ЖАРАТЫЛЫШКА ЖАКЫНДАТКАН ИЙРИМ

  • 30.01.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим минстрлигинин Республикалык экология,  жерин таануу  жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан Бишкек шаарындагы Свердлов районуна караштуу №94 жалпы орто билим берүү мектебинде 2023-жылдын сентябрь айында Туристтикймак таануучу «Жаш этнографтар» ийрими жана EKOschool ийримдери ишке кирген.

ЖАРАТЫЛЫШКА ЖАКЫНДАТКАН ИЙРИМ

Республикалык экология,  жерин таануу  жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан республика боюнча бардык мектептерде ийримдер ачылган. Ал республикадагы мектеп экологиясы, жерин таануу, музейтаануу, манастаануу, балдар туризми менен алектенген бирден бир окутуу-усулдук жана уюштуруучу борбор болуп эсептелет

№94 жалпы орто билим берүү мектебинин Туристтик-аймак таануучу «Жаш этнографтар» ийриминин жетекчиси — №94 жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими Курманбек Хайдаров. Анын айтымында, ийриминин негизги максаты — мектеп окуучуларынын Ата-Мекен тарыхын билүүгө, мекенчилдикке үндөп, жашап жаткан аймагын таанууга, жаратылышты коргоого үйрөтүү жана тарбиялоо. Себеби адам өзүнүн туулган жерин, жашаган аймагын, мекенин таанып-билгенде гана мекенине болгон сүйүүсү ойгонот.

ЖАРАТЫЛЫШКА ЖАКЫНДАТКАН ИЙРИМ

Ийримдин окуу планы теориялык жана практикалык болуп түзүлгөн. Кыргызстандагы тарыхый жерлерге саякаттап, окуучулар теориялык жактан алган билимдерин практика жүзүндө бышыктайт. Мисалы, ийрим ачылган убакыттан бери Бурана мемориалдык-комплексине, Гавайи эс алуу борборуна, Супара этно-комплексине, Ата-бейит мемориалдык комплексине, А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук жана К. Баялинов атындагы жаштар китепканасына саякатка барышты. Мындай жандуу сабактар окуучуларга шык берип, маалыматтын жугумдуулугу артат. Улам ар кандай жерлерге баруу балдар үчүн да кызыктуу. Атүгүл, экскурсиялар өлкөбүздүн ички туризмин өнүктүрүүгө да салым кошот. Көрүп эле тим болбостон, окуучулар экскурциядан алган таасирлерин, болуп өткөн кызыктуу окуялар тууралуу эссе жазып, көргөн-билгендерин дагы да жазуу жүзүндө бышыкташат. Бул багытта атайын эссе жазуу сынагы да өткөрүлүп турат. Бул окуучулардын канчалык деңгээлде сабакты өздөштүрүп жаткандыгын, ийримге болгон кызыгуусун аныктайт.

ЖАРАТЫЛЫШКА ЖАКЫНДАТКАН ИЙРИМ

Курманбек Хайдаровдун айтымында, окуучуларды саякатка алып чыгуу чоң жоопкерчиликти талап кылат. Балдардын коопсуздугу биринчи орунда турат. Экскурсияга чыгарда өз алдынча чогулуп эле кетип калбайт. Адегенде, окуучулар менен биргеликте бара турчу жердин маршруттук жолу түзүлөт. Экскурсияга чыгарда ар бир окуучунун өз милдеттери болот. Мисалы, ийримдин топ башчысы менен жардамчысы ийримдеги окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Дагы бир окуучу мобилографтын ишин аткарып, сүрөт, видеого тартат. Тамак ашты көзөмөлдөгөнгө дагы окуучулардын тобу бар. Эскурсиядагы милдеттерди бөлүштүрүп, пландап алгандан кийин гана мектеп директорунун уруксаты менен чыгат.

  • Азыркы учурда экология жер планетасынын актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири. Жаратылышты коргоо ар бир инсандын милдети. Ийримде окуучуларга экология, жашыл көндүмдөр тууралуу да сабактар өтүлөт. Ийрим окуучуларына жаратылышты коргоо, өзү жашап жаткан аймактын жараталышын сактоо, таштандыларды атайын орнотулган урналарга таштоо керектиги тууралуу сабактар өтүлөт. 7-8 ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата №94 мектебинин «Жаш этнографтар» жана «ekochool» ийримдеринин окуучулары Ата-Бейит мемориалдык-комплексине саякатка барышты. Окуучулар өз элинин эркиндиги үчүн курман болгон инсандарды эскерип, куран багыштап, Ата-Бейит мемориалдык-комплекси менен таанышышты. Дал ошол учурда Ата-Бейитте «Тазалык» кызматкерлери эмгектенип жаткан экен. Окуучулар карап турбай, аларга тазалык жумуштарына жардам беришти. Адатта адамдар коомдук жайларга, эс алууга барганда тазалыкка анчейин көңүл бурушпайт. Ийрим окуучулары экскурсияга чыкканда тазалыкка өзгөчө көңүл бурат. Анткени жаратылышты коргоо, келечек муундарга өткөрүп берүү ар бирибиздин милдетибиз деп билет,  — дейт ийрим жетекчиси.

ЖАРАТЫЛЫШКА ЖАКЫНДАТКАН ИЙРИМ

Мындан сырткары, ийримдеги окуучулардын да, ата-энелердин вотсап группасы бар. Ата-энелер менен дайыма тыгыз байланышта, сүрөт, видео, окуучулардын жетишкендиктери менен байма-бай бөлүшүп турат. Алар балдарынын экскурсияга чыгуусуна макулдугун кат жүзүндө жазып беришет. Эгерде ата-энелердин макулдугу болбосо, экскурсияга чыга албайт.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим минстрлигинин Республикалык экология,  жерин таануу  жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан «Туулган жерим Time» долбоорунун алкагында уюштурулган онлайн викторина сынагында ийримдин окуучусу Индира Жунусмаматова II  орунду ээлеп, сертификат жана кызыктуу белек менен сыйланган. Мындан сырткары, ийримдин окуучулары Бишкек шаарындагы мектептер арасында өткөрүлүп жаткан акыл таймаштарга, интелектуалдык оюндарга, маданий иш-чараларга активдүү катышууда.

ЖАРАТЫЛЫШКА ЖАКЫНДАТКАН ИЙРИМ

Ошондой эле борбор тарабынан ийримдердин сапаттын арттыруу үчүн мугалимдерге онлайн жана офлайн форматтагы семинарлар өткөрүлүп турат. Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары арасында «Зирек бала жана Зирек кыз» атуу сармерден уюштурулуп, 120 окуучусу катышкан. Жеңүүчү болгон эки командага боз үй белекке берилди. Мындан сырткары, борбордун кызматкерлери Бишкек шаарындагы мектептерди кыдырып, окуучуларга боз үй тигүү боюнча масстер-класстарды,  туризм, экология, улуттук оюндар, спорттук иш-чаралар жумалыгы өткөрүп келе жатат. Борбор март айында мектеп окуучулары арасында көчмөндөр оюнун өткөрүүнү пландоодо.

АЙГЕРИМ ТОКТОБАЕВА, «КУТ БИЛИМ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер