ЖЕТИ МИЛЛИОНЧУНУН АТЫН ПРЕЗИДЕНТ КОЙДУ

  • 19.10.2022
  • 0

Кыргызстанда 7 миллионунчу жаран Баткен облусундагы КызылКыя шаарында төрөлдү. Ага Президент Садыр Жапаров Жакшылык деген ысым бергендигин парламенттин төрагасы Нурлан Шакиев билдирди.

ЖЕТИ МИЛЛИОНЧУНУН АТЫН ПРЕЗИДЕНТ КОЙДУ

 

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген ыкчам маалыматтарды эске алуу менен өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күн айтылып, эсептелген маалыматтар боюнча бул маанилүү окуя 20-октябрга чейин болушу керектигин айтышкан.

 

Улуттук статистика комитети билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап, калктын саны 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарынын негизинде эсептелине баштаган. Жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде быйыл Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жете тургандыгы аныкталган. Улутстаткомдун баалоосу боюнча 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6  млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

ЖЕТИ МИЛЛИОНЧУНУН АТЫН ПРЕЗИДЕНТ КОЙДУ

Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, Кыргызстандын калкынын саны өсүп жатат. Акыркы жылдары республикада болуп жаткан демографиялык процесстер калктын санынын өсүшүнүн жогорку темпи менен мүнөздөлөт. Төрөлүүнүн жогорку деңгээли сакталууда, бул калктын санынын көбөйүшүн камсыздайт. Ал эми тышкы миграциянын балансы терс бойдон калууда, бирок акыркы жылдары анын көлөмү бир топ төмөндөдү.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.

Бөлүшүү

Комментарийлер