“ЖАШ ЖАРАТМАН” КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 29.11.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) 7-18жашка чейин балдардын арасында өткөрүлгөн “Жаш Жаратман” сынагынын жеңүүчүлөрү аныктады.

“ЖАШ ЖАРАТМАН” КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Сынактын негизги максаты – окуучулардын ойлоп табуучулук жөндөмдөрүн колдоо, техникалык чыгармачылык шыгын өнүктүрүү жана интеллектуалдык чөйрөдө жаңы натыйжаларды түзүү.

“Жаш Жаратман” сынагы жыл сайын эки этап менен өткөрүлөт. Биринчи этап аймактык, республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарлары жана областтык билим берүү, балдар жана жаштар чыгармачылык борборлорунда өтөт. Экинчи этап – сынактын финалы.

Сынакка 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышты.

Ар бир номинация боюнча эң көп упай топтогон сынактын катышуучулары жеңүүчүлөр деп табылып, Кыргызпатенттин дипломдору жана белектери менен сыйланышты.

“ЖАШ ЖАРАТМАН” КОНКУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“Эс алууну уюштуруу жана билим берүүнү жакшыртуу үчүн ойлоп табуулар” номинациясы боюнча 15-18 жашка чейинки курак категориясында 1-даражадагы диплом, акылдуу саат менен — Шатемиров Даниель “Okuuchu” – Ысык-Көл областы, Ак-Суу району Теплоключенка айылы, М. Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясы,

2-даражадагы диплом, кулакчын менен — Абдылдаев Айдар, “Ырыс алды – ынтымак” долбоору, графикалык анимация – Нарын областы, Ак-Талаа району, Баетов айылы, балдар билим берүү борбору,

“Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай тармагындагы ойлоп табуулар (технологиялар, буюмдар, приборлор, ыкмалар)” номинациясы боюнча

10-14 жашка чейинки курак категориясында:

1-даражадагы диплом, акылдуу саат менен:  Овсянников Данил “Комбайн + трактор + чиркегич рум” долбоору – Чүй областы, Жайыл району, Кара-Балта шаардык балдар билим берүү борбору.

2-даражадагы диплом, кулакчын менен Ашымбеков Аслан, “Титан, Линкор, Маз-5070, Шахтерлук конвеер” долбоору, Талас областы, Талас райондук балдарга билим берүү борбору.

3-даражадагы диплом, тышкы аккумулятор менен: Масалбеков Нурэл “Көмүр казуучу техника”, Талас областы, Талас райондук балдар билим берүү борбору.

15-18 жашка чейинки курак категориясында:

1-даражадагы диплом, акылдуу саат менен

— Баленко Максим, “Робот-отпугиватель” долбоору – Чүй областы, Аламүдүн району, № 2 автордук орто мектеби.

“Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы ойлоп табуулар” номинациясы боюнча

7-9 жашка чейинки курак категориясында:

1-даражадагы диплом, акылдуу саат менен

— Абдыманапова Тунук, “Экологиялык сагыз алуу жана пайдалануу маданияты” – Бишкек шаары, № 64 мектеп-гимназиясы.

10-14 жашка чейинки курак категориясында:

1-даражадагы диплом, акылдуу саат менен

— Логинов Кирилл, “Күн жылыткыч” долбоору – Чүй областы, Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору.

15-18 жашка чейинки курак категориясында:

1-даражадагы диплом, акылдуу саат менен

— Каледина Анастасия, “Табигый жана жасалма көлмөлөрдүн балансын биологиялык калыбынаа келтирүү жана тор менен тазалоо” долбоору – Бишкек шаары, № 26 мектеп-гимназиясы.

— Асанбекова Сайкал, “Табигый жана жасалма көлмөлөрдүн балансын биологиялык калыбынаа келтирүү жана тор менен тазалоо” долбоору – Бишкек шаары, № 26 мектеп-гимназиясы.

2-даражадагы диплом, кулакчын менен

— Дуйшобекова Алина, “Табигый көрсөткүчтөр – билим берүү жана жашоо ишмердүүлүгү үчүн коопсуз чөйрө” – Бишкек шаары, А. Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы.

— Темиров Айтегин, “Табигый көрсөткүчтөр – билим берүү жана жашоо ишмердүүлүгү үчүн коопсуз чөйрө” – Бишкек шаары, А. Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы.

“Ден соолук үчүн ойлоп табуулар (приборлор, дарылоонун методдору жана ыкмалары” номианциясы боюнча

10-14 жашка чейинки курак категориясында:

2-даражадагы диплом, кулакчын менен

— Ишенбеков Бакдөөлөт, “Универсалдуу автомобиль” – Ысык-Көл областы, Ак-Суу райондук балдарга билим берүү борбору, Теплоключенка айылы.

15-18 жашка чейинки курак категориясында:

2-даражадагы диплом, тышкы аккумулятор менен

— Лозовских Максим, “Жашообуздагы жыпар жыттар” долбоору – Бишкек шаары, А. Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы.

— Уткина Анна, “Жашообуздагы жыпар жыттар” долбоору – Бишкек шаары, А. Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы.

3-даражадагы диплом, тышкы аккумулятор менен

— Эламанов Азиз, “Робо-кол” – Ысык-Көл областы, Ак-Суу райондук балдарга билим берүү борбору, Теплоключенка айылы.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ойлоп табуулар” номинациясы боюнча

15-18 жашка чейинки курак категориясында:

2-даражадагы диплом, кулакчын менен

— Полосин Артем, “Коз карандысыз баатыр” – Чүй областы, Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору.

3-даражадагы диплом, тышкы аккумулятор менен

— Бейшебаев Эмир, “Чат бот” долбоору – Нарын областы, С. Нааматов атындагы НМУнун алдындагы чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжи.

Кызыктыруучу сыйлыктар: диплом, рюкзак менен

— Барпиев Нуркел, “Окуучулардын колу менен туура тамактануу” долбоору – Бишкек шаары, А. Осмонов атындагы № 68 мектеп-гимназиясы. кулакчын менен

— Барпиева Аймүрөк, “Окуучулардын колу менен туура тамактануу” долбоору – Бишкек шаары, А. Осмонов атындагы № 68 мектеп-гимназиясы.

— Бурганов Асхат, “Мини оюндардын сериясы” – Чүй областы, Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору;

— Джумагулов Баястан, “Экологиялык оюн” – Чүй областы, Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору;

— Черевко Елена, “Мугалимдер үчүн сенсордук бижутерия” – Бишкек шаары, № 64 мектеп-гимназиясы;

Омурова Айдана, “Мугалимдер үчүн сенсордук бижутерия” – Бишкек шаары, № 64 мектеп-гимназиясы;

— Сайдалиев Умар, “Авариялык куткаруу иштеринде учкучсуз учуучу аппаратты башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн виртуалдык реалдуулукта автономдук туулганы колдонуу” долбоору – Бишкек шаары, “Эрудит” окуу-билим берүү комплекси;

— Жамакеев Бекжан, “Teen Think Tank” долбоору – Бишкек шаары, А. Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясы;

— Кулназаров Ислам, “Facecontrol” долбоору – Нарын областы, С. Нааматов атындагы НМУнун алдындагы чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжи;

— Исанбеков Илимбек, “Математикалык олимпиадага даярдоо системасын иштеп чыгуу” долбоору – Бишкек шаары, Тоголок Молдо атындагы № 71 мектеп-интернаты;

Токталиев Баястан, “Математикалык олимпиадага даярдоо системасын иштеп чыгуу” долбоору – Бишкек шаары, Тоголок Молдо атындагы № 71 мектеп-интернаты;

— Келгенбаев Бекзат, “Айыл чарба машинасы” долбоору – Бишкек шаары, Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы;

— Дубаев Айбек, “Жер тырмоо” долбоору – Чүй областы, Сокулук району, Манас айылы, “Ат-Башы” орто мектеби;

— Адылгенова Нестан, “Көл Бермети” толкун энергиясы боюнча тазалоо станциясы” долбоору – Ысык-Көл областы, Түп району, Кутургу айылы, К.Усенбеков атындагы орто мектеби;

— Нурадилов Тилек, “Бургулоочу машина” долбоору – Талас областы, Талас району, Көпүрө-Базар айылы, Р. Айдаралиев атындагы орто мектеби;

“Мектеп патенти – келечекке кадам”

Эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү

XIV сезон (2022-2023-ж.)

“Кийим-кече жана бут кийим” багыты боюнча Ⅲ орун – “Балалык” балдар кийимдер коллекциясы долбоору

— автор Аскарбекова Айдай Алымбековна, Кудайбергенова Сезим Ильясовна, 7-класс. Чүй областы, И. Таранчиев атындагы Беш-Күңгөй орто мектеби, жетекчиси Мамбетова Анаркан Жумашовна

Номинация – Режиссердук көз караш

“Мультипликация” багыты боюнча III орун – “Бир кадам…” долбоору

— автор Полосин Артем, 7-класс, Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы клубу, жетекчиси Амиров Михидин Илесович.

 

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”с

Бөлүшүү

Комментарийлер