ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР ИНДИЯДА ӨТҮҮЧҮ КОНКЛАВГА КАТЫША АЛАТ. СЫНАК ШАРТТАРЫ
- 30.06.2020
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти “Шанхай Кызматташтык Уюмунун илимий-технологиялык инновация өнөктөштүгүн түзүү. Жаш окумуштуулардын келечеги” Конклавына катышуу үчүн жогорку окуу жайлардын жана илимий мекемелердин жаш окумуштуулары арасында сынак уюштурат. Жаш окумуштуулардын жана инноваторлордун Биринчи Конклавы 2020-жылдын 14-18-октябрында Хайдарабад шаарында (Индия) өтөт.
Конкурс төмөнкү тематикалык багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- айыл-чарба жана тамак-аш өнөр жайы;
- туруктуу энергетика жана энергия топтому;
- биотехнология жана биоинженерия;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу.
Конкурска 40 жашка чейинки академисттер, окумуштуулар, инженерлер, технологдор, инноваторлор, техно-ишкерлер, стартап-кесипкөйлөр катыша алат. Жаш окумуштуу-катышуучулар тиешелүү сессияда өзүнүн илимий макаласы менен чыга алат, анда илимий-техникалык иштер, жаңы идеялар жана иштелип чыккан прототиптер чагылдырылат.
Катышуучулар эки тарапка жол акысын өздөрү төлөшү керек (Бишкек-Хайдарабад-Бишкек авиабилеттери). Ал эми жатакана, тамак-аш жана шаар ичиндеги транспорттук чыгымдарды Индия тарап каржылайт.
Конкурска катышкан мыкты талапкерлерди тандоо үчүн министрлик комиссия түзөт.
Керектүү документтер:
- Анкета;
- Резюме/талапкердин кыска өмүр таржымалы;
- Талапкердин сүрөтү (сүрөт 250х300 пикселден жогору болушу керек).
Катышуу боюнча арыздар 2020-жылдын 22-июнунан 4-августуна чейин кабыл алынат.
Кошумча маалыматтарды КР ББжИМ алдындагы Илим департаментинен алсаңыздар болот. Тел: (312) 392003.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Комментарийлер