ЖЕҢИЖОК МЕНЕН КАЗЫБЕК БАЯНЫ

  • 25.08.2022
  • 0

ЖЕҢИЖОК МЕНЕН КАЗЫБЕК БАЯНЫКыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Айкөл Манас баяны” фондунун төрагасы, коомдук “Манас” академиясынын академиги, изилдөөчү, жазуучу Бактыбек Максүтовдун кечээ жакында “Жеңижок менен Көк сулуу. Казыбектин арманы” аттуу эки аталыштагы жаңы китеби жарык көрдү.

Аталган китепке ак таңдай акын, манасчы, чебер комузчу, обончу, таймашарга теңи жок атактуу Жеңижок (Өтө) Көкө уулунун өмүрү, чыгармачылыгы, өзгөчө акындык касиети, анын башынан өткөргөн  оор турмушу, муң кайгысы, тунук махабаты жөнүндө повесть кирген. Ошондой эле кыргыздан чыккан дагы бир белгилүү акын Казыбек казалчынын таалайсыз тагдыры, куугун-сүргүндө жүргөн күндөрү, кылымдардан бери эл оозунда сакталып калган казалдары жөнүндө да баян бар.

Китеп өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо, Кыргыз элинин каада-салттарын үйрөнүүдө, рухий дөөлөттөрүбүздү таанып билүүдө, сөз байлыктарын, улуттук тилибизди өстүрүүдө жана анын кадыр-баркын көтөрүүдө азбы-көппү таасирин тийгизмекчи.

Бактыбек Максүтов  буга чейин “Айкөл Манас баяны” баш болгон 80ден ашуун китептин, 13 драманын, төрт кино сценарийдин автору катары да окурман журтуна белгилүү.

М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер