“ЖАШ ДИЗАЙНЕР-2025” ЭЛ АРАЛЫК МОДА СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 26.05.2025
  • 0

ОшТУда жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын демилгеси менен Эл аралык “Жаш дизайнер-2025” аталышындагы мода сынагы өткөрүлдү.

Сынакка ОшТУнун ЖӨЖТ кафедрасынан 1-5-курстун студенттери, • И.Раззаков атындагы КМТУнун колледж студенттери, Өзбекстандын Наманган жана Фергана мамлекеттик техникалык университеттеринин студенттери, Ош облусунун мектеп окуучулары активдүү катышты.

Сынак этно микс, шаардык стиль жана авангард аталышындагы үч негизги номинацияда өттү. Ага жалпысынан 24 коллекция сунушталып, студенттердин чыгармачыл фантазиясы жана кесипкөйлүгү жогору бааланды. Ошондой эле, 1-корпустун фойесинде студенттердин кол өнөрчүлүк иштеринин көргөзмөсү уюштурулду.

Сынактын жыйынтыгында Гран-При “Санжыра” коллекциясынын автору, ИКТ-21 Нургазы кызы Айтунукка ыйгарылды. Этно микс номинациясында “Мурас” коллекциясы үчүн биринчи орунду КМТУнун студенти Аделина Алмазбекова ээлесе, шаардык стиль боюнча биринчи орунду ТШИ-22 студенти Нурпери Раимкулова “Жемчужное сияние” композициясы үчүн алды. Ал эми Авангард номинациясында жеңишке КМТУнун студенти Айдана Мирбекова “Цветное возрождение” композициясы менен жетишти.

Иш-чаранын демөөрчүлөрүнүн бири “Муслим консепт” компаниясы Ташкентке 2 путевка жана 10 баалуу белек ыйгарды. Дагы бир демөөрчүсү “Роза” компаниясы – 7 миң сом берип колдосо, ОшТУнун окуу жана практика бөлүмү менен “Белая река” жеке ишканасы – 10 баалуу белектен тапшырды. ЖӨЖТ кафедрасынын эмгек жамааты да четте калбай 15 миң сом берди.

Бул иш-чара жаш дизайнерлерге шыктандыруу берип, чыгармачылыкты жана этностилди заманбап мода менен айкалыштыруу мүмкүн экендигин көрсөттү.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер