ЖОГОРКУ БИЛИМИ БАР ЖООКЕРЛЕРДИН ОКУУ ЖЫЙЫНЫ

  • 11.03.2020
  • 0

2020-жылдын 11-мартынан баштап 10-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунун базасында жогорку билими бар мөөнөттүү аскер кызматындагы жоокерлерди запастагы офицерликке даярдоо боюнча жыйыны башталды. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүнөн жана кошуундарынан  50дөн ашык аскер келди.

Жыйындын катышуучулары бир ай ичинде мөөнөттүү кызмат өтөөдө алган билимдерин өркүндөтүшөт, жалпы аскерлердеги взводдун командиринин кызматтык ишмердүүлүгүн, аскер илиминин теорияларын окушуп, көнүктүрүүчү кошумча жөндөмдөр менен көндүмдөргө ээ болушат.

Жыйындын катышуучуларынын алдына коюлган максатка ийгиликтүү жетүү үчүн тактикалык, ок атуу, техникалык жана дене тарбиялык даярдыктар боюнча өтүлүүчү практикалык сабактарга негизги күч аракеттер жумшалат.

Жыйындын аягында анын катышуучулары комплекстүү экзамендерди тапшырышат жана анын жыйынтыгына жараша ийгиликтүү тапшыргандарга «запастагы лейтенат» биринчи офицердик наамы ыйгарылат.

КР КК ГШ маалыматтык камсыздоо башкармалыгы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер