ЖАРКЫН ЭЛЕСИ, БИЛИМГӨЙ ЭМГЕГИ УНУТУЛБАЙТ

  • 09.06.2020
  • 0

ЖАРКЫН ЭЛЕСИ, БИЛИМГӨЙ ЭМГЕГИ УНУТУЛБАЙТНарын шаарындагы атактуу Чкалов атындагы мектеп-гимназиянын директору Самакова Айчүрөк эженин күтүүсүз дүйнөдөн кайтышы бүтүндөй билим берүү тармагы үчүн оор жоготуу болуп калды.

Жалпы журт кадырлап сыйлаган агартуу ишмеринин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын уул-кыздарына,  жакын туугандарына, Чкалов атындагы мектептин мугалимдер жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгы-муңун тең  бөлүшөбүз.

Айчүрөк Самакова өзү окуп кеткен Чкалов атындагы мектепке 1986-жылы кайтып баргандан кийинки эмгек жолу ушул жерде өттү, класстан сырткары иштерди уюштуруучу, биология сабагынын мугалими, тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп, өзүн такшалган уюштуруучу, кесипкөй педагог катары көрсөтө алды.

1997-жылы  мектеп-гимназиянын директору болуп дайындалып, өмүрүнүн акырына чейин тынбай үзүрлүү эмгектенди. Бүтүн республикага аты чыккан мектепти гимназия кылып кайра түзүп, окуу-тарбиянын жогорку деңгээлин түшүрбөй жетектеп келди.

Мектеп-гимназия 2007-жылы  «Даӊк» медалы менен сыйланып, 2010-жылы «Шаардын эӊ мыкты мектеби» аталды. Бул жетишкендиктерде Айчүрөк Самакованын салымы чоң экени калетсиз. Мамлекеттин билим казынасын байытууга жана өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы мамлекет тарабынан жогору бааланып, Айчүрөк Самаковага “Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамы ыйгарылган.

Айчүрөк Самакованын жаркын элеси, анын педагогикалык эмгектери жана ѳрнѳктүү жетекчилик ишмердиги замандаштары менен кесиптештеринин эсинен чыкпай, жүрөктө сакталат.

Ч.Тиленбаев, К. А. Чекиров

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер