ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ ДАСТАНБЕК ЖУМАБЕКОВ ИРАНДЫН ЭЛЧИСИ САИД ХАРАЗИНИ КАБЫЛ АЛДЫ

  • 11.03.2020
  • 0

Кечээ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харазини кабыл алды.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ ДАСТАНБЕК ЖУМАБЕКОВ ИРАНДЫН ЭЛЧИСИ САИД ХАРАЗИНИ КАБЫЛ АЛДЫ

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу багытында баарлашып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча ой бөлүштү.

Төрага Дастанбек Жумабеков алгач Саид Харазини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, тажрыйбалуу элчи катары эки мамлекеттин байланышын чыңдоого салым кошоруна үмүт артарын билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан Иран менен достук мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айткан Дастанбек Жумабеков: “Анын ичинен соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо артыкчылыктуу багытка ээ. Анткени, эки мамлекеттин соода-экономикалык дарамети толук өлчөмдө пайдаланылбай келет. Учурда 30 млн. АКШ долларын түзгөн соода жүгүртүүбүздүн көлөмүн көтөрүшүбүз керек”, – деди.

Муну менен катар Ирандын айыл чарба тармагында, чакан жана орто ГЭСтерди куруу багытында тажрыйбасы чоң экенин айткан Төрага Кыргызстан бул жаатта инвестиция тартууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Ал эми парламенттер аралык кызматташтык да өлкөлөр ортосундагы байланышты өнүктүрүүгө өбөлгө болоруна токтолгон Дастанбек Жумабеков Иран Ислам Республикасынын парламентинин Төрагасын расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Андан тышкары, Иран менен Түркмөнстандын чек арасында турган кыргызстандык айдоочулардын өлкөгө кайтып келүүсүн камсыздоо багытында жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу кеп кылган Дастанбек Жумабеков элчиден аталган маселени чечүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ ДАСТАНБЕК ЖУМАБЕКОВ ИРАНДЫН ЭЛЧИСИ САИД ХАРАЗИНИ КАБЫЛ АЛДЫ

Өз кезегинде Иран Ислам Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип: “Биздин өлкө Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан менен болгон бардык багыттагы кызматташтыкты ар убак кеңейтүүгө кызыкдар. Алсак, акыркы жылдары жогорку деңгээлдеги бир катар иш сапарлар уюштурулуп, алты жыл ичинде Иран Ислам Республикасынын Президенти Кыргызстанга 3 жолу келип кетти. 2017-жылы Жогорку Кеңештин Төрагасы баштаган парламенттик делегация Тегеран шаарында болуп, Өкмөттөр аралык комиссия 12 жолу отурумга чогулду. Мындан ары да элчилик ишмердүүлүгүмдүн алкагында байланыштарды өнүктүрүүгө аракет кылам. Айрыкча, сиздин расмий чакырууңузду Иран парламентинин Төрагасына сөзсүз жеткирем”, – деди.

Мындан тышкары, жолугушууда дүйнөнү, анын ичинен Иранды каптаган коронавирус илдети тууралуу сөз болуп, Төрага Дастанбек Жумабеков оорудан каза болгондорго көңүл айтуу менен вируска чалдыккандардын тез арада сакайып кетишин тиледи.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер