«ЖЕТИЛГИЛЕ, БАЛДАР!» КИТЕБИ КЫРГЫЗЧА ЧЫКТЫ

  • 28.10.2020
  • 0

Нью-Йорк университетинин профессору Селчук Шириндин “Жетилгиле, балдар!” китебинин кыргызчасы «Китепстан» басмасы тарабынан которулуп, басылып чыкты.

"ЖЕТИЛГИЛЕ, БАЛДАР!" КИТЕБИ КЫРГЫЗЧА ЧЫКТЫ

Балдарыбыз үчүн баардык нерсени «туура» жасоонун рецепттерин издегенде, көп учурда стресске кабылабыз. Ушул чындыктан жолго чыккан Нью-Йорк университетинин профессору, балдардын кенже курагынан өспүрүм курагына чейинки жүрүм-туруму боюнча Түркия жана дүйнө жүзүндө көптөгөн илимий изилдөөлөр жүргүзгөн окумуштуу Селчук Ширин 20 жылдык илимий жана жеке тажрыйбасынын жемиши болгон “Жетилгиле, балдар!”китеби менен ата-энелерге кайрылат. Айрыкча, «мыкты ата-эне» болуу басымына дуушар болгондорго илимий негиздерге таянган конкреттүү сунуштар берилет. Бул китеп бала тарбиялоодо практикалык чечимдерди издегендерге абдан пайдалуу! Китептен төмөнкү суроолорго жооп табасыз:

• Бөбөктөр менен кантип китеп окуйбуз?
• 30 миллион сөз дефицити деген эмне?
• Баланын акыл-эсин кантип өстүрөбүз?
• Бала тарбиялоодо тартип кайсы чекке чейин?
• Балдарга чет тил үйрөтүүнүн идеалдуу курагы канча?
• Билгенин унутуп калбоо үчүн каникулда эмне кылуу керек?
• Балдарыбызды экрандын туткуну болуудан кантип куткарабыз?
• Бороон чапкындуу өспүрүм курактагы балдар менен туура диалогдун жол жобосу кандай?
• Балдардын ийгилиги генетикаданбы же чөйрөдөнбү?
• Балаңыз код жазууну үйрөнүүгө муктажбы?
• Билл Гейтс эмне үчүн Гарвард университетин таштап салган?
• Үй-бүлөлүк медиа план кантип түзүлөт?
• Балдарыбызды кандай чакырыктар күтүүдө?
• Ата-энелер мектептен эмнелерди талап кылышы керек?
• Мектептер балдарыбызды дүйнө менен теңтайлашууга даярдап жатабы?

«Өлкөбүздөгү соңку окуялардан бир нерсе байкалды. Эгемендик алгандан бери “чоңойгон” муун советтик муундан абат эмес экенин көрсөттү. Өз ара чырдашып жатсак, дүйнө менен кантип атаандаша алат элек. Акылга эмес, күчкө таянгандарга же жалпы системага каршы туруу колубуздан келбейт экен. Биздин колубуздан келчү иш – чоңойтуп жаткан балдарыбызды мыкты тарбиялоо. Болгон үмүтүбүз биздин балдар кура турган Кыргызстанда. Селчук Шириндин китеби да биздеги окуяларга дал келет. Мен аны “Тезирээк жетилгиле, балдар!” деп атайт элем,»-деп жазды Фейсбуктагы баракчасына «Китепстан» басмасынын башчысы Бакытбек Абдуллаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер