ЖАТАКАНАДАГЫ «КЕСИПТЕР ЖУМАЛЫГЫ»

  • 19.05.2023
  • 0

Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин жатаканасында «Кесиптер жумалыгынын» алкагында  «Кесибинин мыкты ээси»  аттуу тарбиялык таасири зор иш-чара болуп өттү.

ЖАТАКАНАДАГЫ "КЕСИПТЕР ЖУМАЛЫГЫ"

Кечеге кыргыз элине таанымал атактуу актриса, сахна ханышасы Назира Мамбетова, белгилүү теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын директорунун орун басары Мырзагүл Усеналиева,  информатика илимдеринин кандидаты Муратбек Касымалиев,  жатакана окуучуларынын эң сүйүктүү мугалими Нурмира Төлөбаевна, ОТИ боюнча директордун орун басары, окуучулардын сүйүктүү агайы Жайнак Усенов катышып, окуучулардын суроолоруна жооп беришти.

ЖАТАКАНАДАГЫ "КЕСИПТЕР ЖУМАЛЫГЫ"

Мектеп-лицейдин уюштуруучусу Жайлоо Сабырович окуучуларга кесип тандоо боюнча эң сонун, пайдалуу кеңешин берип, болочок кесипти адам өз мүнөзүнө жараша тандоосу маанилүү экенин белгиледи.

ЖАТАКАНАДАГЫ "КЕСИПТЕР ЖУМАЛЫГЫ"

Иш-чаранын соңунда окуучулар келечектеги тандаган кесиптери боюнча көргөзмө даярдап, өздөрүнүн ошол кесипке багыт алууга кантип аракеттенип жатканын аткарып, көрсөтүп беришти.

ЖАТАКАНАДАГЫ "КЕСИПТЕР ЖУМАЛЫГЫ"

Нуриза БОЛОТБЕКОВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер