ЖОГОРКУ КЕСИПКӨЙ ЖЕТЕКЧИЛЕР АТААНДАШТЫК НЕГИЗДЕ ТАНДАЛАТ

  • 13.07.2022
  • 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жаңы жарыяланган жарлыгына ылайык, беш жылдан көп иштеген мектеп директорлору автоматтык түрдө кызматынан бошотулуп, алардын ордуна жаңы жетекчилер эми конкурстук жол менен тандалып алынууга тийиш.

Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору тарабынан борборлоштурулган негизде жүргүзүлөт.

Конкурстун негизинде жаңы дайындоолор беш жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Жарлыктын негизинде беш жылдан ашык иштеген директорлор кызматынан бошотулат, алар директордун кызмат ордуна башкалар менен бирге конкурска катыша алат.

Бир топтон бери кызуу талкууну жаратып келген маселе ошентип президенттин жарлыгы менен ишке ашты. Бишкек шаарында бир катар мектептерде директорлор отуз жылдап иштеп жатканы, аларды алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, директорлорду кесипкөй негизде тандап алуу системасынын болбой жатканы коомчулукта көп нааразылыкты туудуруп келди. Баш калаадагы мектептер Билим берүү жана илим министрлигине түздөн түз баш ийбей, мэрияга караштуу болгондуктан, министр директорлорду дайындоо маселесине таасир көрсөтө алган эмес.

Ошол эле убакта директорлорду конкурстук негизде тандап алуу өлкөдөгү жедеп эскирип бүткөн, коррупциялык системаны жок кылат. Совет доорунан келаткан эреже боюнча мектеп жетекчилерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары дайындашчу. Алар кимди кааласа, ошону өзүнүн жеке чечими менен эле директор кылып дайындап кое алчу. Мындай тартип аларга абдан ыңгайлуу болчу, бирок мектептердеги билим берүүнү жакшыртууга жарыгы көп тийген эмес.

«Билим берүү мекемелеринин жетекчилерин бекитүүдө көп учурда субъективдүү мамилелер болуп келгенин мойнубузга алышыбыз керек. Кандайдыр бир депутаттардын, акимдердин, районолордун же бир таасирдүү адамдардан лобби такыр болгон жок деп айта албайбыз. Аны мен өзүм жетекчи болуп турганда далай көрдүм. Кийинки чоң  бир маселе – коомчулуктун жалпы билим берүү тармагына, айрыкча, мектеп директорлоруна ишениминин жоктугу кандайдыр бир радикалдуу, оптималдуу чечим кабыл алууга түртөт»,-деди “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева.

Билим берүү боюнча эксперт, укук коргоочу Анара Дауталиева директорлорду дайындоо көп жылдан бери коррупциялык схема болуп келгенин белгилейт.

Ошол себептенби, айтор мектеп жетекчилерин конкурстук негизде дайындоо демилгеси Бишкек шаарында ар кандай каршылыкты жаратпай койгон жок. Министр эми директорлорду өзү дайындап, коррупциялык жолго барган жатат дешип сындагандар болду. Министрлик өз кезегинде конкурс адам фактору аралашпаган заманбап санарип ыкма менен өткөрүлөрүн билдирүүдө.

Коомдук ишмер Абдывахаб Нурбаевдин пикиринде ​ мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо мектеп жамаатына ​ күтүүсүз бирөөнүн директор болуп келип калуусуна бөгөт коёт.

«Конкурс ачык-айкын болсо, мектептеги билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Билим берүү системасын оңдобосок, экономика жана башка тармактарды өнүктүрүү оор», — дейт Нурбаев «Марал Радиосуна» берген маегинде.

Директорлорду конкурстук негизде дайындоонун убактылуу жобосу жарыяланды. Анын шарттары боюнча мектепте жети жылдан, билим берүүнү башкаруу бөлүмүндө адис же методист болуп беш жылдан кем эмес иштеген тажрыйбасы бар педагогдор мектеп жетекчисинин кызмат ордуна конкурска катыша алат. Талапкерлер мыйзамдарды, башкаруу методдорун, документ жүгүртүүнү, ички эмгек тартибинин эрежелерин, финансылык-чарбалык ишти, административдик, эмгек жана экономикалык мыйзамдарды билгенине жараша тандалып, алардын билим берүү системаларын башкаруу методдоруна, компьютерде жана уюштуруу техникасы менен иштөө көндүмдөрүнө, башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу, алардын натыйжаларын божомолдоо, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө биринчи кезекте көңүл бурулат.

Убактылуу жободо конкурстун максаты “билим берүү жаатында зарыл болгон компетенциялары бар, жогорку башкаруучулук сапаттарга ээ, жетекчи катары тиешелүү иш тажрыйбасы же адистиги боюнча жалпы билим берүүчү уюмда эмгек стажы бар адамдарды атаандаштык альтернативалык негизде тандоо”, “жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй башкаруучу кадрдык курамын түзүүгө багытталган динамикалуу кадр саясатын жүзөгө ашыруу” деп көрсөтүлгөн.

Биринчи этапта талапкерлердин документтери текшерилет, экинчи этапта квалификациялык тестирлөөдөн өткөрүлөт.

Конкурстун экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча эң көп балл топтогон талапкер жеңүүчү деп табылат. Эгерде конкурстун бир нече катышуучусу бирдей балл топтогон болсо, эки күндүн ичинде кошумча тест сынагы өткөрүлөт.

«Конкреттүү директорлорду тандоодо биринчи иретте алардын профессионалдык адистик деңгээлине кароо керек. Анын новатордук мүмкүнчүлүгү кандай, мектепти өнүктүрүүдө көрө билген кыраакылык же болбосо өзүнүн көрө билүү стратегиясы барбы? Сөзсүз түрдө санариптик портфолиосун эске алуу керек. Бүгүнкү күндө заманбап технологиялар менен мектеп директору ким экенин аныктаса болот. Тандоодо сырттан таасир эткен факторлордун баарын жокко чыгарыш керек. Сөзсүз түрдө жеке кызыкчылыктардын үстөмдүгүнө жол бербей,  адистик, профессионалдык жана көз карандысыздык адистердин мыктылыгына, кесипкөйлүгүнө багыт бере турган тенденциялар менен гана иштеш керек»,-дейт Догдуркүл Кендирбаева.

Кубат Чекиров, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер