаждыкты кыска мөөнөттө жапканга мүмкүнчүлүгү жетпейт, ошондуктан жеке секторду активдүү тартуу зарыл.

Араван районундагы жолугушууда президент жеке мектеп же бала бакча курууну каалаган ишкерлерге 1–2 гектарга чейин жерди акысыз берүү демилгесин көтөрдү. Бул — социалдык инфраструктураны өнүктүрүүдө жаңы экономикалык модель калыптанып жатканын билдирет.

Ошол эле учурда мындай саясат тобокелдиктерди да камтыйт. Эгер жер бөлүштүрүү ачык-айкын жүргүзүлбөсө же объекттер максаттуу пайдаланылбаса, демилгенин натыйжалуулугу төмөндөшү мүмкүн. Демек, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ийгиликтүү иштеши үчүн катуу көзөмөл, так талаптар жана сапат стандарттары зарыл.

Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында бул тармакта буга чейин аткарылып келаткан иштер өз ыргагында улана бермекчи.

— Менчиктештирүү мезгилинде башка максатка пайдаланууга өтүп кеткен бала бакчалардын имараттарын оңдоп-түзөө, бош турган имараттарды бала бакчага айландыруу иштери улантылууда. Учурда кайтарылган тогуз бала бакча бар, ошол имараттарды жана жер-жерлердеги бош турган имараттарды бала бакча багытына өткөрүп ремонттоо, заманбап эмеректер, техникалар менен жабдуу, алардын алдына оюн аянтчаларын куруу сыяктуу иштер жүрүп жатат. Ошондой эле 10 сааттык бала бакчалардын уктоочу бөлмөлөрүнүн керебеттери алмаштырылып эмеректери максатка ылайыкташтырылат,  — дейт.

КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ: КАРЖЫЛОО ЧЕЧИЛДИ

Министрликтин адистери жыл сайын жаңы бала бакчаларды куруу жана бош имараттарды балдар бакчасына өзгөртүп түзүү, жеке секторду колдоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, кыска мөөнөттүү жана альтернативдүү мектепке чейинки билим берүү программаларын кеңейтүү, учурдагы балдар бакчаларынын имараттарын эффективдүү колдонуу, үй тибиндеги балдар бакчаларын ачуу шарттарын түзүү иштери ыргалдуу жүргүзүлүп жатканын белгилешүүдө.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча учурда 560 мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүү боюнча иштери аяктады. Ага 32 миңден ашык бала тартылды.

Республика боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 271 жеке үй тибиндеги мектепке чейинки билим берүү уюмунда 6228 бала тарбияланып, ал мекемелерде 813 айым иштеп жатат. Союз учурунда курулган типтүү бала бакчалардын уктоочу жайларын да максаттуу пайдалануу жагы жакшы жолго коюлду. Алсак, 570 бала бакчанын уктоочу жайларын натыйжалуу пайдалануу максатында 518 кошумча топтор ачылып, 13447 бала кабыл алынды. Ошондой эле 550дөн ашык тарбиячы, 400дөн ашык тарбиячынын жардамчысы жана 130дан ашык башка кошумча кызматкерлер (музыкалык жетекчи, методист, кир жуугуч,  кароолчу, техникалык кызматчылар) жумуш менен камсыздалды.

2024-жылы “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыя берүү” долбоорунун алкагында бала бакча имараттарын куруу жана оңдоо үчүн “Айыл банк” жана “Элдик банк” мамлекеттик банктардан беш адамга жалпы суммасы 17,0 миллион сомдук 10% жеңилдетилген насыялар берилип, республика боюнча Баткен облусунда — 1, Чүй облусунда — 1 жана Бишкек шаарында эки бала бакча ачылды.

Мектепке чейинки билим берүүнүн мазмуну бүгүнкү күндө заманбап талаптарга ылайык жаңыланып, баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган моделге өтүүдө. 2025-жылы кабыл алынган мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу мамлекеттик билим берүү стандарты мектепке чейинки билим берүүнүн мазмунун жаңылап, компетенцияга негизделген мамилени киргизүүгө басым жасады. Анын алкагында 1–6 жаштагы балдарды өнүктүрүү программалары жаңыланып, оюн аркылуу окутуу, баланын социалдык, эмоционалдык жана таанып-билүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле балдардын өнүгүүсүн системалуу баалоо механизмдери киргизилди. Бул өзгөрүүлөр балдарды ар тараптуу өнүктүрүп, мектепке сапаттуу даярдоону камсыз кылууга багытталган.

Жыйынтыктап айтканда, “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун колдоого алынышы — бул жөн гана каржылоо маселесинин чечилиши эмес. Бул Кыргызстанда билим берүү саясатынын багыты өзгөрүп жатканын, тактап айтканда, эрте билим берүүгө инвестиция салуу жана жеке сектор менен кызматташууну күчөтүү аркылуу системалуу реформаларга өтүү аракетин көрсөтөт. Ушул кадамдар ийгиликтүү ишке ашса, өлкөнүн билим берүү сапаты гана эмес, жалпы социалдык-экономикалык өнүгүүсү да жаңы деңгээлге чыгышы мүмкүн.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер