ЗЫЯНДУУ ӨНӨКӨТ ЧЫРМАГАН БИШКЕКТИН МЕКТЕПТЕРИ

  • 20.02.2020
  • 0

Акыркы убакта борбор шаарыбыздагы мектептеринде ата-энелерден акча жыйноо өнөкөтү тыйылбай, өзүнчө бир нааразылыктын чыгышына себеп болуп жатат. Жакында мэриянын чечимине ылайык тиешелүү көзөмөл кылбаганы үчүн шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Мейрманова С.Ж. кызматынан бошотулду.

ЗЫЯНДУУ ӨНӨКӨТ ЧЫРМАГАН БИШКЕКТИН МЕКТЕПТЕРИ

Резина мектептер, резина класстар

Борбор шаарыбыздагы мектептердин эң чоң көйгөйү – мектептеги, класстагы окуучулардын нормадан эки эсе көптүгү. Албетте, аталган көйгөйдүн бир топ обьективдүү жана субьективдүү себептери бар. Ошентсе да, эң башкы себеби катары ички миграцияны көрсөтүүгө болот. Шаарда окуучулардын саны жыл сайын он миңге көбөйүүдө. Мисалы 2015-жылы шаар мектептеринде 127 миң окуучу бар болсо, 2016-жылы 137 миң, 2017-жылы 147 миң, 2018-жылы 155 миң окуучу катталган. Ал эми баш калаадагы мамлекеттик делген 97 мектептин долбоордук сыйымдуулугу 76 жарым миң балага ылайыкташкан. Мындан көрүнүп тургандай, борбор шаарда окуучулардын саны эки эсе көптүк кылат. Билим берүү жана илим министрлиги бул көйгөй жалгыз Бишкекке эмес, жалпы республикага таандык экенин моюнга алат. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова бул көйгөйдү чечиш үчүн өлкөбүзгө 600дөй жаңы мектеп курулушу керектигин ар дайым  өз сөзүндө белгилеп келет.

Окуучулардын көптүгүнөн билим сапаты өксүүдө

Баш калаада класстардагы окуучулардын нормадан эки эсе көптүгү билим сапатынын кескин төмөндөшүнө алып келүүдө. Ак-Өргөлүк ата-эне борбордогу №70 гимназияда билим алган 6-класстагы баласынын классында 54 окуучу бар экенин айтат. Албетте, мындай көйгөйдүн жаралышында ата-энелердин өздөрү да күнөөлүү. Бишкектин чеке-белиндеги элүүдөй жаңы конуштардын тың чыкма ата-энелери өз балдарын шаардын «элиталык» деп эсептелген мектеп-гимназияларынан окуткусу келишет. Иш жүзүндө да ошондой экени чындык.

— Ошончо көп окуучуга билим берүү үчүн бир мугалимдин күчү да, убактысы да жетпейт. Парталардын алдыңкы катары досканын жанында, акыркысы дубалга такалып турат, — дейт баласын баш калаадагы №13 мектепке берген Нестан Бейшеева.

Кырк жылга чукул билим берүү тармагында эмгектенип келген тажрыйбалуу педагог Шарипа Койлубаева окуучулардын көптүгү билим сапатына терс таасир этерин айтат.

— 45 мүнөттүк сабакта баланы сурап да жетише албайсың. Ким канчалык артта калып жатат, анализ кылганга мугалимдин алы жетпейт. Начар окуган бала менен өзүнчө иштегенге убактысы болбойт. Окуучу аз болсо, баарынан сурап үлгүрөт, кол жазмасы начар болсо, оңдойт. Көп болсо, мунун баарына байкуш мугалим кантип жетишет? – дейт баш калаадагы №85 мектептин социалдык педагогу Шарипа Койлубаева.

Бишкектеги окуучулардын билим сапатына нааразы болгондордун арасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов да бар. Бийлик өкүлү мэриянын 14-февралда болуп өткөн жыйынында алыскы Баткенде бүтүрүүчүлөрдүн 71% ЖРТдан 110 баллдан жогорку көрсөткүчкө жетишип жатса, борбор шаардыкы андан бир аз түзүгүрөөк – 75% экенин айтты.

— Баткен менен борбор шаардын шарттары бирдей эмес. Бишкекте мектептердин шарты жакшыраак. Мугалимдер да, окуу китептери да жетиштүү. Андай болгон соң, көрсөткүч да мыктыраак болууга тийиш, — деп белгилейт биринчи вице-премьер-министр.

Ошол жыйында бийлик өкүлү мунун себебин да түшүндүрүп берди.

— Бишкектеги мектептерде тартип маселеси да жакшы эмес. Бул өз кезегинде билим сапатына таасир этүүдө. Айрым мугалимдердин сабакты калтырганын да билем. Ошон үчүн баламды башка мектепке которууга мажбур болдум, — дейт Кубатбек Боронов.

Билим берүү мекемелери коррупциядан арылбай жатат

Мектептеги окуучулардын нормадан ашыктыгы борбор шаарыбыздын билим берүү тармагындагы дагы бир көйгөйдү – коррупция көйгөйүн жаратууда.  Бишкек республикада бала бакчага жана мектепке электрондук каттоо демилгесин баштаганына карабастан, бул көйгөйдүн тамыры кыркыла элек. Ошон үчүн коомчулук тарабынан  «Бишкек мектептери, бала бакчалар коррупциядан качан арылат?» деген жүйөөлүү суроо коюлуп жатат.

Өткөн жумада шаардагы №5 бала бакчанын ата-энелери нааразылык акциясына чыгышканы белгилүү. Бул ишти тыкыр иликтөөгө алган Биринчи май райондук прокуратурасы аталган бала бакчанын жетекчиси тарабынан 2017-2019-жылдары ата-энелерден түшкөн 396,7 миң сом акча өз керектөөсүнө пайдалангандыгын, бакчада иштеген өзүнүн бир тууган эжесине 156,4 миң сом мыйзамсыз төлөнүп берилгенин ачыктады.

Албетте, шаардагы билим берүүнүн абалын жакшыртуу, солгундап кеткен тартип маселесин туура жолго коюу, дегеле Бишкекти билим берүү  ишинин авангардына айлантуу — жаңы жетекчинин милдети.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер