МИНИСТРЛИКТЕ ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
- 16.04.2026
- 0
14-апрелде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Ага министрдин орун басары Надира Джусупбекова, атайын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациялардын (ПМПК) өкүлдөрү жана ата-энелер коомчулугу катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү инклюзивдүү билим берүүнүн учурдагы абалы кеңири талкууланып, мектептер, адистер жана үй-бүлөлөр туш болуп жаткан негизги көйгөйлөр ортого салынды. Ошондой эле бул багытта жетишилген ийгиликтер жана натыйжалуу иш тажрыйбалары тууралуу сунуштар айтылды.
Катышуучулар өзгөчө көңүлдү ПМПКнын ишмердүүлүгүнө бурушту. Тактап айтканда, баланын билим берүү муктаждыктарын аныктоо, анын жеке билим берүү маршрутун түзүү жана коштоп жүрүү иштеринин сапатын жакшыртуу маселеси көтөрүлдү. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана ата-энелер менен өз ара байланышты бекемдөө зарылдыгы белгиленди.
Атайын билим берүү уюмдарынын жетекчилери акыркы жылдары системада оң өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилешти. Алар жаңы усулдардын киргизилип жатканына, балдардын жеке өзгөчөлүктөрүнө көбүрөөк көңүл бурула баштаганына токтолушту. Ошону менен катар педагогикалык кадрларды даярдоо, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу методикаларын жаңылоо маселелери дагы актуалдуу бойдон калып жатканы айтылды.
Жолугушууда ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү да өз ойлорун ортого салышты. Алар күнүмдүк турмушта туш болгон кыйынчылыктарын айтып, чечим кабыл алуу процессинде ата-энелердин пикирин эске алуу маанилүү экенин баса белгилешти. Алардын айтымында, мамлекеттик органдар менен адистердин тыгыз кызматташуусу өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар балдарды колдоону күчөтөт.
Жыйынтыгында министрдин орун басары Надира Джусупбекова инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү бардык тараптардын биргелешкен аракетин талап кыларын белгиледи. Анын айтымында, жолугушууда айтылган сунуштар жана пикирлер министрликтин мындан аркы ишинде эске алынат.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”










Комментарийлер