ЖАРАТЫЛЫШ — БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛООДОГУ НЕГИЗГИ ФАКТОР
- 04.05.2020
- 0
Ош облустук балдардын чыгармачылык борбору азыркы дүйнөнүн үшүн алып жаткан пандемияга карабастан дистанттык аралык байланышта бир топ алгылыктуу жумуштарды аткарып жатат. Борбор беш багыт боюнча иш алып барат. Бешинчи багыт бул — туризм жана экология багыты.
Туризм жана экология
«Жаратылыш — бул балдарды тарбиялоодо негизги фактор» деп айткан улуу педагог К.Д.Ушинский. Ооба анын актуалдуулугу бүгүнкү күндө да жоголгон жок. Адам баласынын тарыхы жаратылыштын тарыхы менен үзгүлтүксүз байланыштуу. Биздин тийгизген таасирлерибизден экологиялык чоң көйгөйлөр пайда боло баштады. Эгер жаратылышка мыкаачылык мамиле жасай берсек, анда өзүбүз жок болобуз. Ошол үчүн экологиялык билим, маданият, тарбия берүү азыркы учурдун негизи. Өзү туулуп өскөн жерин сүйүүгө, тилин, жаратылышын, тарыхын билүүгө, сергек жашоо образына үйрөтүү, жаратылыш менен таттуу мамиледе болууга, аны коргоого, сактоого тарбиялоо туризм жана экология бөлүмүнүн негизги милдеттеринин бири. Ал милдеттерди ишке ашырууда биздин бөлүмдө экология, туризм, аймак таануу боюнча ийримдер уюштурулган жана анда чыгармачыл, тажрыйбалуу мугалимдер эмгектенишет.
Бөлүм республикалык балдардын жана өспүрүмдөрдүн туризм, край таануу жана экология борбору жана башка республикалык борборлор, жогорку жана орто окуу жайлар, музейлер менен тыгыз иш алып барат.
Дистанттык окутуу
Азыркы өлкөдөгү кырдаал жаңыча технологиялар менен иштөөнү талап кылып жатат. Экология, туризм, аймак таануу боюнча ийрим мугалимдери да изденүүчүлүк сапатты калыптоо менен балдарга аралыктан ийрим сабактарын өтүшүүдө. Учурда республикалык балдардын жана өспүрүмдөрдүн туризм, край таануу жана экология борбору тарабынан уюштурулган Улуу Ата мекендик Жеңиштин 75 жылдыгына арналган «Биздин элесибизде бүгүн жана түбөлүккө сакталат» аттуу видеороликтердин сынагына Ош облусуна караштуу райшаардык балдар чыгармачылык борборлорунун ийрим окуучулары тарабынан жобонун негизинде тапшырмалар аткарылып, видеороликтер даярдалып жатат. Атай кетсек, Ноокат, Кара-Суу, Араван райондук балдардын чыгармачылык борборлору тарабынан даярдалган видеороликтер РДЮЦЭТКЕ жөнөтүлсө, калган райондордо жөнөтүүгө даярдалууда.
Мектеп музейлери
Өзгөн районуна караштуу Т.Асранов а.о.м. А.Көчкөнбаев атындагы тарыхый этнографиялык мектеп музейи
Кара-Кулжа районунун Б.Исаев атындагы орто мектебинде уюштурулган тарыхый этнографиялык мектепмузейи
Бөлүм облустук мектеп музейлери менен тыгыз иш алып барат. Облус боюнча мектептерде 66 мектеп музейлери бар. Музей – бул билимди, маданиятты чагылдырып турган өлкө таануу жана идеялык тарбиялоо борбору. Ал окуучулардын өз алдынча активдүү изденүүчү жана жер таануу иштеринин натыйжасы болгондуктан мектеп музейлери боюнча бөлүм тарабынан ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган облустук «Мыкты мектеп музейи», «Мыкты бурч» кароо—сынагына бекитилген жобонун негизинде 1-райондук этабы 2020-жылдын февраль айында өткөрүлүп, анда райондук этапта жеңүүчү деп табылган Араван районундагы Маткасымова атындагы тарыхый жерин таануу мектеп музейи, Алай районундагы тарыхый-изилдөө музейи, Ноокат районундагы «Кашкалдак» о.м.тарыхый этнографиялык мемориалдык музейи, Кара-Кулжа районундагы Б.Исаев а.о.м. тарыхый этнографиялык мектеп-музейи, Кара-Суу районундагы Б.Абдырахманова а.о.м.тарыхый этнографиялык, Өзгөн шаарындагы Ч.Айтматов а.о.м. тарыхый край таануу, Чоң-Алай районундагы А.Саит а.о.м.тарыхый край таануу, Өзгөн районундагы Т.Асранов а.о.м. А.Көчкөнбаев атындагы тарыхый этнографиялык мектеп музейлери 18-май Эл аралык музейлер күнүнө карата жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Демек тарбия иши тынымсыз жана үзгүлтүксүз көп кырдуу процесс. Ал көп эмгектенүүнү талап кылат. Келечек муундардын экологиялык билимдерин, аң-сезимдерин кеңейтүү, айлана-чөйрөнү коргоого жана таза сактоого, аяр мамиле кылууга тарбиялоо биздин бөлүмдүн негизи каражаты.
О.Сулайманова, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун туризм жана экология бөлүмүнүн усулчусу
Комментарийлер